ЖООКЕРЛЕР КУРАЛ КОЛДОНУУНУ БИЛИШПЕЙТ

Балыкчы шаарындагы №20636-аскер бөлүгүндө 18-февраль күнү аскер кызматын өтөп жаткан 2 жоокер бири гранатадан, экинчиси октон жаракат алып, ал кийинчерээк каза тапты. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, машыгуу учурунда катардагы жоокер Билал Икрамов гранатанын сыныгынан (осколка) бутунан жараат алган. Азыркы тапта анын абалы канааттандырарлык. Ушул эле күнү жоокерлердин этиятсыздыгынан улам катардагы жоокер Мурат уулу Дастандын башына ок тийген. Ал чогуу кызмат өтөгөн жоокер менен сүрөткө түшүп жатып ушундай окуяга кабылган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жоокерлердин бири автомат менен экинчисин мээлеп тургандай болуп танктын жанында сүрөткө түшүп жатканда атып алган. 19-февраль күнү Мурат уулу Дастан эсине келбей каза тапты. Аны атып алган жоокер кармалып, Балыкчыдагы убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынганын Башкы прокуратура билдирди. Ага карата «шалаакылык», «кароол кызматын аткаруунун эрежелерин бузуу» жана «курал-жаракты жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу нерселерди колдонуу эрежелерин бузуу» беренелери менен кылмыш иши козголду. 22-февраль күнү өкмөттүн резервдик фондунан Балыкчы шаарында кырсыктан каза болгон катардагы аскер Мурат уулу Дастандын үй-бүлөсүнө 100 миӊ сом бөлүндү. 
Өкмөт башчы Темир Сариев кырсык болгон аскер бөлүгүнө барып: «Бир күндө бир эле аскер бөлүгүндө ушундай эки окуянын орун алышы бул тармакта олуттуу маселелер бар экенин көргөзүүдө. Мындай окуялар үчүн офицердик курам жооп бериши керек»,- деп билдирди. Өкмөт башчы, албетте, жымсалдап айтты. Жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, аскер кызматы аталган менен, жоокерлерибиз курал колдонууну билишпейт. Учурда аталган окуялар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
soccer_boy95
2016-03-01 15:57:12
бизге барыбир
-2
ZANIA-92
2016-03-02 00:27:28
Мага барыбир эмес. Тартипти орнотуу керек Бут жерге.
+6
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан