ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ. САХНАГА БАЙЛАНГАН ТАГДЫР (фотороман)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кыз-жигит болуп сүйлөшүп, жүрөктөрүбүз бири-бирине жакындагандан кийин бир бүлө болууну чечтик. Элден бата алып той өткөрдүк. Ошентип менин чакан мамлекетим түптөлдү, бир сулуунун тиреги болдум.

– Байкелеримдин «жубайыӊдын тамагы, чайы таттуу болот» дегенин уксам да маани берчү эмесмин. Мединанын колунан чай ичкенде агаларымдын кебине ынандым. Үйлөнгөндөн кийин деле күйөрман кыздар тынчымды алып жүрүштү. Андайда апам Мединага билгизбей ал кыздарды жайына койчу.

– Үй-бүлөнүн да, чыгармачылыктын да арабасын бирдей тартууга белсенип, жаӊы обондорду жаратып, тасмага да тартылып өзүмдү өстүрүүгө далалат кылдым. Мээнетимдин акыбети кайтып «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алдым.

– Убакыт октой учуп балалуу болдук. Ошондогу кубанычтуу күндөрдү сөз менен жеткире албайм. Ал учурдагы сүйүнүч, уулумду колума алган сайын көкүрөгүмдө туйлап турат.

– Өнөр көрөӊгөсүнө эгедер экенимди чыт курсак кезимден туйдум. Эл адамы болууга аракеттенип, чыгармачыл адамдар менен эрте аралаштым. «Акыл жугушат, бакыт коошот» демекчи, жакшы кишилердин акылын уктум, тарбиясын алдым. Элимдин сүймөнчүк ырчысы болдум. Канатыма калкалар үй-бүлөм, медер тутар уулум бар. Урматтуу менин күйөрмандарым, сиздер менен бөлүшүүчү жай турмушумда дагы бир жакшы жаӊылыгым – жакында экинчи наристелүү болом. Розан бөбөктүү болуп, жубайым экөөбүз уучубуз уланганына кубанчу күн жакындап калды.

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Stervamyn
2016-02-29 11:07:58
тушунуксуз
0
aikol87
2016-02-29 16:18:18
Иий жакшы го.аман эсен коз жарып алсын.Бактылуу болгула.
+1
Seyitira8186
2016-02-29 20:49:33
Жакшы.ажырашты деген ущактарга чекит койуртурдаа.бактылуу болгула
+3
mairam170792
2016-03-01 02:02:01
ушунчалык жакшы кором ,сыйлайм ар бир кубанычы учун кубанам ! бактылуу болгула аман эсен коз жарып ,баарыбызды суйунтуп тургула ! ийгилик
+4
Nurzatka94
2016-03-02 14:31:04
Талантуу ырчы , мындай ырчылар аз кыргызстанда
+1
sabyr86
2016-03-04 13:22:53
Үзбөй окудум сонун болуптур,рахмат сиздерге супер инфо.
+1
Mariyana
2016-03-04 21:19:48
Жакшы баян болуптур..жонокойлугунон жазба, уй-булолук бакыт каалаймын !!
+1
karona
2016-03-05 14:11:49
Чыгармачылык ийгилик уй булолук бакыт каалайм!
+1
karona
2016-03-05 14:12:20
биз сыймыктанган ырчы болуп журо бер!
+1
AKCAHAT
2016-03-05 18:07:09
3 балалуу болдубу? Кыйын келин экен
-1
JanymHyp
2016-03-06 22:39:27
Аман эсен коз жарып алыныз женеке. Уй булоолук бакыт каалайм. Жонокойлугунуздон жазбаныз Ильяз ага...
+1
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан