АКЫЛ, АКЧА ЖАНА СПОРТ АРКЫЛУУ ӨНҮККӨН КАТАР МАМЛЕКЕТИ

Жакында Катар мамлекетинде өткөн спорт журналисттеринин дүйнөлүк конгрессине Кыргызстандын атынан 2 журналист катышып кайттык. «Саякат» рубрикасында кооз, бирок коомдук транспорту жок, күн санап өсүп жаткан, нефтиге, жалкоо арабдарга бай мамлекет тууралуу сөз кылабыз.

КАТАР ТУУРАЛУУ

Расмий аталышы – Катар мамлекети. 1971-жылы 3-сентябрда көз карандысыздыкка жетишкен (Улуу Британиядан)
Борбору – Доха шаары
Мамлекеттик түзүлүшү – Абсолюттук монархия
Мыйзамы – Шарият негизинде
Аянты – 11 586 чарчы чакырым (дүйнөдө 158-орунда)
Калкы – 2 миллион (2013-жылкы маалымат боюнча, дүйнөдө 147-орунда)
Расмий тили – Араб
Акча бирдиги – Риал (1 риал 20 сомго барабар)

КЫЗЫКТУУ

  • Катарда жарандык алуу үчүн араб болуп төрөлүүдөн башка жол жок;
  • Жол чырактарда дайыма жашыл күйүп турат, жөө жүргүнчү кызыл жарыкты өзү күйгүзүп, анан жолду кесип өтөт;
  • Бул өлкөдө Сауд Арабиясы менен такталбаган аймактары болгону менен, чек ара чырлары дээрлик жок;
  • Колунда бар арабдар таза кандуу аргымак, төө багып, жарыштыргандан тышкары кымбат баалуу суперкар, гелендваген унааларына ээлик кылышат;
  • Бензин арзан болгондуктан, 100 чакырымга канча литр бензин сарпталарын деле билишпейт;
  • Өлкөнүн дээрлик бардык аймагы таштуу чөл, деӊиз деӊгээлинен эӊ бийик турган жери 40 метрди түзөт.

АКЧА МЕНЕН АКЫЛГА ТАЯНГАН ЖАЛКОО АРАБДАР
Доха шаарындагы аэропортко келип түшкөндө эле бул мамлекетте көп жумуштарды чет элдиктер жасаарын түшүнүүгө болот. Аэропортто паспорт көзөмөлүндө отурганы да, сатуучусу да, пол жууганы да чет элдиктер. Сыртка чыксаӊ 2015-жылы чыккан Тойота Камри унаасын айдаган таксисттер да мигранттар. Бул жакка дүйнөнүн бардык жагынан келип иштешет. Эӊ көп мигрант жиберген өлкөлөр Пакистан, Индия, Филиппин, Непал. Ошондой эле Европадан, Америкадан атайын чакырылган жогорку билимдүү адистер катарлыктардын керегине жарап келет. Катарды «бренд» катары таанытууда, шаарларды заманбап стилде куруп чыгууда чет элдик долбоорчулардын, инженерлердин жана күрөк кармаган кара жумушчулардын эмгеги чоӊ. Жерге жана байлыкка ээ арабдар болсо селдесин оронуп, теспесин кармап алып үстүртөн текшерүү менен гана алек. Алар мээни жана акчасын иштетип, чет элдиктердин колу менен чоӊ жумуш аткарышат.

СООДАГЕРЛЕР СӨӨК САТКАН КАСАПЧЫДАЙ ЭЛЕ БАР
Таӊ калтырганы Доха шаарында эл ташыган метронун, автобустун жоктугу болду. Андыктан аэропорттон түшкөн соӊ такси кызматын пайдаланууга туура келет. 1 долларга 3-4 литр бензин куюп алганга мүмкүн болгон өлкөдө такси кызматы арзан эмес. Таксист 25 риал сураса, демек, соодалашып 15-20 риал менен керектүү жерге жетүүгө мүмкүн. Ал эми соодалашуунун эӊ жогорку чегин базарда көрдүк. Туристтерге бааны асмандатып, 20 риал турган буюмду 40 риалга сата алышат. Жемин жедирбөөгө аракет кылган туристтер, албетте, аларга жага бербейт. Кызыгы, базарда Бишкектегидей кайыр сурагандарды көрө албайсыӊ. Бирок ырдап, жанына бош идиш коюп койгондор жолугуп турат.

КАМЕРА ОРНОТУЛБАГАН КООПСУЗ ШААР
Кечки Доха өтө кооз көрүнөт. Кечке жуук сууну жээктеп чуркагандарды, балдарын ойнотконго чыккан үй-бүлөлөрдү, сейилдеген жаштарды көрүүгө болот. Араб улутундагылар дароо байкалат, алардын эркектери да, аялдары да толук бойдон жамынып жүрүшөт. Суу жээгиндеги аллеяда уюлдук телефонду кубаттай турган жайлар, машыга турган жайлар жана отургучтар жайгашкан. Шаар ичинде күндүзү да, түнкүсүн да жалгыз жүрүү кооптуу эмес. Себеби мыйзам катуу иштеген өлкөдө камерасы жок эле жарандардын коопсуздугу сакталат.

50 ЖЫЛДА ЭЛ ЖАӉЫ, 100 ЖЫЛДА...
Арабия жарым аралынын түндүк-чыгышындагы Катар жарым аралында жайгашкан бул өлкө түштүгүнөн Сауд Арабиясы менен чектешет. Нефть иштеткенге чейин бермет чогулткан жарды мамлекет менен азыркы Катардын айырмасы чоӊ. Учурда бул мамлекет табигый газдын запасы боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлейт. Табигый газ менен нефть экспорттоодо да алдыӊкы мамлекеттердин катарында турат. Өлкөнү башкарып, өнүгүү жолуна салгандар кезинде Европанын беделдүү жогорку окуу жайларын бүткөн муундун өкүлдөрү. Алар элди эгемендүүлүгүнө 50 жыл толо электе таанылгыс кылып өзгөрттү. Эми эгемендүүлүгүнө 100 жыл толсо жери таанылгыс болуп өзгөрчүдөй. Себеби катарлыктар башка араб өлкөлөрүндөй эле көк тиреген мунараларды тургузууга өтүштү.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУ БААРЫН ӨЗГӨРТӨТ
Катар мамлекетинде көп сандагы стадиондор курулуп, оӊдолуп жатат. Эл аралык футбол федерациясынын талабы боюнча катарлыктар 7 шаарда 12 стадионду даярдап, эл аралык стандартка тууралашы керек. Мунун шылтоосу менен Катар шаарларды байланыштырган унаа жолдорун куруп, шаарлардын ичинде коомдук транспорт жүрүп калат.
Негизи эле Катар акырындык менен спорттук өлкөгө айланууну максат кылат. Бул жакта теннис, бокс, крикет сыяктуу спорт түрлөрүнөн ири мелдештер уюштурулат. Мамлекет Олимпиада оюндарына 1984-жылдан бери катышып келет жана бүгүнкү күндө эсебинде 4 коло медаль бар. 12 кабат келген Олимпиада комитетинин имаратында кызматкерлер көбөйүп, кийинки оюндарда алтын менен күмүш медалдарды алуу аракети жүрүп жатат. Дохада 5 күн болуп, 2022-жылы Дүйнө чемпиондугун көрүү үчүн келүүнү максат кылып, Бишкекке жөнөдүк.

Шаар ичинде күндүзү да, түнкүсүн да жалгыз жүрүү коопсуз.

Катар баш болгон араб өлкөлөрүндө аттын милдетин төөлөр аткарат.

Өлкөдөгү кара жумуштарда индиялык, пакистандык, непалдык жарандар иштешет. Алар жан багуу үчүн кайсы жумуш болбосун жалданып иштөөгө даяр.

Бишкек-Доха-Бишкек

Максат Кудайбердиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
insap
2016-02-29 09:53:31
Бали, байлыктын жыргалын жалкоолук ары акылдуулук менен көрөт тура!...
-1
bazarkyl
2016-02-29 15:27:18
Ушул өлкөлөр нефт жана газ түгөнсө, өнүгүүсү кайсы тарапка кетет болду экен. Стадиондорду куруп, келечекте жыл сайын олимпиада өткөрөбү ошондо?
+2
AlbertEnshtein
2016-02-29 17:58:45
Менимче нефть газ аркылуу эле бай. Эч кандай акылдуулукту коро албадым. акылдуу болуп илим измллегенин же бир жаны нерсе ойлоп тапканын айтса болот. Япон Немецтерди акыллуу десе болот. Ал эми арабтар только сатып алганды жана сатканды билишет. Анан да ташбаранга алган дикий закондору бар мамлекетте лично мен жашай алмак эмесмин. Кедей болсок да кыргызстанга эч нерсе жетпейт.
+3
MuslimNur95
2016-03-02 11:39:36
Катар доха сонун жер экен да кыскасы баардык шарттар бар экен жарандарына , нефтьинин мекени окшойт.
0
Kuba-savai87
2016-03-02 15:03:40
Биз качан жетебиз
0
Samaganova
2016-03-04 04:10:18
Жараткан мусулман элдерин колдойт
0
golding_kg
2016-03-04 17:44:30
Кооздугуна соз жок
0
AZIK01
2016-03-06 16:48:48
Эмгектениш керек, аракет кылуу керек. Өзүңдө бар ресурсту пайдалана билүү керек. Биз бир точкада байланып калдык.
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан