"АЛИГИ" ЖӨНҮНДӨ СУРАСАҢЫЗ...

«Алиги» жөнүндө сурасаңыз...

Көптөгөн окурмандарыбыздан ден соолук, анын ичинде интимдик жашоо багытындагы түрдүү суроолор келет. Бул ирет сиздердин сурооңуздарга уролог-андролог Асан Мырзабеков жооп берди.

– Менин “таз баш досум” бир жолу 4 сааттан ашык убак жатпай, мени кыйнаган эле. Жөн эле жатпай калса бир жөн, оорутканычы! Айласыз дарыгерге кайрылуу менен маселемди чечкем. Кийин дагы ошондой абалга кездешип калбайын деп коркчу болдум. Билгим келгени, “алиги” эмне үчүн узакка жатпай калат? Туке, Кара-Балта.

– Эркектердин жыныс мүчөсүнүн узакка оорутуу жаратуу менен жатпай калуусу приапизм деп аталат. Адатта приапизмдин жыныстык дүүлүгүүгө байланышы жок. Тактап айтканда, жатпай калуу “алиги” жаракатка кабылып, жыныстык мүчө сезгенгенде келип чыгат. Мындан тышкары кандын оорусунан, ичкиликти же баңгизатты көп колдонгондон, рак оорусунан, дарылардын терс таасиринен, жүлүндүн жаракатынан да келип чыгышы мүмкүн. Приапизмге кабылганда урологго кайрылбаса, жыныстык мүчөдө кан уюп калып, анын натыйжасы гангренага (ткандардын өлүшү) алып келиши мүмкүн. Андыктан приапизмдин алдын алуу кажет. Оорунун аталышы байыркы грек Кудайы Приаптын атынан улам келип чыккан. Уламыштарга караганда, анын жыныс мүчөсү абдан чоң болгон экен.


УЗУНУ ЖАНА ТЕРЕҢДИГИ КАНЧА?

– Биздин сурайын дегенибиз, аялдардын жыныс кынынын узундугу канча сантиметр болот? Билишибизче, жыныс кынынын аталыштары да бар экен. Ушулар боюнча түшүнүк берип коёсуздарбы? Диля, Зейне, Бишкек.

– Жыныс кынынын орточо узундугу 7-12 сантиметрге чейин жетет. Бирок аялдар дүүлүккөн кезде жатын моюнчасы бир аз өйдө көтөрүлүп, курсак көңдөйү тарапка жылат. Андыктан жыныс кыны узунураак жана кеңирээк болуп калат.
Негизи, аялдардын жыныс кыны жайгашкан ордуна карата түрдүүчө аталат. Мисалы, жыныс кыны көтөн чучукка жакын жайгашып калса, “тентек”, дал ортодо жайгашса, “ханыша”, киндик жакка жакын жайгашса, “Англия айымы” деп аталат.
Жыныс кынынын тереңдиги аялдардын организминин жеке өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Тактап айтканда, 12 сантиметрден 20-25 сантиметрге дейре жеткендери кездешет.


ПАЙДАЛУУ ШАРИКЧЕЛЕР

– Жыныс кынын чыңдап жана кичирей­түү максатында атайын шариктер колдонулат дешет. Бул боюнча кененирээк билгибиз келет. Дина, Сара, Кара-Балта.

– Байыркы убакта эле кытай, рим жана грек айымдары шарикчелерди колдонуу ыкмаларын билишкен. Чындыгында эле шарикчелерди колдонуп, жыныс кынынын булчуңун чыңдоого болот. Булчуңдар чыңалганда жыныс кыны тарыйт. Демек, эркектин жыныс мүчөсүн бекем кыпчуу менен, болуп көрбөгөндөй рахат тартуулоого болот.
Учурда жыныс кынына салынуучу шарикчелер көбүнчө тоголок түрүндө жасалат. Диаметри түрдүүчө болот. Алар латекстен, медициналык резинадан жана башкалардан жасалат. Шарикчени колдонууну каалагандар алгач гинекологго кайрылуусу кажет. Анткени кокус оорусу бар болсо, (эрозия, жыныстык жактан жугуучу оору ж.б.) анда шарикчени колдоном деп ооруну күчөтүп алууга болот.
Негизи, шарикчелер кандайча колдонулат?

  • Алгач сатып алган соң жана ар бир колдонуу алдында спирт же арак менен жууп-тазалоо кажет.
  • Жыныс кынына салардан мурда интимдик гель же кремди сыйпанып, анан шарикчени салуу керек.
  • Эми шарикчени мүмкүн болушунча тү­шүрбөй, узак убакытка (5-10 мүнөт) кармоого аракет кылуу зарыл. Акырындап убактыны 20-30 мүнөткө жеткирүү шарт. Үзбөй көнүгө берсе, акырында жыныс кынынын булчуңдары шарикчелерди өйдө-ылдый, бир жактан экинчи жакка жылдырууга жарап калат.
  • Колдонгон соң самындуу суу менен жууп коюу кажет.

Эскертүүчү нерсе, шарикчелерди этек кир келер алдында, этек кир учурунда жана этек кир кетери менен колдонууга болбойт. Анткени тереңге кирип кетип чыкпай калышы мүмкүн.


УМАНЫ ЫСЫККА ТОССО, АЯЛДЫН БОЮНА БҮТПӨЙБҮ?

– Мен досторумдан «урук калтасын ысыкка тоссо же кармаса, уруктук өлүп, аялдын боюна бүтпөйт экен» деп уктум. Ушул чынбы? Колдонсо болобу? Ташы, Бишкек.

– Бул суроого жооп берүү үчүн тарыхка кайрылуу керек. Байыркы Японияда атайын ыкма колдонулган. Эркек 2 ай бою ар күнү бир нече мүнөт умасын (урук калтасын) 40 градустагы ысык сууда кармаган. Натыйжада бел суунун (сперматозоид) иштелип чыгышы бузулган да, кошулганда аялдын боюна бүткөн эмес. Бирок бул ыкманын терс жагы уманы сезгенүүгө жеткирип, эркекти балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн биротоло кол жуудуруп да койгон. Андыктан кийин колдонулбай калган. Азыр мындай ыкманы колдонуунун зарылчылыгы жок. Бойго бүтүрбөөчү ыкмалар толтура. Эң жөнөкөйү, презерватив колдонуу.


ДОЛОНО ЭРКЕККЕ КУБАТ БЕРЕБИ?

– Мурун эркектер долононун мөмөсүн жеп эле бел кубатын күчөтүп алышчу деп угуп жүрөм. Эгер долоно бул жаатында чындап дары болсо, анда аны пайдалана берсе болобу? Зыян жагы жокпу? Эмил, Талас.

– Долононун ден соолук жаатында пайдасы көп. Мисалы, гүлү жүрөк ооруларына эм болсо, тамыры жатындын сезгенүүсүндө колдонулат. Ал эми эркектин төшөктөгү күч-кубатын арттыруу жаатында мөмөлөрү пайдаланылат. Бул үчүн бышкан мөмөгө шекер кошуп кайнатып алуу зарыл. Аны күнүгө тамак алдында ичүү керек. Бирок муну кан басымы төмөн адамдар колдонгонго болбойт.


“АЛИГИНИ” ОПЕРАЦИЯСЫЗ ЧОҢОЙТУУГА БОЛОБУ?

– Жүрөгүмдү өйүгөн нерсе, менин “алигимдин” кичинекейлиги. Мунун айынан аялымды төшөктө канааттандыра албай келем. Угушума караганда, жыныстык мүчөнү чоңойтуунун операциясыз жолдору бар экен. Ушул боюнча маалымат берип коёсуздарбы? Алдын ала рахмат. Сапаке, Ош.

– Эркектердин жыныстык мүчөсүн чоңой­туунун операциясыз ыкмалары бир топ. Кыргызстанда, негизинен, колдонулган ыкмалар төмөнкүлөр:

  • Таблетка, мазь, крем түрүндөгү каражаттар.

Буларга учурда дарыканаларда жана Sex шоптордо сатылып жаткан Erosil креми, Vig Rx капсуласы жана башкалар кирет. Булар жыныс мүчөдө кандын бат айланышына жеткирүүчү өсүмдүк заттарынан, тестостерондон жана башка кошулмалардан жасалат. Тестостеронду таблетканын курамында колдонуу организмге зыян. Мисалы, боорго, жыныс безине жана жалпы гормондордун иштөөсүнө залакасын тийгизет. Андыктан таблетка, мазь, крем түрүндөгү каражаттарды урологдун кылдат текшерүүсүнөн өтүп, анын кеңеши менен гана колдонуу керек.

  • Соруп тургузуучу жана чоңойтуучу аспап (вакуумдук насос).

Бул аспап соргондо жыныстык мүчөгө кан толуп, көңдөйчөлөр чоңоё түшөт. Андыктан муну колдонуп, “алигини” акырындык менен узартууга жана жоондугун чоңойтууга болот. Дарыгердин кеңеши менен эркек аспапты өзү сатып алып, үйүндө колдоно алат. Бирок убак-убагы менен дарыгерге көрүнүп, кеңеш алып турушу шарт.
Аспапты колдонордон мурун атайын мазь, крем же гель “алигиге” сыйпалат. 3 айга чейин аспапты күнүгө 1 же 2 ирет колдонуп жүргөн эркек жыныстык мүчөсүн 1-4 сантиметрге чейин чоңойто алат. Бул ыкманын натыйжасы жакшы болсун үчүн дарыгер ичүүчү дарыларды да сунуштайт.
Ыкма менен кыйшык “алигилерди” түздөөгө да болот. Жыныстык жактан алсыз эркектер менен төшөктө эрте бүткөндөр колдонсо, бел кубаты калыпка келет.
Эскертүү! Өз алдынча колдонуу эркекти жыныстык жактан шал болууга алып келиши толук мүмкүн. Анын үстүнө кан басымы барлардын өмүрүнө коркунуч да туулат.

  • Тартып байлоо менен чоңойтууга багытталган аспап.

Мындай аспаптардын ичинен көбүрөөк белгилүүсү Andro-Penis. Бул атайын курдун жардамы менен мүчөнү чоюу аркылуу чоңойтууга багытталган. Каалаган натыйжага 3-4 айда жетүүгө болот. Бирок бул ыкма дарыгердин көзөмөлүндө гана колдонулуп, өз алдынча пайдаланууга тыюу салынат. Эркек кокус туура эмес колдонсо, “алиги” жаракатка кабылып калышы мүмкүн.

  • Жыныс мүчөгө жүк артуу менен чо­ңойтуу.

Алгачкы учурларда 50 граммдык жүк артылат да, улам жүктүн салмагы оорлой берет (200 граммга чейин).
Мындай ыкма дүйнөнүн ар бөлүгүндө жолугат. Жыйынтыгы түрдүүчө болот. Мисалы, мүчөгө жарым жыл бою жүк артып жүрүүдө кээ бирөөнүкү 2 сантиметрге чоңойсо, кээсиники бул көрсөткүчкө да жетпейт. Эскерте кетүүчү нерсе, бул ыкма көбүнчө организми өсүп жаткан жаш жигиттерге колдонулат. Дарыгерге кайрылбай туруп пайдаланууга болбойт.


Эч кимге ооз барып айта албаган, олуттуу жоопту талап кылган, ден соолук жаатындагы жүрөк өйүгөн суроолоруңуз болсо, бизге кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жооп беришет.

Венера Камалова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
KGbala
2010-03-14 03:12:51
Aligi jonundo suroolordu kaysi adreske jiberebiz.. kim bilet
+1
admin_portal
2014-06-26 18:06:00
ERNIS., Саламатсызбы!
Дагы ушул сыяктуу суроолоруңуз болсо kenesh@super.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз.
0
ulan.94
2017-02-06 14:49:48
A bul urolokgo kantip bailanyshsak bolot
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан