ИТ ЖЫЛЫНДА КЫРГЫЗСТАНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛУП ӨТТҮ?

  • 7-январь. Далай ирет кыргыздын намысын бөтөн жерде, бөтөн элде татыктуу коргоп жүргөн балбаныбыз Раатбек Санатбаевди кара мүртөз адамдар атып кетишти. Аны аткандар ушул күнгө чейин табыла элек.
  • 11-январь. Белгилүү публицист, адабиятчы, сынчы Салижан Жигитов 70 жаш курагында узакка созулган катуу оорудан кийин жарык дүйнө менен кош айтышты.
  • 17-январь. УККнын уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү башкармалыгынын начальниги Алдаяр Исманкулов милиция кызматкерлеринин торуна түштү.
  • 13-февраль. Президентке катуу сүйлөп алганы үчүн Өмүрбек Текебаев парламент спикерлигинен өз каалосу менен арыз жазып бошоду.
  • 14-февраль. Бизге белгисиз, башкаларга белгилүү адамдар 60 кызды жасалма паспорттор менен Ош аэропортунан сойку катары Араб Эмираттарына учуруп жаткан жеринен Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кылтагына илинди. Кийинчерээк кыздардын 59у Өзбекстандын жарандары экендиги белгилүү болду.
  • 1-март. Белгилүү кримавторитет Рыспек Акматбаевдин оң колу болуп жүргөн нарындык Адис Кулманбетовду Дордой-Плазадан чыгып, өзүнүн “Мерседес-500” машинасына отурганда атып кетишти.
  • 2-март. Мурдагы каржы министри, депутат Марат Султанов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп калды.
  • 9-апрель. Атаандаштарын артка калтырып, Рыспек Акматбаев Балыкчы шайлоо округунан 79% добуш менен утуп чыкты.
  • 10-май. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев, мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов кызматынан кетсе, айтылуу Р.Акматбаевди Көкжар айылындагы мечиттен чыгып келе жаткан жеринен атып кетишти.
  • 12-май. Баткен чегарасында күзөттө турган аскерлерибизге бир канча адам кол салып, жыйынтыгында кыргыздын жети уулу алардын огуна учту.
  • 23-май. Кичине балдардан бери тааныган «супер саяк» Нурлан Мотуевди миллиондогон акчаларды жеп койгон деген айып менен кызыл шапкечендер кармап, камакка алышты.
  • 27-май. Парламент депутаты Кадыржан Батыров башында турган өзбек жамааты Жалалабатта “өзбек тилине мамлекеттик статус, өзбектерге бийлик башынан көбүрөөк кызмат бергиле” деген талап менен нааразылык акциясына чыгышты.
  • 5-сентябрь. АКШ куралдуу күчтөрүнүн майору Жил Мецгер күйөөсү Америкада болгонунан пайдаланып 3 күнгө жоголуп кетти.
  • 7-сентябрь. Оппозициялык маанайдагы депутат Ө.Текебаевдин жүгүнөн матрёшка куурчагына салынган героин чыгып, Польшадан камакка алынды.
  • 2-9-ноябрь. “Реформалар үчүн” кыймылы Бишкектин борбордук аянтында миңдеген адамдарды чогултуп, митинг өткөрдү.
  • 7-ноябрь. Оппозиция менен бийликти колдогон адамдар Парламенттин алдында кагылышып кетти.
  • 9-ноябрь. Жаңы Конституция кабыл алынды. Ага ылайык, президентке караганда парламентте бийлик көбүрөөк болуп калды.
  • 11-ноябрь. Депутат Иса Өмүркуловдун үйүнө белгисиз адамдар түнкү саат 3төр чамасында гранаталарды ыргытып кетти.
  • 15-ноябрь. Бишкектин жашоочуларын дүрбөлөңгө салып, 6 адамдын өмүрүн алган “маньяк” колго түштү.
  • 6-декабрь. Жаштар Кыргызстандын өкмөтүн ХИПИК программасына кирбөөгө чакырып, парламент алдында митинг өткөрүштү. Ушул эле күнү Ганси авиабазасындагы АКШнын жоокери Кыргызстандын жаранын атып салды.
  • 20-декабрь. «Жаңы Конституция менен иштейли» деп Феликс Кулов башында турган өкмөт мүчөлөрү толугу менен отставкага кетти.
  • 26-декабрь. Түнкү саат 2лер чамасында Кыргызстандын айрым аймактарында жер титиреди. Жер титирөөнүн очогу Нарын областындагы Кочкор кыштагынан 30 чакырым алыстагы Тескей Алатоо тоо кыркаларында болуп, 7 баллга жетти. Кочкордо көптөгөн үйлөр жабыр тартты. Жер титирөөнүн күчү Бишкекте 5 балл болгону катталган.
  • 30-декабрь. Депутаттар өлкөдө түзүлгөн курч кырдаалдан улам кайрадан жаңы Конституция кабыл алышты. Эми кайрадан парламентке караганда президентте бийлик көбүрөөк болуп калды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 218, 5-11-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан