18-февралда «Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Текебаев экс-спикер Ахматбек Келдибековго ачылган кылмыш иши боюнча сотто күбө катары көрсөтмө берди. Эске салсак, башкы «ата мекенчи» бул соттук ишке 2 жылдан бери чакырылып жүргөн болчу. Текебаев сотто «Келдибеков Жогорку Кеӊештин чечимин бурмалап жиберген» деп көрсөтмө берсе, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары «Текебаев Келдибеков парламент өкүлчүлүгүн ачууда өз кызыкчылыгын көздөбөгөнүн айтты» деп көрсөтмөнүн маӊызын өзгөртүп жиберишти. «Ата Мекендин» төрагасы буга кошулбайт.
«2010-жылдын 29-декабрында Келдибеков «Санкт-Петербургда Парламенттер аралык ассамблеяда Кыргызстандын Жогорку Кеӊешинин өкүлү бар, анын алдында 1-2 эле адам иштейт экен, ага дагы 3-4 адам кошуп берип, макамын бекемдеп, анын мүмкүнчүлүгүн көтөрөлү» деп сунуш кылды. Аны Жогорку Кеӊеш, ошонун ичинде мен дагы бир добуштан колдоп бердик. Бирок Келдибеков Жогорку Кеӊештин башка токтомун түзүп, Москвага «Атайын өкүлчүлүк» деген институтту ачат. Өкүлчүлүккө 2011-жылы 10 миллиондой сом бөлүнсө, 2012-жылы 29 миллион сом акча каралган. Ал кызматтарга депутаттык мандат жетпей калган партиялаштарын дайындаган. Ошентип, өкүлчүлүктүн кызматкерлери Москвага барбай эле Бишкекте жатып 1000-2000 доллар айлык алып турушкан. Мен сот процессине барып так ушул жагдайды айтып бердим.
Жогорку Кеӊеш бир маселе боюнча чечим кабыл алса, Келдибеков аны кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүм билемдик менен башка чечимге алмаштырып койгон. Алмаштырып койгондун өзү кылмыш, анын кесепети кандай болду? Өкмөт, президент жана Жогорку Кеӊеш алданып, мыйзам кабыл алып, миллиондогон акчалар туура эмес сарпталды.Сотто мына ушуну айтканга туура келди»,- деди Текебаев.
«Ата Мекендин» лидери «Келдибековго жан тартты» деп чыккан сөздөр боюнча: «Окуядан бери 4 жыл өтүп, мурункудай актуалдуулугун жана курчтугун жоготту. Экинчиден, Келдибеков ооруп көп дарыланды, мурункудай саясий таасиринен ажырады, депутат эмес. Ошондуктан коомго коркунучу жок. Муну айтпай кетсем мен тараптан адилеттүүлүк болбой калат»,- деп кошумчалады.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 2015-жылдын ноябрь айында Ахматбек Келдибековду салык кызматын жетектеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан деген айып боюнча актап, Жогорку Кеӊештин спикери болуп турганда Москвада өкүлчүлүк ачуу чечимине байланыштуу күнөөлүү деп таап, 3 миллион сом айып пулга жыккан. Мамлекеттик айыптоочу судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган эле. Иш кийинки инстанцияга өтүп, учурда Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg