ГҮЛ ӨСТҮРҮП, САТУУДАН БАЙЫСА БОЛОБУ?

«Учурда короодогу гүлдестеге караганда белек кылууга бөлмө гүлдөрү өтүмдүү боло баштады» дейт көп жылдан бери гүл сатып иштеген Махабат Салмакеева. Махабат кардарлар көп сурашкан гүлдөргө, түшкөн кирешеге, кандай кам көрүү керектигине токтолду.

«АКЧАМДЫ ТОПТОП ГҮЛ САТУУЧУ ЧОӉ ДҮКӨН АЧАМ»
– Мен өзүм Нарындын Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынан болом. Кесибим боюнча математика мугалимимин. Кесибим менен иштейин деп жатсам, таякем менен жеӊем гүл саткан дүкөн ачып калышты, алардын гүл өстүргөн күнөсканасы бар. Анан ошол дүкөнгө сатуучу издеп калышты. Гүлгө кызыккан жаным «мен иштейм» дедим.
Ошентип алардан гүл өстүрүүнүн сырларын үйрөндүм, бул иш менен азыр үчөөбүз алектенебиз. Дайыма гүлдөр тууралуу интернеттен, китептерден окуп турам, анткени учурда элде бөлмө гүлдөрүнүн жаӊы түрлөрүнө суроо-талап көп, ошондуктан биз да жаӊыларын өстүрүп, жаӊы ыкмаларды колдонуп турабыз. Гүл өстүрүп, сатып жатканыма 8 жыл болду. Гүлдөрдүн баасы түрүнө жана жылдыгына жараша коюлат. Бирок кээде коюлган баадан кымбат, кээде акчасы жетпегендерге арзан, сүйлөшүүгө жараша сатылып кетет. Гүл сатуу бизнеси жакшы киреше алып келет. Бөлмө гүлдөрүнөн сырткары короо гүлдөрүн да сатуучу чоӊ дүкөн ачуу үчүн акча чогултуп жатам.

ГЕРБЕРА
Бөлмө гүлдөрүнүн ичинен гибриддер эӊ өтүмдүү. Өтүмдүүлүгү жагынан сап башында гербера турат. Бул уруктан чыгат. Кичинекей парниктеги кык аралашкан топуракка суу куюп жумшартып алып, урукту салабыз. Ал жылуу жана жарык жерде турушу керек. Топурак кургаганда алакан менен суу чачып кичине нымдап коюш керек. 30-40 күндө өсүп чыгат. 3-4 жалбырагы чыкканда кичинекей идишке отургузабыз. Өскөн сайын чоӊ идишке көчүрүү керек. Улам көчүрүп отурбай деп дароо чоӊ идишке отургузса гүлдүн сабагы узарбай эле тамыры жайылып кетет. Гербера 2-3 жылда гүлдөйт. Гүлдөгөн маалы күз, бою 50 сантиметрге чейин барат. Күндүн нуру түз тийген жерде эмес, жарым көлөкө жерде өстүрүлөт.

Пайдасы – Абаны тазалайт, гүлдөгөндө бөлмөгө кооздук тартуулайт.
Баасы – бир жылдыгы 150-200 сом, эки жылдык 300 сом, үч жылдык 400 сом, ошентип баасы жогорулай берет.

БЕГОНИЯ
Өтүмдүүлүгү жагынан 2-орунда бегония турат. Бул гүл уруктан 2 ай ичинде чыгып, кычкылдуулугу аз топуракты сүйөт. Эки жылдан кийин гүл ачат. Жарым көлөкө, салкын жерде өсө берет.

Пайдасы – Бөлмөдөгү абаны тазартат. Жалбырагында фитонциддин курамы көп болгондуктан бактерия, микробдорду өлтүрөт. Иммунитетти көтөрөт жана стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Жумушка болгон активдүүлүктү күчөтөт. Жайында эле эмес, кышында да гүл ачат, 2 жумада бир азыктандырып туруу керек.
Баасы – бир жылдыгы 200 сом, эки жылдыгы 300 сом болуп жогорулай берет. Ал эми голландиялык сорту кымбат, бир жылдыгы 800 сомдон жогору бааланат.

ПРИМУЛА
Кызыл-тазыл гүл ачкан гүлдөр жакшы өтөт. Примуланын бою жапыз жана жазында, күзүндө гүлдөп, гүлү көпкө турат. Ал уруктан же сабагынан чыккан өсүндүдөн өстүрүлөт. Урукту сепкенден кийин караӊгы, муздак жерге коюу керек. Жалбырак болжол менен 2 жумада чыгат. Сабагынан үзүп алынса, жазында кумдуу топуракка отургузуп, банка менен жаап койсо бат тамыр байлайт. Анан чакан идишке отургузуш керек.

Пайдасы – Абаны тазалайт, суук тийгенде, курч жана өнөкөт бронхиттерди дарылоодо колдонулат.
Баасы – бир жылдыгы 150-200 сом, эки жылдыгы 300 сом, жылдыгына карап баасы өсө берет.

«АКЧА ДАРАГЫ»
Эл арасында ырым-жырымга ишенгендер көп. Үйгө киреше көп келсин деп «акча дарагын» да алып кетишет. Сууну көп жактырбаган гүлгө топурагы кургаганда гана суу куюш керек, дембе-дем куюлса жалбырактары түшө баштайт. Негизи түрлөрү көп, сабагынан, тамырынан чыккан өсүндүдөн көбөйөт, уругу болбойт.

Пайдасы – абаны тазалайт, чарчоону, стрессти жазып, адамдын энергетикалык абалын жакшыртат.
Баасы – көлөмүнө жараша 200 сомдон 1500 сомго чейин барат.

Мындан сырткары герань, азалия, гортензия, кальцеолярия, орхидея гүлдөрү өтүмдүү.

ЧЫГАШАСЫ...

5 гүлдү алалы, анткени бир таӊгакта 5 даана урук болот.
Уруктун бир таӊгагы – 50 сом
Чым көӊ, кичи парниги менен – 200 сом
Топурак – 50 сом
Идиштер – 5 даанасы 20 сомдон – 100 сом
Дренаж – 30 сом
Жер семирткич азыктар жана курт-кумурска үчүн дарылар – 60 сом
Баарын кошкондо – 490 сом

КИРЕШЕСИ...
Ар бир гүлдү бир жылдыгында 200 сомдон сатса, 5 гүл 1000 сом болот. Таза киреше – 510 сом.
Эки жылдыгында 300 сомдон сатса, 5 гүл 1500 сом болот. Таза киреше – 1010 сом.

КАМ КӨРҮҮ...

  • Гүлдүн топурагын 2-3 жылда бир которуп туруш керек. Гүл өскөн сайын топурактагы пайдалуу заттар азаят.
  • Идиштин түбүндөгү тешиктен гүлдүн тамырлары көрүнсө чоӊураак идишке которуш керек.
  • Курт түшсө же азык берүү убагы келсе керектүү таӊгактагы каражаттан бир чай кашыкты 2 литр сууга аралаштырып бир айда бир жолу жалбырактын алдына куюлат.
  • 2 аптада бир сыртка таза абага алып чыгуу зарыл.
  • Малдын кыгы 5-6 жыл турушу керек, бул аралыкта зыяндуу заттарды, курт-кумурсканы кетириш үчүн атайын суюктукту сууга аралаштырып чачып турса кара топурак пайда болот, анан гүл отургузса жакшы өсөт.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
mirana9395
2016-02-29 10:56:48
Соонун гулдорго БЕГОНИЯ гулу айрыкча аябай жакты.Баалары арзан эле экенго.Бегония гулун суйуп калдымго.
0
bantik
2016-02-29 10:58:18
Мага гербера гулу жакты, буюрса алып остуром
+1
Karalina
2016-02-29 11:31:22
Супер, адресин жазып койсонор жакшы болот эле
0
bantik
2016-03-02 18:15:49
Гул саткандар жалан эле орус эжекелер го, кырыгздардан кызыккандар аз, бул эжекебиз адашып калган го...
+1
bantik
2016-03-02 18:22:46
уйумдо акча дарагы бар, билбейм жакшы эле го...
-1
Nazik85.85
2016-03-02 19:45:59
Мага дагы гул остургон жагат.Жакшы маалымат экен,дарегин кайдан алсам болот,сураныч жазып коюнуздарчы Супер инфо.
+1
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан