ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ИНИМ ДАЙЫНСЫЗ»
– Мен иним Турдумбаев Ырысбек Карагуловичти издейм. Ал 1956-жылы Нарын шаарында туулган. Нарын ОИИБинин МАИ кызматында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. 2004-жылы жаз айларында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуӊуздарды суранам. Бир туугандары издеп жатабыз.

 Тел.: 0555 79 00 01

«МАМАТМУСА, ОКУСАӉ БАЙЛАНЫШ»
– Мен Эрманас уулу Маматмусаны издейм. Ал экөөбүз 2010-жылы Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинде окуп жүргөндө таанышканбыз. Кайсы жерлик экенин билбейм. Муса, эгерде окуп калсаӊ мага байланыш. Сени издеп, күткөн Айпери

Тел.: 0772 70 19 52

«КУРСТАШЫМ БОЛОТТУ ИЗДЕЙМ»
– 1990-жылы Душанбе шаарындагы Орус тили жана адабияты тажик педагогикалык институтун (ТПИРЯЛ) бирге аяктаган досум Болот Кыдыралиевди издейм. Ал Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан болот. Болотту тааныгандар болсо төмөнкү номер аркылуу кабарлап коюӊуздар.

Расул, тел.: 0553 08 07 20

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан