СТУДЕНТТИН КЫЯЛЫНАН ЖАРАЛГАН WORLD OF TANKS

Виртуалдык оюндар каражаты боюнча беделдүү спорттук мелдештердин сыйлыктарынан озуп, жаштардын «оорусуна» айланды. Алардын бири Беларусь өлкөсүндө жаралып, 5 жылдын ичинде дүйнө жүзүн каптаган «World of tanks» оюну.

НЕГИЗДЕЛИШИ
1998-жылы Беларусь улуттук университетинин Виктор Кислый аттуу студенти жана анын санаалаштары «Wargaming.net» аталышындагы студия түзүп, компьютердик оюндарды түзүү менен алектенип башташат. Алгач интернет айдыңына программаларды чыгарып, виртуалдык оюндарды да чыгарууга каражат топтошот. Баштапкы чыгарган «Massive Assault» жана «Багратион» оюндары көпчүлүккө жагып, оозго алынган. 2008-жылдын акыркы күндөрүндө аларга танктар менен согушуу оюнун түзүү идеясы келип, «World of tanks» оюнунун үстүнөн иштеп башташат да, жыйынтыгында аталган оюн 2010-жылы расмий түрдө ачыкка чыккан.

 


 

ПОПУЛЯРДУУЛУК ЖОЛУ
Аталган оюн чыга элек кезде эле интернетте буга окшогон оюндардын саны миңдеп саналчу. Жаратуучулар ушул жөнүндө көп ойлонуп, жыйынтыгында баары бир «танктар дүйнөсүн» чыгарууга бел байлашат. Интернетке алгач Орусияда чыгып, 2011-жылдын январына карата ойноочулардын саны миллионго жетет. Ошол жылы Кытай, АКШ, Улуу Британия өлкөлөрүнө жайылып, дүйнө жүзүн толугу менен арбап баштайт. Жаратуучулар муну менен токтоп калбай, жылдан жылга түшкөн каражаттын көбүн кайра эле оюнду жакшыртууга жумшап турушкан (мисалы, 2013-жылы киреше 200 миллион еврону түзгөн). Жыйынтыгында 2015-жылдын аягына карата сандар: 100 миллиондон ашык оюнчу катталып, бир убакытта 1 миллиондон ашуун киши онлайн ойногон. Ооба, бул олуттуу сандар.

ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
«World of tanks» танктары атайын тартылып, оюнга кирүү үчүн бери дегенде 20дан ашык текшерүүдөн өтөт. Бардык тетиктери туура жана чыныгы турмуштагыдай орнотулушу керек. Жыл сайын жаратуучулар оюнга кызыктыруу үчүн жаңы танктарды, техникалык унааларды киргизип турушат. Геймерлердин (видео оюндарды ойноочу адамдар) айтымында, бул оюндун негизги үч өзгөчөлүгүн белгилесе болот. Биринчиден, «өлтүрүү», «кан төгүү» деген процесс жок. Танктардын моторунун үнү, жардыруулар, атүгүл согуш талаалары 90 пайыз чындыкка жакын. Үчүнчүсү, оюнчулар сатып алган өзгөчө коддор акысыз катталган оюнчулар арасында көп деле артыкчылык бербейт. Башкысы, согуш жүргүзүү тактикасы жана айлакердик.

ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНДУК
Виктор Кислый «World of tanks» сайтына катталган командалар арасында жыл сайын Дүйнөлүк чемпиондук өткөрүп келет. Акыркысы 2015-жылы өтүп, орусиялык «Hellraisers» жеңишти камсыздаган. Жалпы сыйлык фонду 300 миң АКШ долларын түзгөн.

МИЛЛИАРДЕР КОМПАНИЯ
«Танктар дүйнөсүнүн» негиздөөчүсү Виктор Кислый 40 жашка толугу менен жете элек кезинде миллионерге айланды. Анын оюн чыгарчу компаниясы былтыр 590 миллион АКШ долларын тапса, оюнчулардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Учурда анын компаниясында 4 миңге жакын кызматкер эмгектенип, дүйнө жүзү боюнча кеңселери ачылууда. «Wargaming» учурда 1,5 миллиард АКШ долларына бааланат.

КЫРГЫЗСТАНДА
Константин Никифоров, «Wargaming» компаниясынын өкүлү:
– Кайсы өлкөдө «Танктар дүйнөсү» тараган болсо, ошол өлкөдө чемпиондуктарды өткөргөнгө аракет кылабыз. Кыргызстанда болсо мелдештер Бишкекте 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ар бир өлкөнүн оюнчуларынын өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, кыргызстандык оюнчулар дароо чабуул жасоо менен айырмаланышат экен. Жеңүүчүлөр акчалай жана виртуалдык оюндагы капчыкка каражат салуу менен сыйланат.

Ал эми бир нече жылдан бери ойноп келе жаткан «Qwrt15» командасынын капитаны «max007» ниги менен белгилүү геймер:
– Бул оюнду бир жолу ойноп көргөндөн кийин токтотуу мүмкүн эмес. Оюндун популярдуулугу башка оюндарга караганда реалдуу көрүнүштөр менен коштолгондугунда болсо керек. Алсак, Эльф, Орг жана башка мультфильм каармандарына караганда танктар менен атышуу алда канча кызыктуу. Бишкекте ойногон жаштар барган сайын көбөйүп, бир жылда бир өтчү чемпиондукка команда болуп топтолуп даярданышат. Кээде бир нече күн тынбай ойногон учурлар болот. Эми терс жолдо жүргөндөн көрө оюн менен алаксыганы бир четинен жакшы да.

"ҮЙ-БҮЛӨНҮ САКТАЙБЫЗ!"
Оюндун жайылышы менен интернет айдыңында ага каршы акциялар жаралган. Ооба, бул оюнчулардын ата-энелери жана жубайлары тарабынан түзүлгөн. Кызыгы, мында согуш темасын мыкты түшүнгөнүнөн улам 30-45 жашка чейинки курактагы геймерлердин саны алдыда. Бул курактагы оюнчулардын көпчүлүгү үй-бүлөлүү, андыктан балдарын карабай эле виртуалдык оюнду акмалап отурат дегендер четтен табылууда. «Үй-бүлөнү сактайбыз!» акциясы ата-энелерге жана жубайларга балдарды жана күйөөлөрүн виртуалдык оюндан алыс кылууну эскертип келет.

43 өлкөнү камтыган Эл аралык киберспорт федерациясы 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына киберспортту спорт катары киргизүү үчүн аракет кылып келет. Техниканын заманы каптаганы менен, адамзаттын ден соолугу баары бир биринчи орунда. Андыктан компьютердик оюндардын ден соолукка зыян алып келерин да эстен чыгарбоо керек.


Учурдагы өлкөнүн "Тим 3" командасы

Кыргызстанда өткөн чемпиондукка катышкандардын саны миңге чукулдаган.

Виртуалдык финалдык беттеш чыныгы спорттогудай эмоцияларды тартуулайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
bek040295
2016-03-07 09:19:58
Жакшы эмеес
+7
RASTAMAN
2016-03-07 11:44:04
Maga Fifa/PES menen EVROTRUCKS SIMULATOR 2 jagat.
0
saparali96
2016-03-07 17:46:59
Бул деген азгырык,келечекке чон таасири бар
+4
elmaramahamat
2016-03-07 22:52:33
Чон рахмат, Виктор Кислый! Бул гениалдуу оюн!
0
Bako.baike
2016-03-08 05:32:46
Ооо танкта жашаймго жакында lan финал гол сериясында NSS против NAVI женгени мировой турнирге барат. Ким взводго ойнойтургандар кеттик bakdoolot ник. По машинам
0
aman0296
2016-03-08 14:50:32
Третий мир деген оюн аябай кызыктуу. Ойногула, уткула!
-2
Bargy
2016-03-10 15:51:13
Жакшы оюн, Виктор Кислый азаматсын!
0
Zarlyk.322
2016-03-10 20:09:35
General degen oiun en sonun .
-2
ermek19
2016-03-11 19:31:23
кумар ойун буга богот койуу керек
0
Metior8019
2016-03-11 20:40:32
Жакты.. терс энергиялар оюн менен чыгып женилдеп калам.бирок кунуно 3 саат убакыт ашык ойноого болбойт.
0
al-abu-kinesz
2016-03-12 11:08:12
Кайран гана сааттар.. и так омур ото кыска! Кунуно бир сааттан убакыт кетсе орто эсеп менен омурундун таза, круглосуточно эсептелген 2 жылын жалмайт экен. Ошого кетирген убакытты куран окууга жумшасан акыретте зыян тартпайсын!
+4
STAN_KG
2016-03-12 16:11:54
al-abu-kinesz, Абдан туура айтылган пикир, андан дагы убакыт ашып бара жатса, илим-билимге, коомду өнүктүрүүгө жана адамдарга жардам берүүгө жумша! Сенин чөнтөгүңдү тыйынына чейин аңтарып жаткандарга чачпай!
0
zhookaev
2016-03-13 10:41:04
ворлтов танк ойноп кордум бирок кызыкпай койдум казыр онлайн танк ойнойм жакында чемпионат откорулуп калаар KYRGYZ.STAN нигим менен 1,5 жылдын ичинде генарал майор званиясына жетип релса М3 танкын алганга жетиштим
0
KaiMak
2016-03-13 20:02:58
Ээх мен 4 жылдан бери ойн0йм 10топ танкым бар ник sema9898
0
zhookaev
2016-03-27 11:35:54
Онлайн танк тууралуу да маалымат алып кененирээк жазгылачы
0
BRATELLO
2016-04-13 09:32:12
Мен да ойночумун 2 жылдай ойнодум бара бара кызыксыз болуп калды таштап ийдим азр болсо дота ойноп турам
0
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан