ОШТО ТӨРӨЛГӨН ЖАМАЛА ЕВРОВИДЕНИЕДЕ УКРАИНАНЫН НАМЫСЫН КОРГОЙТ

21-февраль күнү быйыл «Евровидение» сынагында Украинанын намысын Ошто төрөлгөн Жамала (Сусана Жамалидинова) коргой тургандыгы белгилүү болду. Сынактын тандоо турунда калыстар тобу Жамалага 2-орунду ыйгарышканы менен, көрүүчүлөрдүн берген добушунун саны аны 1-орунга алып чыкты. Ырчы сынакта аткара турган ырын былтыр жаздырган. Аталган ыр 1944-жылы депортацияланган крымдык татарлар тууралуу.
Белгилей кетсек, Жамала 1983-жылы 27-августта Ошто төрөлүп, балалыгы Крымда өткөн. Ата-теги крымдык татарлар. Ата-энеси музыкант болгондуктан Жамала кичинекейинен эле музыкага жакын өсүп, Украинада, Орусияда жана башка өлкөлөрдө өткөн музыкалык сынактарга катышып келген. Мындан сырткары 2009-жылы Юрмалада жаштар арасында өткөн «Жаӊы толкун» сынагынын жеӊүүчүсү болгон. Ошондой эле ырчы 2011-жылы да «Евровидениенин» тандоо турунда 3-орунга чыгып, бирок суперфиналдан баш тарткан.
Эске салсак, былтыр бул сынакка Украина өлкөдөгү саясий абалдан улам катыша алган эмес.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
danik0101
2016-02-29 11:13:33
Кыргызстан атактууларды торото турган роддом окшойт, айрымдарын сураштырып келсе эле Кыргызстанда торолгон деп чыгат.
+10
jama9210
2016-02-29 12:32:04
danik0101,ошо да созунузго кошулам))
+2
abdamitoff
2016-03-04 09:49:25
danik0101, Төрөт өлкөсү де)))
-2
Pandora
2016-02-29 11:43:41
Кыргызстанда таланттуулар коп кудайга шугур.Бирок алардын копчулугу финансы жактан аксап чыга албаса кээ бири уй булолук мыйзамдарга баш ийип чыкпай журот.
+3
Nurzatka.8884
2016-03-02 11:59:30
Pandora,туура акчасы барлар эптеп септеп оздорун пиярлап журушот да чыныгы таланттар эл арасында байкалбай журушот
+1
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан