(Башы өткөн сандарыбызда)
Ошентип, эртең менен Бактияр экөөбүз суз гана бөлүндүк.
Мен ошону менен тим калбастан, бул окуянын далилин, жок дегенде өзүмдү ишендириш үчүн жообун издей баштадым. Башкаларга сыр бербей сураштырып да көрдүм. Ар ким ар түрдүү сөздөрдү айтышты. Алтургай дарыгерлерден да сурадым. Алар да тубаса кыздыгы жок төрөлүп калуу мүмкүн экендигин билдиришти. Бир күнү күчүмдү топтоп, Бактиярга сөз баштадым.
– Бактияр, сени менен сүйлөшүп алуум керек. Сени ишендирейин деп аракет кылбайм. Ишендире да албаймын. Мени таштап кетүүгө акың бар. Унчукпай жүрө берүүнүн кереги жок.
– Эмнени айтып жатасың?
– Мен чынында ак болчумун. Анан эмнеге мындай болду, өзүм да билбейм,- деп ошол күнү ыйлабаган жаным эми ыйлап кирдим.
– Тескерисинче бул суроону мен сага беришим керек. Качан, ким менен, Малика? Жүрөгүмдү канчалык оорутканыңды билесиңби?
Унчуккан жокмун, эмне деп айта алам? Ал мени күнөөлүү үчүн унчукпай калды деп түшүндү окшойт. Жүзүмдү жаш жууп, ого бетер телмирдим.
– Бактияр, ансыз деле сыздап жүрөм. Кетсең кет, күнөөлө, бирок катуу айтпа. Башка кыз менен мамиле кыла бер. Бул мага канчалык оор болсо да, сени башкага кыйбасам да... Эми баарына чыдаймын!
– Эмнеге кет деп жатасың? Кайда кетем?! Сенчи, сен эмне кыласың? Сага ишенгем, азыр да ишенем. Биз биринчи жолу бирге болдук. Бирок кээде ишене албай кыйналам. Кантип ишенем, Малика?.. Өзүң айтчы, кантип?!
– Мени менен эми ишиң болбосун, каалаган жагыңа кете бер! Эч нерсени сураба! Өмүр бою бул сурооңо жообум жок! Жармаша да албаймын. Сени күнөөлүү кылууга, кармоого менде далил жок. Бир гана айтарым, мен табиятымдан ушундай жаралган соң азабын өзүм тартып өтөм. Дарыгерлер да муну тастыктады. Ушундай жаралыптырмын, мунун азабын тартып өтөм.
Бактияр бир топко унчукпай отуруп калды. Муштуму бир түйүлүп, бир жазылып, анан эле жин тийгенсип мени жаакка бир чапты.
– Малика, мындай болушу мүмкүн эмес!
Өзүн-өзү кармай албай, туш келди уруп кирди. Каршылык көрсөткөн жокмун. Анан кайра токтой калып, бооруна кыса кучактады.
– Малика, жаным, баары жалган ээ, жалган деп айт?! Мени ишендир. Мүмкүн чындап өзүң айткандай жаралып калгандырсың?.. Башка менен болгон эмессиң, чынбы?!
Мен унчукпай анын кучагында сыздап турдум.
– Бактияр, өзүм да кыйналып бүттүм. Барбаган жерим калган жок. Бирок кимди ишендире алам, сениби же сенин апаңдыбы?! Ал мага чоочун, жат аял дечи, ал эмес өз апам ишенеби?! Сен ишендиңби?! Сен бүгүн кет, мени таштап кет! Эгер буга чейин таштап кетсең, сени күнөөлүү кылмакмын. Сөзүнө, убадасына турбаган жалганчы деп айтмакмын. Кокус азыр эмес, кийин таштап кете турган болсоң, чыдай албаймын. Азыр мен күнөөлүүмүн, бир гана айып менен, ушул айып менен гана күнөөлүү кылып таштап кетсең чыдаймын. Кийин кеч болуп калат!
– Жок, ишенсем-ишенбесем да таштай албаймын! Сен мага керексиң! Бул экөөбүздүн гана ортобузда калат. Сенсиз эмне кылам? Биз бирге бактылуу болобуз. Ыйлаба, сени эч качан ыйлатпаймын!
Бактиярдан мындай жооп күткөн эмесмин. Дендароо болуп же ыйлаарымды же кубанарымды билбей, кучагына боюмду таштадым. Бул окуя канчалык оор, жагымсыз болсо да, биздин мамилебизди сууткан жок. Эң негизгиси, Бактияр мени түшүндү. Бул түнү да бирге болдук...
Ушул окуя бизди жакындатты көрүнөт. Бирок түрдүү кеп чыгарып, акыл үйрөтүп, биздин мамилебизге кийлигишкендер чыга баштады. Бири тууганыңмын десе, бири досуңмун деп Бактиярдын кеңешчилери, жакындары көбөйдү. Мен болсо Бактиярдын сөзүнө, убадасына ишенип, айтылган сөздөрдү жүрөгүмө жакын кабыл албоого аракеттендим. Ошентсе да Бактияр ата-энесине үйлөнөрү тууралуу айтууну улам кечеңдете берди.
Жаздын алгачкы күндөрүндө чет өлкөдөн атактуу ырчылар келип, борбордук аянтта чоң концерт өттү. Бирок ачык турган күн заматта бүркөлүп, кечке жуук жамгыр жаай баштады. Ошого карабастан, ал концертке биз да бардык. Аянтта эл абдан көп экен. Биз да элдин агымы менен сахнага жакын сүрүлдүк. Ырчылардын үнүн укканыбыз болбосо, көрүүгө мүмкүн эмес эле. Бактияр менин көрө албай жатканымды байкап, бир кезде ой-боюма койбой желкесине чыгарып алды. Мен алгач уялып, анан айланамды карасам, бир топ кыздар жигиттеринин желкесинде отурушканын күрөп, өзүмдү эркин сезип калдым. Концерт ортолоп калганда жамгыр нөшөрлөп жаап кирди. Бирок элдин кетейин деген ою жок. Мен Бактиярды аяп кеттим.
– Жаным, ийиниң ооруп кетти, мени түшүр.
– Эч нерсе эмес, жерге түшсөң көрө албай кыйналасың,- деп ал кайра мени аяп койду. Түн жарымга чукулдаганда гана концерт бүтүп, суу болуп үшүп калганыбызды ошондо гана сездик. Маршруткалар токтоп калган, такси менен кеткенге акчабыз жок, айласыздан жатакананы көздөй жөө жөнөдүк. Чоң жолдун дал ортосуна түшүп алып, кубалашып бара жаттык.
– Жаным, суу болдук го. О-о, сен укмуш чуркайт турбайсыңбы!
– Мени кандай деп ойлоп жүрдүң эле? Кел, мелдешебиз, ким катуу чуркайт экен?- дедим суу болгон жүзүмдү аарчып.
– Мелдешерден мурун келишип алалы, жатаканага чейин чуркайбыз, бирок токтомой жок. Калып калсаң капа болбо.
– Келиштик, капа болмой жок.
Чоң көчөдө ары-бери зуулдап өткөн машиналардан коркпой, жолдун ортосу менен жарыша чуркадык. Бир топ чуркаганда, ал менден кыйла узап кетти.
– Бактияр, токто-о!
– Убаданы бузмай жок, мен кеттим,- деди ал колун булгалап.
– Токто, болбосо угуп кой, таң атканча ушул жерде тура берем!
Бактияр артка кылчайды. Мен чуркап барып моюнуна асылдым. Ал мени көтөрүп алып айланта баштады.
– Түшүрчү, башым айланып кетти,- деп тыбырчыладым. Жол ортосунда, жамгырлуу нөшөр астында өбүшө кеттик. Түн ортосунан оогондо, сууга түшкөн чычкандай болуп жатаканага жеттик. Артыбыздан бизден бетер суу болуп Канат менен Тилла кирди. Ал кезде артымдан айтылган ар кандай сөздөрдүн “автору” болгон Канатты жактырбай, ал менин бул кыялымды сезип алыстай түшкөн элек. Андыктан бири-бирибизди ичибизден жек көрүп турсак да, сыртыбыздан калп күлүп, тынч уйку каалап коштоштук.
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)