ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

СПОРТ/САЯСАТТА
Апсет – саясатта же спорттук мелдеште болчу көрүнүш. Англисчеден которгондо «капалануу, күтүлбөгөн жыйынтык, алдын ала пландардын бузулушу» деген маанини берет. Мелдештеги эч ким ишенбеген адамдын мыкты делген катышуучуну же андердогдун фаворитти утуусу апсет деп аталат. Спортто букмекерлер тарабынан жеңилет деп эсептелинген спортчу же команданын утуусу, ал эми саясатта жүргүзүлгөн сурамжылоодо ута албайт деген саясатчынын же партиянын жеңип чыгуусу. Мисалы, Тайсон Фьюринин Владимир Кличкону утуусун, же АКШ президенти Гарри Трумэндин күтүлбөгөн жеңишин апсет деп билсек болот. Кызыгы, бокс спортунда жыл сайын «Жыл апсети» деген наам ыйгарылып келет.

МУЗЫКАДА/ВИДЕОДО
Интро (intro) – англис тилинен которгондо «кириш, баштоо» дегенди туюнтат. Көбүнчө 3 секундадан башталган видеоролик, түшүндүрүүчү клип же кыска метраждуу демонун бир түрү десе болот. Музыканын коштоосундагы атайын эффекттер бар бир канча кадрлардын топтому. Интро ырчылар же ар түрдүү компаниялар тарабынан жарнама сыяктуу колдонулат. Мисалы, кинотеатрларда тасма башталар алдында аталган кинотеатр же алдыда боло турчу тасмалар жөнүндө кыска интро-роликтерди көрсөтөт. Ал эми ырчылар жаңы альбомдун бет ачарынан бир канча убакыт мурун интро-ролигин же ырдын интросун чыгарышат. Ал эми жыйынтыктоочу, альбомдун акыркы ыры аутро деп аталат.

ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯДА
Гироскутер – эки дөңгөлөктүү транспорттук каражат. Аккумулятор менен кубат алуучу электрокыймылдаткыч жана гироскопиялык датчиктер аркылуу жүрөт. Аталган унаа скейт сыяктуу саналып, эки бут менен туруп алып тебүүгө ыңгайлашкан. Гироскутерди сегвейдин «тууганы» деп атаса да жарашат, болгону мында башкаруучу рулдук түзүлүш жок. Тебүүдө дененин салмагы кайсы жакка бурулса ошол тарапка бурулат, алдыга кетүү үчүн алдыга, артка же токтоо үчүн артка кыймыл жасоо керек. Алгачкы гироскутерлер 2014-жылдын башында корей жана кытай компаниялары тарабынан массалык түрдө чыгарылып, жаштар арасында бат эле популярдуулукка жеткен.
«World of Tanks» (кыргызча «Танктар дүйнөсү») – Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы танктарды башкаруу менен бир убакытта көпчүлүк колдонуучу ойной алган компьютердик оюн.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 696, 4-март-10-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан