КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭӉ ИРИ КУРУЛУШ СООДА БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

20-февраль күнү Бишкекте Кыргызстандын эӊ ири курулуш соода борбору «Аю Гранд Комфорттун» ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге өлкөбүздүн аттуу-баштуу инсандары, кыргыз эстрада ырчылары келип катышты.
Борбордун толук аянты 50 000 чарчы метр, анын ичинде адамдын жашоосун жеӊилдетүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Машина токтотуучу жайга 2500 унаа токтотууга болот. Соода борборуна баш баккан адам андан курулуш материалдарын, банк, курулуш фирмаларынын кеӊселерин, дизайнер-архитектуралык студияларды, айтор, керектүү буюмдардын баарын таба алат.
Алдан тайып чарчап калган учурда борбордогу ашканалардын бирине кирип тамактанып алууга да шарт түзүлгөн. Жаӊыдан ак өргөө тургузуп же үйүндө оӊдоп-түзөө жасап жаткандар үчүн бардык шарт түзүлгөн «Аю Гранд Комфорт» курулуш соода борбору 20-февралдан тартып сиздин кызматыӊызда. Эгер үй тиричилиг иӊизге керектүү ар кандай каражаттарды ыӊгайлуу баада алам десеӊиз, анда түз эле Чокон Валиханов 2 (мурунку Чолпон-Ата к.) дарегиндеги «Аю Гранд Комфорт» курулуш соода борборуна барыӊыз.

Борбордун ачылышына (солдон оӊго) Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев, ЖКнын депутаты Канатбек Исаев жана ишкер Аскар Салымбеков катышышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
mery.89
2016-02-29 12:24:31
Салымбеков жонундо да маалымат алыныздарчы супер инфо.
0
admin_superstan
2016-02-29 13:01:45
mery.89,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
Sanjar2013
2016-03-06 23:36:15
Ото кымбат экен кордук
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан