23-ФЕВРАЛДА ЖОЛДОШУӉУЗГА ЭМНЕ БЕЛЕК КЫЛДЫӉЫЗ?

Белек алуу чындыгында жагымдуу. Билдирбегени менен мырзалар деле белек алгысы келип күтүп калышат экен. Анда ырчылар жолдошуна эмне белек беришти, айрымдарынан сурап көрөлү.

Роза Шакирова: «ӨЗҮНҮН АКЧАСЫНА БЕЛЕК САТЫП БЕРДИМ»
– Учурда тойлор аз болуп жаткандыгына байланыштуу 23-февралда белек алганга акчам бир аз тартыш болуп калды. Анан ойлонуп бирөөдөн сурабай эле «акча берип турчу, керек болуп жатат» деп өзүнөн сурап алып кол саат сатып бердим. Майрам күнү таӊ атпай туруп манты түйүп, дасторкон жайып, алган кол саатымды колуна тактым. Ал эми уулумду болсо катып жүргөн акчама оюн-зоок борборуна алып барып ойнотуп келдим.

Анжелика: «АТАБЫЗДЫН ТӨШӨГҮНӨ ТАМАК АЛЫП БАРДЫК»
– Биздин үй-бүлөдө жалгыз мырза бар, ал атабыз. Бул жылы белек камдоого эки кызым жардамдашты. Үчөөбүз эрте туруп өзгөчө бутерброддорду жасап, атабыздын төшөгүнө алып бардык. Кубанган жолдошум «эми 8-Мартта үчөөӊдүн төшөгүӊө тамак алып барат экенмин да» десе, улуу кызым «жок, төртөөбүзгө, Айлинкага да алып барасыз» деп баарыбызды күлдүрдү. Тамактан сырткары өзгөчө болсун деп жолдошумдун аты жазылган футболдук форма белек кылдык.

Айнура Салахидинова: «ЖОЛДОШУМА ХАЛАТ БЕЛЕК КЫЛДЫМ»
– Досторубуздун арасынан 7 үй-бүлө шерине ойнойбуз. Ошол 7 айым мырзаларыбызды өзгөчө кылып куттуктаганга аракет кылдык. Жолдошторубуз мончого көп барышат, кайсы убакта чалба мончодомун дешет. Мындан улам келиндер кеӊешип артына жолдошторубуздун аты, бооруна өзүбүздүн атыбыздын баш тамгасы саймаланып түшүрүлгөн апапак халат белек кылдык. Белектерибизди чайканага дасторкон жайып майрам уюштуруп анан тартууладык. Аларга халат аябай жагыптыр, «акылдуусуӊар, адашып кетпесин деп бооруна атыӊардын баш тамгасын жазып коюпсуӊар» деп тамашалашты.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
aku91
2016-02-29 14:45:27
А.Салахидинованын белеги жакты.Эн сонун белек болуптур.Бактылуу болгула
+7
Pakissstanka
2016-02-29 22:17:53
Тошогунуно тамак кофе алып баргандарга кулкум келет. Не бетин жуубай эле тамак жеп алабы? Анжеликанын куйоосу колуп да жуубай эле бутерброд кантип жеди )))))
+12
Nazikbaigazy
2016-03-01 02:05:34
Pakissstanka,боорду эздинго, аябай кулкулуу чынында ха ха ха
+4
Gundula
2016-03-01 01:45:56
Чын бизге жат корунуш тошогуно алып барган
+4
Gulnara1986
2016-03-01 11:36:39
Тошогуно тамак алып барабы же башка жергеби силерге эмнекен деймда уй булоолук бакыт каалайм.
0
ss90
2016-03-01 14:16:33
ой Кудайым оооой...! деле бир жакшы кумон кылбай калык го?! ушинтип жатсак Биз качан алдыга жылмак элек...?!
-1
elya.choi93
2016-03-01 17:00:17
Бычак менен вилка эмне учун берилген? Силердин оюнарда женин билегине чейин бугуп жеш керек да ээ?)))
+1
Nurzatka.8884
2016-03-01 17:39:27
elya.choi93,бычак вилка бар деп жуунбай койсо боло береби????
+2
Pakissstanka
2016-03-02 00:16:50
elya.choi93, бутербродду бычак, вилка менен жебейт деле. До + фадагы доорон эле ошентип жейт ))))
+6
Asadulla
2016-03-04 01:19:44
elya.choi93,эээ кытай ислам да Бэтти жууп жаш керек даже чай ды Бетти жукп койуш керек , вилка нож менен кантип жейт бутербродду ?
0
sakulai
2016-03-03 15:10:08
Айнуранын белеги мыкты экен азаттар мага жакты
+1
azimhan
2016-03-04 21:23:49
жакшы жакшы. Эмне дейбиз белектер кут болсун )))
+1
AKCAHAT
2016-03-05 18:03:02
биздин шоу бизнестеги эн маданыяттуу уй було бул Анжеликанын уй булосу , жада калса бутербродду дагы вилка менен жешет.
+1
Amankg
2016-03-06 17:06:38
Pakissstanka боорду эзди го ха-ха-ха-ха-ха
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан