БАЛБАНДАРЫБЫЗ БАНГКОКТУ БАГЫНДЫРДЫ

17-21-февраль күндөрү Таиланддын борбору Бангкок шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу болуп өтүп, мелдештен балбандарыбыз ийгиликтүү кайтышты. Жалпысынан 10 медалга ээ болушкан балбандарыбыздын быйылкы жылдагы негизги максаты – Олимпиадага лицензия алуу.

ГРЕК-РИМ КҮРӨШҮ
Аталган мелдеш биздин балбандар үчүн «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасы алдында даярдануу, негизги курамды аныктоо болду. Канат Бегалиев баштаган грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын 7 балбаны күч сынашып, анын бешөөсү медалга татыды.

59 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИНКИ
Улуттук курамдын бул салмагында Арсен Эралиев лидер болуп келет. Ал өткөн жылы Лас-Вегаста Олимпиадага жолдомо алган, ошондуктан анын ордуна кезинде студенттер арасында чемпион аталган Калыбек Жолчубеков катышты. Мыкты даярдыгын көрсөтө алган балбаныбыз үч беттешти утуп, финалда ирандык Морад Абдоули менен кез келди. Ирандык атаандашы алгач 4 упай менен алдыга чыкканы менен, Каныбек ийгиликтүү чабуул жасап 9 упайга ээ болду. Жеӊиш! Калыбек Жолчубеков Азия чемпиону!


85 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИНКИ
Улуттук курамдын тажрыйбалуу балбандарынын бири Жанарбек Кенжеев да бул биринчиликте ийгилик жарата алды. Ал өз салмагында 3 беттеш өткөрүп, бардыгында жеӊишке жетишти. Финалдык беттешинде өзбек балбаны менен кез келип, өжөрлүгүнө салып алтын медалга жетти. Кыл чайнашкан беттеште 3:2 упайы катталып, Жанарбек өз карьерасында экинчи жолу Азия мыктысы аталды.

Ошондой эле...
Оор салмактагы балбан Мурат Рамонов финалда ирандык Амир Газемиге уттуруп, күмүш медалга татыды. Ал эми Үзүр Жусупбеков (98 кг) менен Руслан Царев (71 кг) коло байгени багындырышты. Жыйынтыгында 5 медалга татыган грек-рим курамасы командалык эсепте 3-орунга илинди.

КЫЗ-КЕЛИНДЕР КҮРӨШҮ
Мелдештин экинчи күнүндө килем үстүнө кыз-келиндер чыкты. Биздин курамдан 58 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова, Розалия Тилегенова (53 кг) жана Бермет Нурланбек кызы (55 кг) катышты. Айсулуу Тыныбекова:»Бардык кармаштар оор өттү. Мурун алган жаракат толугу менен айыга элек. Корей, индус жана монгол спортчуларын бир упай артыкчылыгында жеӊип, чечүүчү кармашта казак балбанын ута алдым. Кыздар арасында Кыргызстандын тарыхында алгачкы Азия чемпиону болгонума сыймыктанып турган чагым»,- деп сүйүнүчү менен бөлүштү. Ал эми Розалия 1/8 финалда утулуп калса, Бермет өз категориясында 5-орунга илинди.


ЭРКИН КҮРӨШ
Акыркы жылдары оӊдуу жыйынтык көрсөтө албай келе жаткан эркин күрөш боюнча улуттук курама бул Азия чемпиондугунда жылыштар бар экенин көрсөттү. Руслан Маджинов жетектеген 7 балбандын ичинен төртөө 1 күмүш, 3 коло медаль тагынышты.

57 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИНКИ
Балбан Улукбек Жолдошбеков жарым финалда түндүк кореялык атаандашына утулуп, коло байге үчүн күрөшүүгө укук алды. Анда түштүк кореялык балбандан өчүн алып, 3-орунду багынтты. Айта кетчү жагдай, Улукбектин күрөшүү стили уюштуруучулар тарабынан өзгөчө саналып, «Күндүн күрөшү» наамына да татыды.

97 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИНКИ
Бул салмак категориясында Азиянын мыктыларына кирген балбаныбыз Магомед Мусаев финалдык беттеште утулуп калып, күмүш медаль алды. Ирандык Реза Мохаммад чечүүчү беттештин соӊунда чабуул жасап, таза жеӊишке жете алды.


Ошондой эле...
Учурдагы Азия чемпиону Айаал Лазарев (125 кг) мында коло байгеге гана татыды. Жарым финалда утулуп калган Айаал 3-орун үчүн беттеште кытай спортчусунан мыкты боло алды. Дагы бир балбаныбыз Саякбай Усупов (74 кг) чейрек финалда утулуп калса да, коло медаль үчүн күрөшүүгө укук алган. Анда кезеги менен япон жана монгол балбанын жеӊип, байгелүү орунду камсыздады. Кыргызстан командалык эсепте 1 күмүш, 3 коло медаль менен 5-орунга илинди.

«БАРДЫК БАЛБАНДАРДАН ЛИЦЕНЗИЯ ҮМҮТ ЭТЕБИЗ»
«Улуттук курамдын Азияда ийгилик жаратышы федерация, машыктыруучулар жана спортчулардан турган жалпы командалык иштин үзүрү»,- деп билдирет Канат Бегалиев. «Азия биринчилиги быйылкы жылдагы ири мелдештердин бири. Башталышы начар эмес. Буга жыйынтыктар күбө. Курамдын тажрыйбалуу да, жаӊыдан ири мелдешке катышып жаткан балбандары да медалдарга жетип жатканы биз туура жолдо бара жаткандыгыбыздан кабар берет. Мисалы, Үзүр Жусупбеков болгону 19 жашта. Мындай балбандарыбыз келечекте бул көрсөткүчтөрдү жогорулата алат деп ишенем».
«Таиланддагы мелдеш аба ырайына көнүү сыноосун жаратты. Бул мелдешке катышкан курамга жаш балбандар Улукбек Жолдошбеков, Саякбай Усупов чакырылып, татыктуу жыйынтык көргөзүштү. Эми Олимпиадага жолдомо алуу үчүн марттын ортосунда Астанадагы мелдешке даярдык көрөбүз. Улуттук курамга жөндөн-жөн эч ким чакырылбайт, андыктан бардыгына ишеним артып, алардан лицензия күтөбүз»,- деп жыйынтыктайт эркин күрөш боюнча улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов.

Спорт жаӊылыгы
Футзал
КЫРГЫЗСТАН 6-ОРУНДА
Өзбекстанда болуп өткөн Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы 6-орунда калып, Дүйнө чемпиондугуна бир кадам жетпей калды.
Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын президенти Канат Маматов: «Футзалчыларыбыз Ташкентте учурдагы Азия чемпиону Японияны утуп, кандай атаандаш болсо да ойной аларын көрсөтүштү. Эгерде 5-орунга илинсе, Колумбияда өтчү Дүйнө Чемпиондугуна катышмак. Тилекке каршы, чечүүчү беттеште Австралияга 3:1 эсебинде утулуп калдык. Кандай болгон күндө да Андрей Полховский баштаган улуттук курамдын татыктуу оюну бизди кубандырды. Бардык өлкөлөрдүн деӊгээли өсүп жатканы байкалды. Катышкан өлкөлөрдүн арасынан бизде гана эл аралык стандартка жооп берген залыбыз жок экен. Салыштырсак, Тажикстанда мындай залдан үчөө бар»,- деп өз оюу менен бөлүшөт.
Ал эми финалда Иран үй ээлерин 2:1 эсебинде жеӊип, 11-ирет Азия чемпиону аталышты.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
a.m.akmoldoev
2016-02-29 12:00:46
Кыргызстан Алга
+3
zhusaliev89
2016-02-29 12:12:46
Супер инфо Бишкекте болуп откон эрежесиз уруш жонундо жазбадыныздарго
0
admin_superstan
2016-02-29 15:45:54
zhusaliev89,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз.
http://www.super.kg/kabar/news/139963/
0
MuslimNur95
2016-02-29 14:58:26
Urmattuu super.kg Myktybek Mamasalievden intervyu alunuzdarchu .
0
admin_superstan
2016-02-29 15:46:14
MuslimNur95,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
tengara
2016-02-29 20:21:41
Азаматсынар балбандар!!!
Ийгилигинер эгиз болсун.
Айсулуу азамат кыз! Ак жол
+1
realliver
2016-02-29 20:28:06
Арсен Эралиев 59 эмес 55 кг да курошко тушсо керек. Калыбек да 55 те курошчу, вес кошуп салмагын озгорткон турбайбы
0
Shat.88
2016-02-29 22:22:08
Азаматтар.жакшы жанылык окуп алып кудундап суйунуп алдым озумчо,
0
audi80
2016-03-01 15:57:19
Ийгилик спортчуларыбызга
0
Gulzat86
2016-03-01 16:47:02
Калквм учун суйундум.
0
ss90
2016-03-01 19:06:42
сооонун жанылык экен
0
azamat.95
2016-03-07 00:04:53
Буйруса дагы кобун багынтат...
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан