«I LOVE ENGLISH VIDEO CONTEST 2016» сынагынын сыйлык берүү аземи Бишкекте өттү

2016-жылдын 12-февралында Касымалы Баялинов атындагы жаштар китепканасындагы Америка борборунда «I Love English video contest 2016» сынагынын сыйлык берүү аземи өткөрүлдү. Ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни, Билим берүү жана илим министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, мектеп директорлору, англис тил мугалимдери жана АКШ алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү катышышты.
«I Love English» видео сынагы 2015-жылдын 25-декабрынан баштап 2016-жылдын 5-февралына чейин созулду. Кыргызстандын ар бир аймагындагы англис тилин үйрөнүүчүлөр жүздөн ашык кыска тасмаларын Фейсбуктагы «I Love English» баракчасына жарыялашкан. Жеӊүүчүлөр үч категорияда тандалды: эӊ күлкүлүү тасма (Батыр Ильясов, Каракол), эӊ романтикалуу тасма (Уланбек Асаналиев, Бишкек) жана эӊ оригиналдуу тасма (Дильде Боронбаева, Бишкек). Бул сынактын  жеӊүүчүлөрү iPhone 6 менен сыйланышты. Фейсбук баракчасында баарынан көп «лайк» топтогон жана комментарий көп жазылган видео Гран-принин ээси болуп дайындалды. Бул сыйлыктын ээси Жоомартбек Анназаров (Кадамжай, Баткен облусу) iPad Air 2 утуп алды. Ошондой эле экинчи жана үчүнчү орунду алган жеӊүүчүлөрдүн сынак учурунда көрсөткөн активдүүлүгүн жана чыгармачылыгын баса белгилеп, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги аларга шыктандыруучу байгелерди тапшырды. «Америка ыры-2015» сынагын жеӊген №24-орто мектептин окуучулары Дарика Жолборсова жана Айдай Абдыкеримова, АКШ ACCESS программасынын бүтүрүүчүсү Адина Самыйбекова, «Тумар» тобунун өкүлү жана Шопоков шаарындагы ACCESS программасынын студенттери сыйлык берүү аземин аякташты.
Сыйлык берүү аземи Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланган «Англис тил жумалыгы» алкагында 8-февралдан 15-февралга чейин болуп өткөн иш-чаралардын жыйынтыгы болду. Англис тилине болгон кызыгууну ойготуу жана бул предметтин окутуу сапатын жогорулатуу максатында Кыргызстандын орто мектептеринде «Англис тили – эл аралык баарлашуу тили» жана «Мен англис тилин сүйөм» деген темада Америка ыр сынактары, викторина, дебаттар, дубал баракчалар конкурстары жана башка көптөгөн интерактивдүү иш-чаралар өткөрүлдү. АКШ элчилигинин дипломаттары Бишкек, Ош жана Каракол шаарларынын жана Чүй облусунун бир катар мектептерин кыдырып, окуучулар менен жолугушуп, уюштурулган сынактарда калыстардын мүчөлөрү болушту. 
Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү иш-чараларга активдүү катышышты. Алсак, мектеп окуучулары менен алмашуу FLEX программасынын бүтүрүүчүлөрү орто мектептердин окуучулары үчүн англис тилинде мыкты оюндарды уюштурушту. Ал эми орто мектептердин мугалимдери үчүн педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү боюнча TEA программасынын бүтүрүүчүлөрү ачык сабактарда, усулдук семинарларда жана тренингдерде өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Англис тилине болгон кызыгууну арттыруу боюнча иш-чараларды улантуу максатында Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги англис тил жумалыгы ичинде англис тилин  үйрөнүүчүлөр үчүн «Мен англис тилин сүйөм, анткени…» деген темада мыкты дубал баракчалар конкурсун жарыялайт. Кошумча маалымат Фейсбуктун баракчасында жайгаштырылган.

Төмөнкү жеӊүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Эӊ күлкүлүү тасма
1. Батыр Ильясов, Каракол, Ысык-Көл облусу
2. Дмитрий Мизрахи, Бишкек
3. Жоомарт Максатбеков, Бишкек

Эӊ романтикалуу тасма
1. Уланбек Асаналиев, Бишкек
2. Самат Дурусбеков, Бишкек
3. Айдана Ниязова, Чок-Тал, Ысык-Көл облусу

Эӊ оригиналдуу тасма
1. Дильде Боронбаева, Бишкек
2. Аскар Таалайбеков, Нарын
3. Мээрим Дильдебаева, Шопоков, Чүй облусу

Баш байге
Жоомартбек Анназаров,
Кадамжай, Баткен облусу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
regina86
2016-02-29 23:03:28
Женишке жеткен тасмалардан жуктоп койосуздарбы сураныч
0
admin_superstan
2016-03-01 11:19:10
regina86,
Саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болору менен жүктөгөнгө аракет кылабыз, сунушуңузга рахмат!
0
AZIK01
2016-03-06 16:22:47
Жакшы саамалык! Англис тилди жакшы жжайылтуу керек. Үйрөнүш керек.
0
№ 695, 26-февраль-3-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан