БАЛА-ЧАКАЛУУ УУЛУӉУЗДУ БАГЫП ЖАТСАҢЫЗ, АНДА КҮНӨӨНҮ ӨЗҮӉҮЗДӨН ИЗДЕӉИЗ

35-40 жашка чыкса деле үй-бүлөсүн бага албай, ата-энесинин колун карагандар бар. Алар керектүүсүн сурап келгенде ата-эне «тигинин баласы (кызы) дүкөн ачыптыр, а сага биз үй салып бердик, ага карабай бизден сураганыӊ сураган, келесоо, акмак...» дегендей сөздөрдү айтып, жекирип кирет. Ошентип уруш чыгат, ал тургай бири экинчисин өлтүрүп койгондор кездешет. Андыктан андай окуялар болбошу, дегеле бала эмгекчил, тыӊ болуп өсүп, кийин үй-бүлөсүн бага алгыдай кылып кантип тарбиялоо керек? Кеӊешти психолог Айтурган Ачилова бермекчи.

БАШКЫ БАШАТЫ – БАЛАНЫ ӨЗҮН-ӨЗҮ ТЕЙЛӨӨГӨ ҮЙРӨТҮҮ

Тамакты өзү ичип, өзү кийингенге үйрөтүӊүз
Бала тамак-ашка аралашып калгандан тартып «тамакты өзүм ичем» деп баштайт. 2-3 жашында болсо өзү кийинүүгө аракет кылып калат. «Бул чачып-төгүп жейт же бирин оӊ, бирин тетири кылып кийинет. Андан көрө өзүм кийинте, жегизе салайын» деп шашпаӊыз. Тамакты өзү жеп, кийимди өзү кийсин. А сиз кашыкты туура кармоону, туура кийинүүнү көрсөтүп, убак-убагы менен багыт берип туруӊуз. Бала катасын улам оӊдоп жатып бир нерсени үйрөнөрүн эске алып, чыдамдуу болуӊуз. Бала максатына жеткичекти аракет кылууга көнсүн. Оюнчуктарын жыйнаганга да 2-3 жашында киришсин.

Төшөгүн өзү жыйнап-иреттесин
3-5 жашында төшөгүн өзү жыйнап-иреттөөгө, кийимдерин, идишин ордуна коюуга үйрөтүӊүз, талап кылыӊыз. Өз оюн тартынбай айта алуусуна көндүрүп жүрүп отуруӊуз. Эч качан аны тыйбаӊыз. Болбосо тартынчаак болуп өсө баштайт. Бир нерсе сураса тажабай жооп берип, анын акыл-эс кампасы менен чөйрө таануусун кеӊейтип туруӊуз.

Жардамчыӊызга айлантыӊыз
6 жашында мектепке рюкзагын өзү көтөрүп барып, келсин. Алы жете турган үй-чарба иштерине жардамчы болсун. Мисалы, жашылчалардын сыртын тазалап, сырттагы гүлдөрдү сугарып. Ал иши үчүн «менин мыкты жардамчымсыӊ. Сен болбосоӊ өзүм качан бүтүрөт элем?» деп кубаттап коюӊуз. Мындай сөздөн бала дагы бир нерселерди үйрөнүүгө шыктанат. Бөлмөсүн өзү тазалап, тамак жеген идишин өзү жууп коюшун эскертиӊиз. Балаӊыз буларды үйрөнсө, убактыӊыз үнөмдөлөт, нервиӊиз да коробойт. Бала да өзүнө тыӊ жана ишенимдүү, жоопкерчиликтүү болуп чоӊоёт. Кыскасы, баланын колунан келе турган ишти сиз жасабай, өзүнө тапшырыӊыз. «Балам уктап же ойноп алсын» деп баарын өзү кылып жүргөн ата-эненин баласы кийин 20-40ка чыкканда деле «мен үчүн бирөө жасап же акча берсе» деп турарын бөркүӊүздөй көрүӊүз.

Катасын кайра кайталабашын көзөмөлдөӊүз
Балаӊыздын дайыма достору болсун жана алар менен чогуу ойногонго, чогуу сабак даярдаганга шарт түзүӊүз. Бала коллектив, чөйрө деген эмне экендигин билип, андан өз ордун таба билүүгө, адамдар менен мамиле түзгөнгө жетише баштасын. Кетирген катасы үчүн урушпаӊыз, андан көрө канткенде туура болорун айтып, кийин ал катасын кайталабашын көзөмөлдөӊүз.

МЕКТЕПТИ БҮТКӨНГӨ ЧЕЙИН...
Бир нерсе жасап үйрөнүүсүнө каршы чыкпаӊыз
Бала кийин жашоодон өз ордун таап, бир кесиптин ээси болуп чыгуусу үчүн анын жөндөмдүүлүгү эмнеде экендигин байкап, аны өстүрүп жүрүп отуруӊуз. Керектүү ийримдерге бериӊиз. Эч качан аны башка балдарга салыштырып, «тигиге караганда сен жамансыӊ» деп басмырлап, мокотпоӊуз. Бир нерсе жасап үйрөнөйүн десе, каршы чыкпаӊыз. Бала улам жаӊы нерседен өзүн сынап көрүп, бышып, алдыга жыларын эске тутуӊуз. «Мен сага ишенем, сенин колуӊдан келет» деген сөз менен анын өзүнө болгон ишеничин бекемдеӊиз.

Кылган ишине жооп бергидей болсун
Балаӊыз кандайдыр бир маселеге кабылса, анын ордуна сиз чечип бере салбаӊыз. Маселени чечүү жолун өзү ойлоп таап, кылган иши үчүн өзү жооп берүүсүн айтыӊыз. А сиз ал маселенин келип чыгуу себеби эмнеде жаткандыгын, кайсы жерден ката кетиргендигин түшүндүрүӊүз. Оор жагдайда гана чечишүүгө жардам бериӊиз.

Акча таап жетише баштаса эӊ жакшы
5-6-класста экенинде ата-эне үй-бүлө бюджетин бөлүштүрүүгө катыштыра баштоосу керек. Анда ата-эне 1 айда канча акча тапканын, анын канчасы азык-түлүккө, коммуналдык төлөмгө, кийим-кечеге кетерин айтат. Мүмкүн, акча баарына жетпей тартыш болуп каларын эскертет. Ушундан улам бала тамак-ашты сарамжал, окуу куралдарын абайлап колдонуу керектигин түшүнөт. Каникул учурунда бир нерселерди сатып же талаада иштей коюп акча таап жетише баштаса абдан жакшы. Бирок оор жумушта иштеп, иштен эрте көӊүл калуусуна жеткирбөө керек.

Тиешелүү иштерди үйрөнүшү зарыл
Уул баланы ата, кызды эне тиешелүү иштерге үйрөтүп барышы негизги талап. Мисалы, кыз тамак бышырып, үй-жайды кармоону, конок күтүүнү үйрөнүүгө жетишсе, уул бала сарайдын ураган жерин бүтөөнү, гараждын ичин ыӊгайлуу жайгаштыруу сыяктууларды өздөштүрүүсү кажет.

Бизнес сырларын өздөштүрүүсүнө салым кошуӊуз
Бирөөлөрдүн сөзүнө кирбей өзү туура деген гана кадамдарды жасоо керектигин, алдыга максат коюп, ага жетүүгө умтулуу зарылдыгын билгидей болсун.
Жогорку класска барганда бизнес сырларына кызыктырыӊыз. Ал жааттагы китептерди сатып берип, фильмдерди көргөзүп, оюн угуӊуз жана өзүӊүздүн ойлоруӊуз менен бөлүшүӊүз.

«Супердин» сурак бурчу
АТА-ЭНЕ БАЛАНЫ КАНЧА ЖАШКА ЧЕЙИН БАГУУГА МИЛДЕТТҮҮ?

Айша Сатаева, 56 жашта:
– Баланы үйлүү-жайлуу болгуча багуу ата-эненин милдети. Бирок бала үйүндөгүлөрдүн моюнуна отурбай, мектепти бүткөн соӊ иштеп да, ЖОЖдо окуп да кетсе эӊ жакшы. Бала эрктүү, мээнеткеч болуп чоӊоюшу кажет.

Нургазы Жанузаков, 39 жашта:
– Эгер бала майып болсо, ата-эне аны өмүр бою багат. Кокус ичкич, баӊги болсо да аны карап-көзөмөлдөп, дарылатууга муктаж. Эгер уулу же кызы тыӊ, тиричиликке бышык болсо, анда паспорт алгандан кийин «өзүӊдү бак» деш керек.

Жамалкан Кенжебаева, 64 жашта:
– Бала жогорку билим алып, иштей баштагыча камкордукка алууну туура деп ойлойм. Андан ары өз жашоосун өзү алып кетүүсү зарыл. Мисалы, үйү жоктор деле үй-бүлөсү менен батирде жашап жүрүп эптеп акча чогултуп үй салып, өздөрүн багып жатышпайбы.

Рысбек Турсуналиев, 43 жашта:
– Баланы бутуна туруп, жетишерлик акча тапканга чейин багуу керек. Анткени азыр жумушсуздук көп, баары кымбат. Үйлөнүп, өзүнчө жашагандары менен материалдык кыйынчылыкка кез келип, ажырашып кетип жатышат.

Бактыгүл Мамытова, 50 жашта:
– Эси жок баланы ата-эне өмүр бою багат. Бала эстүү болсо балдар үйүндө тарбияланып, чоӊоюп деле кийин бир айылды бакканга жарайт. Башкысы бала жашоого умтулуп, эрктүү болушу зарыл.

Кубанычбек Кожобай уулу, 20 жашта:
– Менимче, баланы мектепти бүткөнчө камсыздаган туура. Студент кезде окуу менен кошо жеӊилирээк жумуш таап өзүн бага баштаса болот. Айрыкча уул бала машина алуу, үй салуу дегенге өз алдынча аракет кылса жакшы.

Гүлзат Дооронбекова, 28 жашта:
– Ата-эне баласын өмүр бою деле бага берет. Бирок бала 18 жашка чыккандан кийин өзүн бага баштоосу кажет. Бул үчүн аны ата-энеси кичинесинен эмгекчил, чыдамкай кылып тарбиялап өстүрүүсү зарыл.

Канымжан Усупбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
adimyrza
2016-02-29 10:06:52
жакшы кенештер учун рахмат!
+6
Jigitronic
2016-02-29 10:22:58
Болор бала б*****н деп муну ата бабабыз тээ кыргыз жаралганда эле айткан.
+7
AlbertEnshtein
2016-02-29 17:13:02
Jigitronic, ошо богунан дегени кичине кезинен дегени да. Демек кичине кезинен жашого тарбиялап даярдаш керек.
+2
Rednalf
2016-02-29 17:28:41
AlbertEnshtein,Болор бала деп жатат.Болбос неме 40 жашында да колунан эч нерсе келбейт.Мааниси тарбиядан эмес дээринен.
+2
AlbertEnshtein
2016-03-03 05:09:10
Rednalf, ар бир бала жаны торолгондо бирдей торолот. Баарыле бир жашында басат, эки жашында суйлойт. Ал эми баланын БОЛООРУ же Болбосу атанеден. Ошо конул бурулбай калган бала кийин 40ка чыкса да онолбойт.Себеби бобок кезинде тийиштуу каралган эмес.Албетте ан сезим ар балада ар башка, бирок жетпегенге жеткире тарбия билим беруу атаненин милдети.Мисалы класста экичи балдар кобунчо арткы партада отурганлар, шоктор, оюнга алаксып кеткендер.Ошолорго индивидульно конул болунсо алар экичи болмок эмес
+2
AlbertEnshtein
2016-03-03 05:16:56
Мисалы Назбийке ни эле алалы, ал кыз жаны торолгондо уйдон кетууну пландаган эмес да. Аны ошо уй иштери тажатты, ашыкча копол мамиле коргон бала , сылык мамилеге муктаж осуп, чоноеру менен сылык суйлогон жака кетип калат. Мен озум педагог-психологмун, менде да бала бар. Уурулука эмнеге барышат: жокчулуктун айынан. Ууру болуп эч ким торолбойт. Балага жаш маалында эмне жетишпесе, переходный возрастта ошол жетишпеген нерсеге жетууго умтулат. уйдо, уйбулоодо мээримдуу оскон балада проблема болбойт.
-2
Rednalf
2016-03-05 12:08:13
AlbertEnshtein,Ал сиздин ой меники өзүмдүн оюм.Жакшы үй бүлөдөн чыккан "тарбиялууларды"көрүп жүрөбүз.Эки алкаштан төрөлгөн тарбия алган акылы тунук,эл жасай албаган нерселерди жасаган азаматтар бар.
+1
AlbertEnshtein
2016-02-29 17:18:51
Мага биздин кээ бир салттар жакпайт. Жаш бала деген оозун жаап суйлобой отуруш керек, чондор суйлогондо киришпей дегендер бар. Анан да эркек бала уй ишин кылбаш керек дегени, идиш аякты апалары жууганы жакпайт. Биздин уйдо 4 бир тууган, идишти очередь менен эркек кыз дебей жууйт элек. Мен шыпырсам иним пол жууп койчу. Кудага шугур баарыбыз уйдон 17жашыбызда кеттик, атанеге 18 жаштан бери жардам катары биз акча беребиз. Кенештер эн туура. Самостоятельный болуш керек даже 2жаштан баштап.
+15
KYRGYZJERI
2016-02-29 20:33:03
AlbertEnshtein,
мен да сага кошула кетем.
биздеда уйдо эркектер колго чон чон кирди жууп, кийиз кубуп, жун сабап апабызга жардам берчу эле.
Кыз болсок да эркектер жасасын дебестен эшиктин оокатын кошо кылышып чонойдук.
Мектепти 5 менен бутсонда барибир кол алдынча кылган оокаттын кобурок пайдасы тийип уй тиричилик жашооно тын болот экенсин.
+5
FSB
2016-03-05 03:33:34
AlbertEnshtein,Einstein
0
josholu
2016-02-29 19:24:20
Кенешинерге рахмат ! буйруса балалуу болсом жакшы тарбия бергенге аракет кылам.
+6
huriza
2016-02-29 19:58:51
Kenewinizge rahymat,buirusa balamdy uwuntip tarb9 berem.
+1
marat1285
2016-02-29 20:31:59
жакшы кенештер экен
+1
Inna_91
2016-02-29 21:53:16
Мен балдарымды чертип да койбойм эркин чоноюп эркелеп журо берет буюрса
-3
Komrad
2016-03-01 12:37:41
Дайыма көңүл буруш керек. Эмне жетпей атса ошону балага бериш керек. Мындай кыл тигиндей кыл деген бардык ата энеге туура келбейт. Сабатсыз ата эне болсо деле, баласын озунон бийик кылып чонойтконго аракет кылыш керек. Бизде да болгон ата энеге бир ойду айтсан сүйлөбө дейт. Андан көрө бул эмнени айтып атат, эмнени билбей айтып атат деп аягына чейин угушкан эмес. Мына азыр алыстабыз сүйлөшүп отурганга зар болуп убакыт жетпей жүрөбүз. Бала ата энени укпаса азабын озу тартат экен. Ал эми баланы ата
+1
nuru95kg
2016-03-02 20:25:11
туура айтат мен кошулам
+1
kobra86
2016-03-03 13:05:16
менин балдарым 2 жашта тамакты оздору жейбиз дешет ойунчутарын жыйнашат кийимин озубуз киебиз дешет значет аракетчил экенда
+2
Mars55
2016-03-03 16:08:50
Жакшы кеңеш экен.Азыркы балдар эрке ата апасы көзүн карашат 7-8ге чыксада апасы тамакты оозуна салат.
+1
sanrisa
2016-03-03 16:51:36
Менин оюмча, баланы жакшы көрүш керек, бирок өтө көп эркелетпеш керек. Чындап эле, самостоятельный болууну бала чагынан эле тарбиялоо ата-эненин парзы. Алыс кетпей эле коелу, менин тегерек-четимдени кээ бир кишилер өмүр бою өтө эркелеп жүргөн экен, карыса деле үмүтөтөт, озу эчтеке кылгысы келбей, башкача айтканда "алма быш - оозума туш" деген ойдо...
0
Eliza761024
2016-03-06 14:05:20
Мен да оз бала тарбиялоо тажрыйбамдан айта кетейин...ашыкча болбос.Анткент бул жерден да озумо пайдалуу нерселеоди окудум.Менин 3 эркек уулум бар.Ото сомостоятельный деп айта албайм..бироосунун мунозу биоине окшобойт...ар биринин икулк мунозуно жараша тарбиялайм.бизде уйдо демократия...ар ким оз ойун айтууга укуктуу.Папасы мн мени мн секреттерин жашырбай айтышат.Бир нерсени жашырбай айтканга кондуром.Мектепте жакшы коргон кыздарынан бери айтып келип ортого салып кенешебиз.
0
Eliza761024
2016-03-06 14:13:02
адамдар мн кантип диалог куруп,кенен суйлошуу ото пайдалуу экендигин тушундургонго аракет жасайм.Красиво жашагынар келсе...жакшы уй машина...сулуу кыздар мн уй було куруп,жакшы жумушта иштеп эл башкарыш учун талыкпаган билим мн эмгек керек экендигин кенири тушундурууго аракет жасайм...Кудайга шугур десем болот,мектепте алдынкы окуучулардын алдын толуктап,аракеттерин жумшашат.А мага тиешелуу нерселерди убагында мен озум аткарып,мээримимди тогуп кучагыма кыскандан тажабоого аракет жасайм.
0
love8994
2016-05-06 11:24:10
туура кенеш экен
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан