САДДАМ ХУСЕЙН КУРМАН АЙТ КҮНҮ ДАРГА АСЫЛДЫ

Иракты 24 жыл башкарган Саддам Хусейн
30-декабрда Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылды.

Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушканын Ирактын премьер-министринин кеңешчиси билдирди. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрындагы Ирак соту “адамзатка каршы кылмыш жасады” деген айып менен Саддам Хусейнди өлүм жазасына кесип жиберген. Тагыраак айтканда, 1982-жылы Саддамдын өмүрүнө кол салган Дуджайл кыштагындагы 148 адамды өлтүрүүгө буйрук бергендиги үчүн Ирактын экс-лидерине күнөө коюлган. Бирок, Саддам өлүм жазасы дарга асуу жолу менен эмес, ок атуу менен ишке ашырылышы керек деген оюн ортого салган. Анын айтуусуна караганда, ал кылмышкер эмес, аскер адамы болгондуктан, октон көз жумууну татыктуу өлүм деп эсептейт. Өлүм жазасын аткаруу процесси видео тасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби, Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, дарга асууда Саддам эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Бир гана колундагы ыйык Куран китебин өзүнүн досуна берүүнү жана өлүм жазасын аткарууда башына кап кийгиз­бөөсүн суранган экен.
Ирактын экс-президенти өлүм алдында акыркы сөзүн сүйлөөдөн баш тартып, «Аллахтан башка Кудай жок жана Мухаммад анын элчиси» деп келме келтиргенин Ирактын премьер-министринин кеңешчиси билдирген. Анын айтымында, “биздин улут жеңет жана Палестина арабдардын гана аймагы болот” деген сөздөр Саддамдын оозунан акыркы минуталарда чыгып жаткан.
Дал ушул учурда өлүм жазасын ишке ашырчулар Саддамдын мойнуна кара чү­пү­рөк байлашып, сыйыртмакты салышты. Жанындагы беттери чүмбөттөлгөн жигиттердин бири рычагды ылдый басканда Саддамдын алдындагы люк ачылып, ал терең жакка түшүп кеткен. Эки-үч метр тереңдикте 10 мүнөттөй асылып тургандан кийин экс-президенттин дарыгери анын тамырын кармап көрүп, оо дүйнөгө чындап эле сапар алганын айланадагыларга тастыктаган.
Албетте, анын өлүм жазасына тартылуусу ар бир президент эгер күнөөсү бар болсо кылмышы үчүн өз жазасын алаары тууралуу кабар берет. Бирок,таңкалыштуусу АКШ­нын айтканын аткарган азыркы Ирак өкмөтү мусулмандардын ыйык Курман Айт майрамында аларды маскаралагандай кылып Саддамды өлүм жазасына тартып жибергени мусулмандардын кыжырын келтирет. Бул деген бир гана экс-диктаторду эмес, бүткүл мусулман элин мазактоого барабар деген ойду дүйнөнүн төрт бурчуна аты угулуп калган адамдар билдиришти.

ЭКС-ДИКТАТОРДУН БАЛАЧАГЫ

Саддамдын өлүмү шиит мусулмандары менен күрттөрдү кубантканы менен суннит мусулмандарын нааразы кылган. Себеби, Саддам суннит мусулманы болгон карапайым дыйкандын үйбүлөсүндө 1937-жылдын 26-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Уламыштарга таянсак, Саддам Хусейн Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Алинин тукумдарынан экен. Анын атасы Маджид Саддам төрөлгөнчө эле өлүп калгандыктан, анын балачагы жакырдыкта кыйынчылыктар менен өткөн. Ошонун айынан Саддам 9 жашка чейин мектеп босогосун аттаган эмес. Ал 20 жашка келгенде жашыруун иш жүргүзгөн “Баас” деген партияга мүчө болуп, алар менен бирге 1959-жылы Ирактын премьер-министри Абдель Керимдин өмүрүнө кол салган. Бирок, алардын ойлогон ою толук иш жүзүнө ашпай, өкмөт башчысынын айдоочусу менен жардамчысы гана өлүп, өзү тирүү калган. Себеби, анын жансакчылары кол салгандардын айрымдарын жеринен эле аткылап жок кылууга жетишсе, дагы бир бөлүгү эптеп качып кутулушат. Ошондой октордун бири Саддамдын бутуна тийсе да, эптеп өзүнүн туулуп-өскөн кыштагына жетип, андан соң “Баас” партиясынын чоңдору отурукташкан Сириянын борбору Дамаскка качууга аргасыз болот.
1960-жылы Хусейн Египеттеги орто окуу жайлардын бирин аяктап, Каирдеги университетте юридикалык билим ала баштайт. Анан эле 1963-жылы “Баас” партиясынын мүчөлөрү Иракта мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийлик алмашканда Саддам окуусун таштап, мекенине баса берет. Багдадга келип, кайрадан аскер академиясына тапшырууга аракет кылат, бирок, алгачкы эле экзаменден окууга өтпөй кулап калат.

КЫЗМАТКА КЕЛИШИ

Хусейндин ити чөп жеп, анын саясий карьерасы бийик тепкичке көтөрүлө баштоосу “Баас” партиясынын тартип кызматынын начальниги болуп дайындалганда башталган. Бирок, көп өтпөй эле социалисттик “Баас” партиясы бийлигин жоготуп, Саддам болсо камакка алынып, 2 жылга эркинен ажыратылат. 1968-жылы ал түрмөдөн чыгаа­ры менен эле “Баас” партиясынын көч башында болуп, кайрадан кезектеги мамлекеттик төңкөрүштү уюштурат. Мына ошондон соң 11 жыл бою Саддам Хусейн ошол учурдагы Ирактын президенти генерал Ахмед Хасандын оң колу, башкача айтканда, вице-президент кызматын аркалап келген. Себеби, ал Ахмед Хасандын кызына үйлө­нүп, анын ишенимине жакшы эле кирген. Ирактын вице-президент кызматында отуруп, аскер академиясына өтпөй калганын эстеп, ага тапшыруу үчүн 2 жансакчысын ээрчитип, куруна тапанча тагынып алып экзаменге кирип келет. Албетте, вице-президентти экзаменден кулатып коюу мугалимдер үчүн өлүмгө тете иш болчу. Андыктан, алар сынаксыз эле Саддам мырзаны окууга өткөрүп коюшат.
1979-жылдын 16-июнунда Ахмед мырза отставкага кетип, президенттик такты Хусейнге өткөрүп берет. Ошентип, Саддам Ирактын жаңы президенти болуп, бийликтин бийик тепкичине чыгат. Бийликке келген лидер башкача ой жүгүрткөн адамдарды куугунтуктап, саясий атаандаштарын жок кыла баштайт. Өзгөчө, Ирактын түштү­гүн­дөгү шиит мусулмандары менен түн­дүктөгү күрттөрдүн көтөрүлүшүн күч менен басып, аларды жок кылуу үчүн химиялык куралдар­ды колдонууга чейин барган. Мындан тышкары өзү мүчө болгон партияда жетекчилик кызматта иштеген 21 адам менен бир канча министрди “сырдуу маалыматты Сирияга билдиришкен” деген шылтоо менен 1988-жылы темир тор артына жиберип, кийинчерээк өлүм жазасына кестирип жиберет.
1980-жылдын 22-сентябрында Ирандын нефтисине көзү түшүп, аларга кол салууга буйрук берет. Ошентип, Ирак менен Ирандын ортосундагы байлык үчүн болгон кандуу согуш 1988-жылдын августуна чейин созулат. Ошол мезгилде 182 миңге жакын күрт улутундагы адамдарды белгисиз тарапка алып барып, Саддам аттырып салган дешет. Кийинчерээк алардын өлүктөрү топ-топ болуп көмүлгөн жеринен табылган. Жыйынтыгында, эки тараптын миллионго жакын адамы курман болуп, 900 миллиард долларга чейин чыгым тартышат. Мындай согуштан Ирактын экономикасы кадыресе солгундай түшкөнүнөн анын ордун толтуруу үчүн Саддам бай мамлекет болгон Кувейтке кол салат. Айрым маалыматтарга караганда, Ирак менен Кувейтке кол салууну Саддам алдын ала АКШ менен макулдашкан имиш. Атап айтсак, Саддам АКШнын Ирактагы элчиси Э.Гласпи менен Кувейтке кирүү тууралуу акылдашса, ал АКШ эки өлкөнүн ортосундагы чегара маселелерине кийлигишпесин айтып тим болуптур. Кувейтке кол салуунун алдында Иракты америкалык сенаторлордун делегациясы зыярат кылып, АКШнын Саддам Хусейнге жана Иракка көздөрү түз экенин биринин аркасынан экинчиси кайталап кетиптир.
Бирок, тагдырдын тамашасы менен 1991-жылы АКШ баштаган куралдуу күчтөр Саддам Хусейн жетектеген Ирак аскерлерин бомбалап, Кувейттен кууп чыгышат.

САДДАМГА АҢЧЫЛЫК

2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу теракттан соң, АКШ президенти Жорж Буш Ирак президенти Саддам террористтик топтор менен кызматташканы үчүн аны жок кылуу керек деген чечим кабыл алат.
2003-жылдын 20-мартында Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери массалык кыргын салуучу курал бар де­шип, Иракка кол салып киришкен. Кийинчерээк кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШ бийлиги моюндарына алышкан. 9-апрелде Багдад баскынчылар тарабынан басып алынып, Саддам Хусейндин бийлигин кулатты. 22-июлда АКШнын аскерлери Саддамдын уулдары Удай менен Кусайды табышып, аткылап өлтүрүшөт. Анын жубайы менен кыздары Сирияда баш калкалап, ошол өлкөдө жашап жатканы белгилүү болгон. Саддамдын жан-жөкөрлөрү колго түшсө да каардуу диктатордун карааны көпкө чейин табылбай калат. Америкалыктар анын дарегин айткан адамга 25 миллион доллар сыйлык берээрин жар салганда өзүнүн аталаш тууганы Саддамдын кайда экенин айтып коёт. Ошентип, 2003-жылдын 13-декабрында АКШ аскерлери Ирактын экс-президентин өзү туулган айылдагы фермалардын бириндеги түбү терең казылган жер кепеден сууруп чыгышат. Колго түшкөн экс-диктатордун алгачкы соту 2004-жылдын 1-июлунда башталат. Эң кызыгы, мурда алынып салынган өлүм жазасы Саддам Хусейнге колдонуу үчүн кайра киргизилген.
Ошентип, 30-декабрда экс-диктатор дарга асылып, эртеси күнү өзү төрөлгөн кыштактагы балдары жаткан мүрзөгө денеси коюлду.

ТАГДЫРГА ТААРЫНБАГЫЛА...

Ирактагы азыркы зордук-зомбулукка караганда Саддам Хусейндин бийлиги оң болчу дешет айрымдар. Себеби, Хусейн па­лес­­­тин элинин мүдөөсүн жактаган, Америка менен Израилге моюн бербеген жол башчы эле деп эскеришет анын мекендештери. Алар: “Эгер бир канча адамдын өмүрүн алып, адамзатка каршы кылмыш кылган деп айыпталып Саддам өлүм жазасына кесилсе, АКШнын экс-президенти Труменге Япониянын Херосима менен Нагасаки шаарына таштаган бомбасы үчүн кандай жаза колдонулган?” деген суроону ортого коюшат.

Даярдаган Улан МАМБЕТОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 218, 5-11-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан