24-февраль күнү Ош шаарында Жол-кайгуул кызматы «Тонировка» аттуу рейд жүргүзгөн. Рейддин алкагында терезеси караӊгылатылган унаалар токтотулуп, аларга карата айып пулдар салынып, протоколдор толтурулуп жаткан. Дал ушул күнү МАИчилер Лексус үлгүсүндөгү айнектери караӊгылатылган унааны башкарып бараткан Заркөкүл Кадырбаева аттуу айымды токтотушкан. Ооба, бул кадимки Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин бир тууган эжеси болчу. Интернетке тараган видеодо байкалгандай, Кадырбаеваны көрүп эле тайсалдай түшүшкөн МАИчилердин «мэрдин эжеси, мэрдин эжеси» деп сүйлөгөндөрү даана угулат. Чоӊ кызматтагы адамдардын туугандары МАИ кызматкерлерин катуу чочутары көрүнүп турат. Ошентсе да мыйзамга ылайык Заркөкүл Кадырбаевага тиешелүү айып протоколу толтурулган. Оштун шаар башчысынын эжеси ал протоколго кол койбостон, «билгениӊерди кылып алгыла» деп унаасына отуруп «зуу» койгон. Айымды окуя видеого тартылып жатканы да токтото алган эмес. Заркөкүл Кадырбаеванын мындай жоругу өлкөдө иштер мыйзамга ылайык эмес, таянган тааныштарга ылайык жүргүзүлүп жатканын далилдейт. Андай эмес экенин бир тууганынын мындай жоругунан улам кызматта отурууга моралдык укугу жоктугун айтып Кадырбаев өз арызы менен кызматтан кетип гана далилдей алат.
25-февраль күнү МАИчилер акыры Заркөкүл Кадырбаеванын үйүнө барып, унаасынын «тонировкасын « сыйрып, 2020 сомдук айып пул салышканы маалым болду.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg