ООРУЛАР, ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЧЫР-ЧАТАКТАР, ИШТИН ЖҮРҮШПӨСТҮГҮ...

МУНУН СЕБЕПТЕРИ ЭМНЕДЕ ЖАНА АНЫ КАНТИП ЖӨНГӨ САЛУУГА БОЛОТ?
Беларусь, Украина, Орусия, Польша, Италия, Германия, Казакстан өлкөлөрүндө ийгиликтүү иш жүргүзүп келе жаткан, 20 жылдан ашуун тажрыйбасы бар биоэнерготерапевт, психолог Илхам Исмаилов биринчи жолу Кыргызстанда
.
– Казакстанда экениңизде биздин ошол жакта иштеп жаткан тааныштар сиздин кабыл алууңузда болуп, ооруларынан айыгып, ошондой эле жеке жашоосундагы маселелерден кутулушуптур эле. Андыктан сиздин башкы сырыңызды билгибиз келет...
– Биоэнерготерапевт, психолог дарылабайт, ал айыктырат. Врачтар гана дары-дармек берип дарылашат. Андыктан менин уникалдуу күчүм – дары-дармексиз айыктыруу. Айыктырып гана тим болбой, анын жаралуусуна түрткү болгон себептерди таап чыгып, толук четтетүү.

– Кечириңиз, анда баары түшүнүктүү болушу үчүн башынан баштайлы. Биздин ооруларыбыздын жана жеке жашообуздагы маселелердин келип чыгышы эмнеден?
– Азыр кайсы жакты карабагын нерви жана шалкы бош, ар кайсы жери ооругандар, чөйрөсүндөгүлөргө салкын мамиле жасагандар, ичкиликтин, баңгизаттын, интернет оюндарынын кулуна айлангандар, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын сазына баткандар, иши же жүргүзүп келген бизнеси артка тартылгандар көп. Булардын баарын жалпы карап көрсөк, маселенин баары адамдын жан дүйнөсүндө.
Жан дүйнөбүз – биздин жашоо энергиябыз. Эгер бизди бирөө-жарым жаман көрсө, каргап-шилесе, көзү (ичи) күйүп карап койсо, ушактаса, анда терс энергиялар биздин биоэнергиябызга терс таасир этип, акырындап ар жерине чогула берет да, биоэнергиябызды кирдетип, анын түзүлүшүн бузуп, ал тургай акырындап тешип кирет. Адамдагы энергия ошол тешикчелерден чыгып, токтобойт. Энергия токтобосо адам канчалык күчтүү тамак ичпесин алсырайт, урушчаак болот, акырындап оорулар жаралат. Жан дүйнө тең салмагы бузулгандыктан ишинде, үй-бүлөсүндө маселелер башталат.
Жан дүйнөнүн дагы бир чоң душманы – стресс. Биз катуу стресс болгонубузда жан дүйнөбүз тең салмактан чыгат да, ичибизден бүлүнүп, оорулар кылтыйып чыга келет. Ичтеги жек көрүү, кек да биоэнергиябызды бузуп, энергиябыздын токтобой калуусуна жеткирет.
Мен көп жылдар бою биз эмне үчүн ооруйбуз жана дартты кантип токтотсо болот деп баш катырдым. Көрсө, адам ооруса өзүнүн ички жашыруун мүмкүнчүлүгүн иштетүү менен сакаюуну унутуптур. Адам өзүн роботко айлантып, ооруса дароо врачка чуркап, ал тургай органдарын жасалмасына (мисалы, муунун) алмаштыра баштаган заман. Албетте, ким оорудан кутулгусу келсе, ал изденет, врачка, табыпка барат. Бирок ошолордун кээ бири аларга ишенип барат да, оорусунан сакаят. Ишенбей баргандар оорусуна даба издеп ар кимге чуркаганын уланта берет. Ошентип убактысы да, акчасы да кетет, оорусун күчөтөт.
Биз, биоэнергетиктер, психологдор адамдын мүнөзүнө карап аны келечекте эмне күтөрүн биле алабыз. Алдыда кандай кооптуу бурулуштар күтүп турганын айтып, алардан айланып өтүү жолдорун көрсөтөбүз.
Менде 8 өлкөнүн (эми Кыргызстанда да) Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иш жүргүзүүмө уруксат берген лицензияларым бар.

– Азыр невроз, психоз оорулары көп. Стресс, депрессияга учурагандар четтен чыгат. Сизди аларды «унчукпай жанына алып отуруп эле айыктырат» дешет. Бул кандайча?

– Мен алардын булганган энергиясын чыгарып, ордун өзүмдүн таза энергиям менен толуктап, тешилген жерлерин таза энергия менен бүтөп, жан дүйнөсүн тең салмакка келтирем. Кайсы органы ооруса аны да таза энергия менен камсыздап туруп, ошол органды ишке киргизебиз. Бул жерде биз колдончу дагы бир сыр бар, ал жашыруун тура турсун. Калганын адамдын иммунитети өзү жөндөп кетет. Башкача айтканда, адамдын ичиндеги запастагы күчү, механизми ойгонуп, ишке кирет да, организм өзүн-өзү айыктырууга жол алат. Мисалы, Орусиянын Ярославль шаарында жүргөнүмдө мага бир киши келди. Бир карап эле анын аракеч экенин билдим. Ал мага бир нерселерди айткысы келди. Мен ага «колуңузду бериңиз да жөн гана отуруңуз» дедим. Анын бир кезде жан дүйнөсү тең салмактан чыгып, үйдөгү ордун акырындап жоготуп, депрессиядан улам ичкиликке өткөнү ачык-айкын эле. Ошентип, аны менен 15 мүнөт отурдум. Ал убакта көзүнүн ойноктогону токтоп, жүзүнөн нурдануу билине баштады. Анан унчукпай мени менен кош айтышып чыгып кетти. Канча бир айдан соң ошол шаарга барсам бир эркек келип жаркылдап саламдашты. Көрсө, баягы киши экен. 15 жыл достошкон ичкиликти таштаптыр, жанындагылары аялы,балдары экен. Биз ушинтип унчукпай ичкиликтен арылта алабыз.
Мага интернет жана кумар оюндарынын, баңгизаттын азабын тарткандар, акча табуу үчүн мигрант болуп жүрүп ооруга чалдыккандар, тагдыр жолунан адашкандар, иши жүрүшпөй кыйналгандар толтура келет. Ар бир адам индивидуалдуу болгондуктан алардын ар биринин организмине, жан дүйнөсүнө туура келчү ачкычты издеп таап, анан аны айыктырууга киришем.
Каргап, дайыма кылдан кыйкым издеген, ушактын «атасын тааныткандар» да бар. Ичи тарып, бирөөлөрдүн аялын (күйөөсүн) да тартып алат. Андай жаман адамдар – энерговампирлер. Жаман энергия менен азыктанып, жамандык кылгандан жыргагандар. Аларды сезип, тоо кулап келаткандай качыңыз. Ишенбей, өзүңүздү, үй-бүлөңүздү сактаңыз. Оорубай, узак жашагыңыз келсе, элге жакшылык кылыңыз, бирөөлөр сизди сүйсүн, сиз да бирөөнү сүйүңүз!
– Илхам 8 жыл бою түрдүү оорулардан улам төшөктөн турбай калган аялымды бутуна койду. Аялыма врачтар да, табыптар да ошончо жыл бою жардам бере алышкан эмес эле. Илхам бизге жаңы жашоо тартуулады. Рахмат сага, Илхам!

Владислав, Орусия, Санкт-Петербург

– 16 жаштагы кызыбыз баш айлануунун азабын абдан тартты. Биз мектептеги окуунун кыйындыгынан, ошондой эле өткөөл курактын таасири, авитаминоздон деп ойлоп койгонбуз. Врачка алып барып текшертип, 1 курс дарылаттык. Жыйынтык болбоду. Илхамга алып бардык. Көрсө, кызыбыз сүйлөшкөн жигити менен кол үзүшүп, ошондон жан дүйнөсү кыйналып, нервдерине күч келиптир. Илхамдын кабыл алуусунан кийин кызыбыз дароо жеңилдеп калды.

Трубинердин үй-бүлөсү, Орусия, Москва

– Күйөөм менен ажырашуу, ишимден кол жууп калуу... Ошентип чоочун шаарда чөнтөгүмдө акчам жок, 3 балам менен калдым. Кайгырып, ичип баштадым, жашагым келбей калды. Өз жанымды кыюуга аракет кылганымдан соң курбум мени Илхамга алып барды. Бир нече сеанстан кийин жашоом өзгөрө баштады. Жаңы иш таптым, жакшы адам менен тааныштым. Жакын арада баш кошобуз деп турабыз.

Амелия Вуйчик, Польша, Варшава шаары

– Атам 3 жыл бели, муундары ооруп, баса албай калган. Канча жолу рентген, томография дегендерге тарттырдык. Кымбат, мыкты деген дары-дармектерден бир аз гана жардам болуп, кайра эле мурунку оору азабы башталчу. Илхам атабызды 45 күндө бастырып койду. Тамак ичпей калган атабыз тамакты жакшы жеп, өңдөнө баштады. Рахмат Илхамга!

Бриджида Альбанезе, Италия, Сиракуза шаары

«Эгер адамдын максаты айкын болсо, анда адам самаганына жетет».
Илхам

Илхам - жан дүйнө кубатын берүүчү адам!

ИЛХАМ КУТУЛТАТ ЖАНА АЙЫКТЫРАТ:
• Ичкилик, баңгилик, игромания, фобия, паника, нерв болуу, уйкусуздук, жаман түштөрдү көрүп кыйналуу.
• Эндокриндик системдин бузулушу: шалдыроо, алсыроо, шишүү, баштын оорушу, арыктоо же семирүү.
• Ичеги-карын оорулары (гастрит, ашказан жана 12 эли ичегинин жарасы, колит, панкреатит).
• Зат алмашуудан жана нерв системинин ооруларынын айынан келип чыккан тери ооруларын.
• Нерв, жүрөк-кан тамыр системдеринин оорулары: кан басым оорулары, вегетососудистая дистония, баш айлануу, кулактагы шуулдоо, колу-буттун дайым муздап турушу, чымырап уюшу.
• Заара жолдорунун жана жыныстык системдин оорулары: простатит, аялдардын жана эркектердин тукумсуздугу.
• Диагноз коюу (ооруларга).

ЭСКИ ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРДЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН:
• Тукум кууган жана кийин пайда болгон каргышты аныктап, андан кутултат.
• Терс энергиядан арылтат.
• Көз тийүүнү, кара дубаны жок кылып, жол ачат.
• Үй-бүлөлүк чыр-чатактан, агрессиядан арылтып, жакшы жашоого кайтарат.
• Жубайлар арасындагы мамилени (оордугуна карабай) калыптандырат.
• Адамдагы биоталааны калыптандырып, терс энергиялардан сактана ала тургандай кылат.
• Ийгиликке, бизнеске жол ачат.

КААЛООЧУЛАРДЫН БААРЫН 7-8-9-10-11-12-13-14-15-16-17-18-19-МАРТТА
Бишкектин Исанов көчөсү-18 дарегинде күтөбүз (Бөкөнбаев менен кесилишет).
Кабыл алуу убактысы: 11:00-15:00
Кабыл алуу алдын ала: +996 777 788 897 телефону аркылуу жазылуу менен жүргүзүлөт
Төлөм акысы – 3500 сом
ilham.com.ua

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Siren.ms
2016-03-07 13:36:55
жакшыго барыш керек экен
0
010288
2016-03-07 17:06:17
ошко келбей бекен?
0
MuslimNur95
2016-03-07 20:55:17
Мага аябай керек экен бул врач кантип жолуга алат экенбиз
0
Siren90
2016-03-08 00:37:45
3500сомго кызматтарынын баарын пайдаланат бекен же приёмго эле ошончобу?
+2
Nazikbaigazy
2016-03-08 01:47:11
Значит акчасына жараша жыйынтыгы болсо керек
0
Nur_Iman
2016-03-08 13:08:27
Бул деле козу ачыктардын бири окшойт, кантип эле бизнеске, ийгиликке жол ача алсын??? Бул жагы чатак экен.
0
Shat.88
2016-03-10 22:11:06
Бул акча кыргыз элинин социалдык абалы учун чон акча .
0
Ailo
2016-03-11 18:15:18
Allah sebepchi kylgan adamga rahmat aktpai Allahka wugur kylsanarchy.
0
kyrgyzstan00
2016-03-12 00:55:08
Урматтуу,супер инфо Москвада да болобу,Илхом мырза,билип берип коюнуздарчы,ракмат.
0
Abikova93
2016-03-14 13:15:02
Саламатсвзбы супер инфо сурап Билуу телефонуна чалсак тейленбейт Деп жатат го сеанска баралы дегенбиз
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан