БИР БҮРКҮМ

  • Ысык-Көл облусунда жашаган балдар салмагы жагынан Эӊ АРЫК болуп чыкты. Андан кийин Ош жана Чүй облусунда арык балдар көп. Ал эми салмагы нормага жакын балдардын көбү Талас облусунда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
  • Жогорку Кеӊештин депутаттары МОСКВАДА ӨРТТӨ КАЗА БОЛГОН кыргызстандыктардын туугандарына 500 миӊ сом жардам тапшырышты.
  • АКШдагы Кыргызстандын элчиси КАДЫР ТОКТОГУЛОВ кошумча Канадага, Кувейттеги Кыргызстандын элчиси ЖУСУПБЕК ШАРИПОВ кошумча Мароккого элчи болуп дайындалышты. Алар эки өлкөнү айкалыштыруу менен элчилик кызматтарын өтөшмөкчү.
  • Муфтияттын аттестациясынан өлкөдөгү 1300 КАЗЫ ЖАНА ИМАМДЫН 800ү өткөн жок. Бул тууралуу Дин иштери боюнча комиссиянын директорунун орун басары Бактыбек Осмонов айтты.
  • Кыргызстанда жыл сайын 6 миӊдей адам, анын ичинен 1 миӊге чукул жаш балдар КУРГАК УЧУК илдетине чалдыгат.
  • 24-февралда Калыбек Сатыбалдиевдин ордуна Ички иштер министринин орун басары болуп ДАНИЯР АБДЫКАРОВ дайындалды.
  • 1-класстын окуучусу ДАНИЕЛДИН уурдалып өлтүрүлүүсү боюнча соттук иш 3-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда башталат. Бул кылмыш боюнча 39 жаштагы Майрам Акунова шектелип кармалган.
  • 2015-жылы АКЫЙКАТЧЫГА милицияга нааразы болгондордон 316 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу омбудсмен Кубат Оторбаев маалымдады.
  • Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын айтымында, НИКЕСИЗ төрөлгөндөрдүн саны өлкөдө 100 миӊ балага жетет.
  • 2015-жылы Кыргызстанда 63, 2014-жылы 80 аял ТӨРӨТ УЧУРУНДА кайтыш болгон. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
  • Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Данияр Мукашев Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
  • Кыргызстанда РАК илдетине чалдыккан адамдардын саны 23 миӊге жеткен. Алардын дарылануусуна 800 миллион сомго чукул каражат талап кылынат. Бирок мамлекет жылына 121 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан