ЭМНЕ ҮЧҮН БОРБОРДУК АЗИЯДА ЭКОНОМИКА АДИСТИГИ БОЮНЧА ЖОГОРКУ БИЛИМ АЛУУ ЗАРЫЛ?

Бул макала жогорку окуу жайларына тапшыруу учурунда келип чыккан суроолорду жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого багытталган «Жогорку окуу жайын тандоо» аттуу макалалар жыйнагына кирет. Аталган жыйнак 2016-жылдын сентябрь айында баштала турган окуу жылына абитуриенттерден алгачкы жолу тапшырыктарды кабыл алып жаткан Борбордук Азия университети (БАУ) тарабынан даярдалган. Окууга тапшырыктарды тапшыруунун акыркы күнү – 18-март, 2016-жыл.
Экономиканы азыркы замандын талаптарына жана учурдагы жагдайга ылайык көз караш аркылуу түшүнө билүү чечим кабыл алуу үчүн абдан маанилүү. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр мамлекеттик бюджет кандай түзүлө тургандыгына дээрлик таасирин тийгизет. Ошону менен бирге ири корпорациялар тоо-кен иштетүү жана ресурстарды башкаруу сыяктуу тармактарды инвестициялоо боюнча чечимдерди да аталган көрсөткүчтөрдүн негизинде кабыл алышат. Микродеңгээлде болсо, чакан ишканалардын өз ишкердигин кеңейтүү же бааларды жогорулатуу чечими экономиканы түшүнүүгө байланыштуу. Ал эми жеке адам үчүн экономика – университетте билим алуу жөнүндө чечимдин негизги себептеринин бири. Окуу акысын кантип төлөйсүң? Ала турган билим төлөнө турган акыга татыктуубу? Ала турган билимиң кийин талапка жооп береби? Жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү канча?
Акыркы жылдары дүйнөлүк рыноктун туруксуздугуна карабастан Борбордук Азия өлкөлөрүндө дээрлик экономикалык өсүү байкалууда. Акыркы 10 жылдын ичинде кайсы бир жылдары экономиканын жылдык өсүүсү 9 пайызга чейин жетти. Бул көрсөткүч дүйнө жүзү боюнча региондор арасында эң бийик болуп эсептелинет. Мындай экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткычтары минералдык ресурстар, айыл чарбасы жана соода болду.
Борбордук Азия университети бакалавриат программасынын алкагындагы «Экономика» боюнча окутуу программасы региондун экономикасынын талаптарына ылайык рыноктун мүнөзүнө шайкеш түрдө иштеп чыккан жана ал студенттерди ар тараптуу аналитикалык жана практикалык жөндөмдөр менен камсыз кылып, банк, эл аралык соода, жеке жана корпоративдик финансы тармактарында жана саясат талаасында башкаруучу орундарды ээлөөгө жол ачат.
БАУнун экономика боюнча уникалдуу программасы ишкердик экономикасы боюнча адистешүүнү сунуштайт. Кеңири изилдөөлөр аркылуу экономика багыты боюнча бакалавр деңгээлинде билим берүү чөйрөсүндө кемчилик аныкталган, ал – ишкердик боюнча жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган жогорку окуу жайларынын саны дээрлик аз болгондугунда.
БАУнун экономика багытына тапшырган студенттерине ишкердик экономикасы, социалдык ишкерлик боюнча заманбап курстар сунушталат, ошондой эле идеяларды жарамдуу жана туруктуу бизнес мүмкүнчүлүктөрүнө айландыруу куралдарын түшүнүп, өздөштүрүүгө жол ачылат. Бүтүрүүчүлөр жумушка орношуу гана эмес, жумуш орундарын түзүү үчүн керектүү билим жана жөндөмдөргө ээ болушат.
Студенттерге студенттик ишканалардын инкубатору болгон инновациялар жана ишкердик лабораториясынын ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгү сунушталат. Эмгек акысы төлөнө турган практика жана консультациялык долбоорлор аркылуу студенттер пайдалуу байланыштарды түзө алышат. Мисалы, региондук жана мүмкүн болушунча чет өлкөлүк экономика боюнча профессорлор менен.

БАУнун экономика боюнча негизги билим берүү программасынын бардык компоненттери атайын билимге ээ, кызматкерлер катарына кирүүгө толук даяр, ар кыл өнөргө ээ адистерди жана ийгиликтүү ишкерлерди даярдоого багытталган. Толук маалымат жана БАУнун экономика боюнча окутуу программасы сен үчүн ылайыктуулугун билүү үчүн:
www.ucentralasia.org/admissions сайтына кир же admissions@ucentralasia.org электрондук почта дарегине кат жаз, же болбосо
+996 312 663 822, +996 770 822 901 телефон номерлерине чал.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан