Болотбек Тилек, актёр: «МИЛЛИОН ДОЛЛАР ГОНОРАР ТӨЛӨШСӨ ДА ЭМИ КЫЗДЫН РОЛУН ОЙНОБОЙМ»

Тасмада, клиптерде роль жаратып таанылган актёр Болотбек Тилек учурда мелодрама жанрында тасма тартып жаткан кези. Анан да быйыл сүйүктүүсүнө баш кошом деп бойдокчулук менен коштошуу алдында туруптур.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 20-февраль
Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетин аяктаган.
Тартылган тасмалары – «Түндүктүк келин», «Салам, Бишкек!», «Соолуган гүлдөр»

– Болот, айтсаӊ, өткөн күндөн эмнени өзгөрткүӊ келет жана эмне үчүн?
– Өткөн убакыт кайтып келсе медициналык окуу жайда окуп, педиатр болуп чыкмакмын. Анткени кичинекей балдарды жакшы көрөм. Бирок азыр бул кыялды орундатууга кеч болуп калды.
– Кайсы максаттарыӊ орундалды?
– 2 чоӊ кыялым бар болчу. Биринчиси врач болгум келсе, экинчисинде чыгармачылык дүйнөдө иштегим келчү. Тасмага тартылгандан да тасма талаасында иштегенди самачумун. Тасма тууралуу берүүлөрдөн Голливуд, Болливуд, «Мосфильмдин» тасма талаасын көрүп, ошондой жерде иштеп жүргөндү кыялданчумун. Кайра туруп врач болгум келчү. Чоӊойгондо врач болуп кыздар иштейт, эркек болуп алып ак халат кийип жүрмөк белем деген түшүнүктө калып тасманы тандап алгам. Окуп бүтүп кыйынчылыктар башталганда дарыгердин эле окуусун окуп албай деп өкүнгөм. Актёрлук кесип оӊой иш эмес, абдан татаал, баӊгизаттай. Анткени чыгармачылык менен сугарылып турбаса болбойт.
– Жашооӊдо болгон кайсы эӊ жагымдуу учурду эстеп бөлүшкүӊ келет?
– Театрда иштеп жүргөн кезимди өзгөчө жылмаюу менен эстейм. 3-4 айлап ызы-чуунун үстүндө даярдап койгон спектаклдерибизди эл көрүп, кол чапкан күндөр дале көз алдымда. Жакшы күндөрүм театрда калды, маяна жакшы болсо азыр деле иштей бермекмин.
– Азыр коркунучтуу суроо берем. Эгер жашооӊдун жарым жылы эле калганын билсеӊ, аны кандай өткөрмөксүӊ?
– Андайдан Кудай сактасын. Эгер чындап өлөрүмдү билсем, жашагысы келген адамга органымдын бирөөсүн берип, «мен жашабасам да сен жаша» деп донор болмокмун.
– «Мага улуу кыздар менен сүйлөшкөн жеӊил» деп айткан экенсиӊ. Өзүӊдөн улуу кызга үйлөнмөк белеӊ?
– Чынында, мага өзүмдөн улуу кыздар менен сүйлөшкөн жагат. Алардын акыл-эси көп нерсеге жетип калгандыктан кеӊеш алсаӊ болот. Бирок өмүрлүк жубайым катары өзүмдөн кичүү кызды элестетем. Анткени биз эркекпиз да, аял киши күйөөсүнө баш ийип турушу керек.
– Азыркы сүйүктүүӊ сенден канча жаш кичүү? Ага кантип жолугуп калдыӊ?
– Ал кыз көчөдөн жарк этип «мына мен» деп чыга калды (күлүп). Аны көчөдөн эле жолуктуруп калгам. Досум экөөбүз машинабыз менен токтойлу деген жерге башка унаа токтоп калды. Бир кыз эки машинанын ортосунда туруптур. Досум тиги унаага сигнал берсе, ал кыз акырын жылып койду. Башка кыздар кандай мамиле кылмак билбейм, бирок 80-90 пайызы жок дегенде жаман көзү менен бир карап алмак. Мен ал кыздан көзүмдү албай карап отурдум. Ал тоскон маршруттук такси токтогондо эшигин ачайын десе кетип калып жатпайбы. Анда да өзүн жоготкон жок. Ал кыздын мындай токтоо мүнөзүнө таӊ калдым. Унаадан түшүп жанына бардым. Сүрдөп «чоӊ кыз, сиздин номериӊизди алайынбы?» десем, орусча «я вас знаю» деп колумдан телефонумду алып номерин жазып берди. Аӊгыча келе жаткан маршруттук таксини тосту да, колума телефонду карматып кетип калды. Атын айтканга үлгүргөн жок. Кийин чалып, таанышып сүйлөшүп калдык. Менден 5 жаш кичүү. Буюрса, быйыл үйлөнөлү деп жатабыз. 30 жашка чыккыча башым 3 штук болуп калышы керек (күлүп).
– Мурдагы сүйлөшкөн кыздарыӊа жолукканда кандай абалда каласыӊ?
– Окуучу кезимде бир кыз менен сүйлөшкөм. Ал менин биринчи сүйүүм болчу. Студент кезимде чачтарачка чачымды кырктырганы барып ошол жерде иштеп жаткан ага жолугуп калдым. Учурашып жакшы эле сүйлөшкөнбүз. Бирок ошондон кийин ал жумушунан кетип калыптыр. Аны көбүнчө Ат-Башыга барганда жолуктуруп калам. Мени көргөндө уялат, анын деле жүрөгү бар да. Алыстан башыбызды ийкеп саламдашып коёбуз. Ага кайдигер эмесмин, көргөндө жүрөгүм болк этип кетет.
– Сексуалдык ориентациясы башка адамдарга көз карашыӊ кандай?
– Туура эле көз караштамын. Табиятынан ошондой жаралып жатса эмне кылсын? Өзүнүн азабын өзү тартат. Бирок кыжырымды келтирет. Андайлар бирин-экин биздин чыгармачыл дүйнөдө да бар. Кычык издегенди жакшы көргөн жаным алардын ошондой экенин билип калып ар кандай суроолорду берип жоопторуна, кылык-жоругуна күлүп эле жатып калчумун. Ар кандай адамдардын образдарын издегенди жакшы көрөм. Алардын мүнөздөрүн алып тасмада роль жаратып жатып кошкон учурлар да болот.
– «Салам, Бишкек!» тасмасында кыздын ролун жаратып калдыӊ. Бул образга кирүү оӊой эле болдубу?
– Жок, анда режиссёрдун жардамы менен ойнодум. Кыздын образына кире албай аябай кыйналдым. Режиссёр «Болот, бул деген комедия, эркин ойно, сен уялып жатасыӊ» деп тилдечү. Чынында уялдым. Эртеӊ көргөн эл эмне деп ойлоп калат деп оюмдун баары ошондо болуп образга жакшы кире албай жаттым. Күнүгө эртеӊ бул ролдон баш тартам дейм. Тасма талаасына барганда кыз кылып боёп чыгарып жиберет. Күнүгө бүгүн чындап тартылбайм деп жүрүп бир күнү кино тартылып бүтүп калыптыр. Көп кишиге жакпай калат го деп ойлогом. Бирок көчөдөн тааныбаган эле жигиттер «Эй, брат, токтосоӊ, сен жанагы «Салам, Бишкекке» тартылган баласыӊ да, ээ? Азамат, берчи колуӊду, сонун ойногонсуӊ» дешкенде кадимкидей маанайым көтөрүлүп калчу. Айрымдар «эркек башы менен кантип ушуну аткарышты? Уялышпайбы!» деп да айтышты. Мейли, айтса айта беришсин, жашоодо башкамын да. Чыгармачылыкта принципиалдуумун. Эми миллион доллар төлөшсө да кыздардын ролун ойнобойм деген принципке туруп алдым. Анткени бул шариятка туура келбейт экен. Чыгармачылык деп эле тобокелге сала берген болбойт.
– Эмнеге сени тасмадан көрбөй калдык же тасмалардын сценарийи талабыӊа туура келбей жатабы?
– Тасмага тартылууга сунуштар көп. Азыркы кыргыз киносунун деӊгээлин билесиӊер, комедия жанры көп тартылып жатат. Бардык комедияда эле «Тамашоунун» балдары. Аны жаштар эле көрөт, улуу муунга өтө турчу тасмалар тартылбай келет. Комедияларды көргөн жаштар башка жанрды айырмалай албай, трагедия, мелодрама, триллер эмне экенин билбей калышат. Жакшы мелодрама же драма койсоӊ аны көрүп алып «ушул элеби, эч кандай күлкүсү жок го?» дешет. Ошон үчүн профессионалдык деӊгээлдеги бир тасмага режиссёр болуп, башкы ролду да өзүм ойноп жатам.
– Маегиӊе рахмат!

“Учурда “Зардалы” деген тасма тартып, баш каармандын ролун ойноп жатам. Тартуу аянтчасында тасмадагы өнөктөшүм Айсанат Эдигеева менен”.

“Салам, Бишкек!” тасмасында кыздын ролуна кире албай аябай уялып, элдин сөзүнө калуудан коркком”.

"Болочоктогу жубайым "Түндүктүк келин" тасмасындагы келиндей салтка баш ийбесе, аны трагедия кылбайм. Акырын кепке салып баш ийдирип алам".

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Болотбек Тилек: “Тасмада романтик болгонум менен, жашоодо андай эмесмин”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
aziko1414
2016-02-29 23:43:17
Нарындыктар кыйын да
+6
Bayas_tegin
2016-03-01 09:01:33
супер , Нурчолпондон да интервью алыныздарчы
0
admin_superstan
2016-03-01 11:20:27
Bayas_tegin,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
0
Gulzat86
2016-03-01 09:27:56
Жакшы маек .
0
Aytur
2016-03-01 13:13:42
Айсанат укмуш жагат мага! Козго жагымдуу, жылдыздуу кызго.
-1
Aytur
2016-03-01 13:23:28
Болот уйлонгон сон "сони, кафе"ни ташта! Келинчегиедин токтоо мунозу жоголуп кетет кундо эле тунку саат 1 2де келсен. Ок
+1
Gulzat86
2016-03-01 15:04:46
Берки ортодогу бала Дастан беле.Суйкайып калыптыр гоо тимеле :))))))
0
Nurzatka.8884
2016-03-01 19:21:16
Жакшы маек оюна кошулам. женил желпи кинолор кобойуп кетти таасирдуу тарбиясы бар олуттуу кино тартышса журокко жете турган
+1
mekajan89
2016-03-01 23:22:40
Да кыргыздын келечектеги чыгаан уулдарынын бири. Мен эн биринчи "Соолуган гулдор" деген кинодон коруп эле ар бир клибин ар бир киносун коруп келем. Озгочо " Салам Бишкек" бул кинону бир кундо беш жолу корсомда тажабайм. Менин инилерим эч качан кыргызча кино корчу эмес бул кинону аларда жактырып аябай корушкон. Озгочо Болотбек Тилектин ролун жактырышкан. Азаматсыз ишинизге ийгилик. Сиз тандаган кыз абдан бактылуу экен. Бактылуу болунуз. Менда кызгандым
+2
mekajan89
2016-03-01 23:25:19
Бир кезде окудум эле. Суймонкул Чокморов багындырган ийгиликтерди менда багындырам дегенинизди. Ошол тилегинизге жетиниз. Кыргыз элимдин сыймыктанган уулу болуп. Кыргыз искуствосунун тарыхында калышынызга тилектешмин.
+3
Altynai2007kg
2016-03-02 00:37:30
Боот байке мен сизди жакшы кором.
0
sakulai
2016-03-02 17:23:45
Суйом го ушул жигитти ммах,,негедир маршрутка тоскон кыздан кызганып кеттим,,озу айткандай Эми кеч...
+2
mister_bond
2016-03-03 08:51:55
Чыгармачылыкта жакшы, сен арданба жигит анткени сен актерсунда тушунгон адамга тушунбогон адамдар жаман айтат.
+1
suimon302010
2016-03-03 13:53:11
Суйуп калдым
+1
jazgul.jaju
2016-03-04 05:45:31
Сонун болуптур.супер инфо Айдин шерден интервю алыныздарчы корунбой калдыго.
0
admin_superstan
2016-03-04 09:35:00
jazgul.jaju, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
MUSTANG
2016-03-05 08:43:42
Азаматсын Болот, чыгармачылыгын оркундой берсин!
+1
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан