Интернет аркылуу жылдызы жанган казакстандык МС Сайлаубек түшүнбөгөн тилде рэп айтып өз мекенинде гана эмес, Кыргызстан, Орусияга да тааныла баштады. Эми ал жөнөкөй тургундан МС Сайлаубек деген жылдызга айланды.
Туулган жылы – 1975-жыл, 15-июнь
Туулган жери – Казакстан, Атырау шаары
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Билими – Атыраудагы Агрардык-техникалык окуу жайды бүтүргөн
Кумири – Шакур Тупак, Доктор Албан, Эйкон
– Сайлаубек, саламатсызбы? Кыргызстанга куш келипсиз! Сиз казакстандык болсоӊуз да чыгармачылыгыӊыздын тушоосу Кыргызстанда кесилген экен...
– Саламатчылык, рахмат! Ооба, мен продюсерлерим менен келишим түзүп иштеп баштаганда Бишкекке келип биринчи жолу түз эфирде маек бергем. Аны менен катар клубдардын биринде чыгармачылыгымды тартуулап, тушоом кесилген. Бизде кыргыз-казак бир тууган дешет, ошондуктан кыргыздар мага жакын калк.
– Интернетке тарап кеткен видеого сизди ким тарткан эле? Ал жерде көзүӊүз да көгөрүп жүрөт...
– Ошондо мени балдар сабап кетишип көзүм көгөргөн эле. Эми андай күндөр артта калды. Ырдап жатканымды кайсы адам видеого тартып интернетке жүктөгөнүн билбейм.
Бирок жашоомду өзгөртүп атактуу болгонго жардам берген ошол адамдарга ыраазымын.
– Туугандарыӊыз сизди видеого тартып интернетке жүктөгөн адамдарга нааразы болушкан экен. Себеби эмнеде?
– Ооба, туугандарым башында каршы болушкан. Анткени мени видеого тарткан адамдар шылдыӊдап жатат деп ойлошуптур. Эми чыгармачылыкка олуттуу киришкенден бери түшүнүү менен кабыл алып, колдоп турушат.
– Былтыр Орусиянын «Пусть говорят» программасына да барып келдиӊиз. Алар кандай кабыл алышты?
– Андрей Малаховдун чакыруусу менен автордук программасына барганбыз. Биз катышкан берүүдө интернет аркылуу жылдызы жанган адамдар чогулуптур, баары бизди жакшы кабыл алышты.
– Түшүнүксүз тилде рэп айтууӊуздун себеби эмнеде?
– Бала кезде рэп ырларын көп укчумун. Чет тилин билбегендиктен өзүмө айтканга оӊой кылып ыӊгайлаштырып ырдай берип мына ушундай деӊгээлге жеттим. Менде рэп айтууга мүмкүнчүлүк берген тембр бар. Эч кимге окшошкум келбейт, андыктан түшүнүксүз тилде ырдаганым – бул менин фишкам. Өзгөчө стилде рэп айтуу менен элдердин маанайын көтөрүп, позитив тартуулагым келет.
– Атактуулук жагып жатабы?
– Албетте, жагып жатат. Анткени элдин көӊүл чордонунда болгонду жактырам. Мени менен сүрөткө түшкүсү келген күйөрмандарым көп, алардын баары менен зерикпей сүрөткө түшө берем.
– Продюсер менен иштеген кыйла жеӊил болсо керек?
– Продюсерлерим Аслан менен Бакытжан мени жакшы багытка бурушту. Жакшы-жаман нерселерди ылгап биле баштадым. Шоу чөйрөгө аралашып көп ырчылар менен тааныштым. Негизи МС Сайлаубек өзүнчө бир долбоор. Бизди сынга алып, качан бул долбоор аягына чыгат деп күткөндөр да бар. Буюрса, кандай кыйынчылыктарды
басып өткөнүм тууралуу көркөм тасма тартылганы жатат.
– Данияр Эрматовдун концертине кимдин чакыруусу менен келдиӊиз?
– Данияр концертине конок катары өзү чакырган. Ошондуктан сунушун четке какпай келдик. Концертте жаштар басымдуу болгондуктан мени колдоп, жакшы кабыл алышты. Ыраазы болдум.
– Жеке жашооӊуз тууралуу билгим келип жатат...
– Мен жеке жашоомду коомчулукка жарыя кылганды жактыра бербейм. Учурда бойдокмун. Бирок быйыл бул статус менен коштошуп, сүйлөшкөн кызыма үйлөнөм. Негизи 11 бир тууган болчубуз, азыр тогузу калды. Иштеп тапкан каражатымды апама, туугандарыма берем. Бир туугандарымдын баары илимдин кандидаттары, мугалимдер. Мен болсо техникалык окуу жайды бүтүргөнүм менен, чыгармачылыкка, эне тилге, адабиятка кызыкчумун. Көркөм окуу боюнча бир катар сынактардын жеӊүүчүсү болгом.
– Маегиӊизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg