Чуулгандуу жарыя: ИИМ БАШЧЫСЫ ТУРГАНБАЕВГЕ ЖУРНАЛИСТТИ ӨЛТҮРҮҮГӨ БУЙРУТМА БЕРГЕН ДЕП КИНЕ КОЮЛУУДА

ЖУРНАЛИСТТИ ӨЛТҮРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫШКАН
Авторитардык режим кулагандан бери тынчый түшкөн Кыргызстанда сөз эркиндигинин сакчыларын коркутуу, опузалоо, өмүрүнө кол салуу адаты кайрадан башталды. Алсак, «Деньги и власть» гезитинин баш редактору журналист Турат Акимовго 20-февралга караган түнү өз үйүнүн алдында белгисиз адам кол салып, арматура менен башка чаап, журналисттин каршылык көрсөткөнүнөн улам качып кеткен. Окуя боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Журналисттин айтымында, ал унаасын короонун ичине киргизип жатканда белгисиз адам темир союл менен башка чапкан. «Жүзүн жакшы көрө албай калдым, бирок ал денеси бүт булчуӊ-тарамыштан турган, атайын даярдыктан өткөн адам болчу»,- дейт журналист.
22-февраль күнү Акимов маалымат жыйын өткөрүп, окуя тууралуу кабарлады. Журналисттин айтымында, өзүнө кол салуунун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турат. Ал: «Мелис Турганбаев, 99 пайызга ишеним менен айтам, мени өлтүрүүнү сиз буйрук кылгансыз. Анткени менде сизди катуу коркуткан маалымат бар. Эгер мага, үй-бүлөмө бир нерсе боло турган болсо, жардамчыӊыз Рустам күбө болгон экөөбүздүн сүйлөшүүбүздүн стенограммасы интернетке жүктөлөт. Эгер мен сизге алып барган, бирок сиз уккуӊуз келбей туталанган маалымат жарыяланса, анда эл аралык чуу чыгат»,- деп билдирди. Муну менен катар журналист анын коопсуздугун сактап берүүнү бийликтен өтүндү. «Менин өмүрүмө кол салуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнү УКМКга тапшырууну өтүнөм, анткени ИИМ бул кылмыштын бетин ача албайт»,- дейт Турат Акимов.

ИИМ «АКЫЛГА СЫЙБАЙТ» ДЕЙТ
Ички иштер министрлиги Мелис Турганбаевдин дарегине карата айтылган кинени «акылга сыйбайт» деген кыска комментарий менен четке какты. ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун берген комментарийине таянсак, ИИМ жетекчиси өзүнүн актыгын сот аркылуу далилдөөгө аракет кылбайт. Тактап айтканда, министр «акылга сыйбас» маалыматты тараткан Турат Акимовду сотко берип, сөздөрүн далилдеп берүүнү талап кылбайт. Мелис Турганбаев: «Турат Акимовдун сабалгандыгы боюнча кылмыштын бетин тез арада ачабыз. Журналисттин мага карата айыптоолорунун артында кимдир бирөө турарын да далилдеп берем»,- деди. Ал эми журналист Турганбаев менен сүйлөшүүсүнүн күбөсү катары көрсөтүп жаткан министрдин жардамчысы Рустам Айбашов: «Бул журналист телефон чалганга чейин министр аны билчү эмес. 18-январдагы жолугушууда журналист министрге бир адам ага кандайдыр бир маалымат бергиси келип жатканын, бирок ал чет жакта экенин, келери менен жолугушуу уюштуруп берерин айтты. Ошондон кийин аны менен байланышкан эмеспиз»,- деди.
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Турат Акимовго байланыштуу ишти өз көзөмөлүнө алганы маалым болду. Учурда Акимовдун коопсуздугун УКМКнын кызматкерлери камсыз кылышууда. Ал 24-февраль күнү президентке кат жолдогону кабарланды. Катта журналист өмүрүнө кол салуу боюнча ишти иликтөөнү Ички иштер министрлиги эмес, УКМКга өткөрүп берүүнү президенттен өтүнгөн.
Депутат Жанар Акаев да Жогорку Кеӊештин жыйынында аталган ишти ИИМ эмес, УКМК караш керек деген оюн билдирди. «Бул ишти ИИМ карап жатканы туура эмес»,- деди ал.

ТУРГАНБАЕВДИ «КОРКУТКАН» АЛ КАНДАЙ МААЛЫМАТ ЭЛЕ?
Министр Турганбаевди «катуу коркуткан» ал эмне болгон маалымат эле? Учурда коомчулукту ушул суроо да кызыктырууда. Элдик кошуундарды уюштуруп жүргөн жарандык активист Алга Кылычевдин «Кабарлар» сайтына берген маегине таянсак, маалымат Алманбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу. Эске салсак, беларустук кесиптештеринен айырмаланып, Кыргызстандын ИИМи криминалдык авторитет Алманбет Анапияевди өлтүрүү кылмышынын бетин чагылгандай тездикте ачып койгон. ИИМдин версиясы боюнча, кримавторитетти Жаныш Бакиев, Рустам Сайдуев жана Айбек Абдразаков өлтүрүшкөн. Бул версияны кылмышты иликтеп жаткан Беларустун Тергөө башкармалыгы көӊүлгө алган-албаганы белгисиз. Азырынча Беларустун ИИМи кандуу окуяга күбө болушу мүмкүн болгон жигитти издөөдө. Ал жигит дүкөнгө киргендеги видео жазуу жана сүрөт ведомствонун сайтына жарыяланган. «Алманбет Анапияевдин өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабар Мелис Турганбаевдин туулган күнүнө, тактап айтканда, 19-февралга туш келди. Бул жөн гана дал келүүчүлүкпү?» деп суроо салган журналисттер да болгон. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жалгыз күбө катары көрсөткөн Гүлжигит Абилазизов Москвадан Бишкекти көздөй учуп келген №560-каттамда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов, бул башкармалыктын бөлүм башчысы Таалайбек Мамбетакунов жана Жанышбек Гаипов аттуу адамдын болушу күмөндүү ойлорду күчөтүп келет. Айтор, Анапияевдин өлүмү менен Мелис Турганбаевдин ысымынын арасынан байланыш издегендер дагы көпкө созулат өӊдүү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
bazarkyl
2016-02-29 12:10:22
Бирдеме деш кыйын биерде.
+1
Nurdaulet
2016-02-29 12:21:15
мелис оз ишин билген татыктуу министр!!башка министрлерге караганда((буга окшогон журналисттер заказ менен каралап атышат
-6
briliant87
2016-02-29 12:55:31
Эч нерсе айталбайм.
0
Alitet
2016-02-29 16:05:39
Алмамбеттен таяк жегени чынгооо.
+1
asad345
2016-02-29 22:42:04
АША Озгондук ишкерди канжар кадыралиев сабаганда оз козомолуно алган, анан канжарды камактан бошотуп алдыго, мумкун министрди да бул окуяда бошотуп алар
0
Letty
2016-03-03 20:02:33
Туура!Мелис Турганбаев ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-03-04 09:50:17
Letty, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат.
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан