UFC КҮТҮЛБӨГӨН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР. ЖАҢЫ ЧЕМПИОН

Эрежесиз уруштун UFC уюмунда 5-март күнү чоң кече болуп өтүп, 62 килограммдык салмактык категорияда кыргызстандык Валентина Шевченко Аманда Нуньеске каршы чыкты. Ал эми чемпиондук наам үчүн Миша Тейт Холли Холмго кез келсе, айтылуу Конор Макгрегор Нейт Диас менен тирешти.

 

ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО & АМАНДА НУНЬЕС
Валентина дүйнө жүзүндөгү беделдүү деп саналган UFC уюму менен келишим түзүп, алгачкы беттешинде Сара Кауфманды жеңип алган. «Буллет» атка конгон Шевченконун кезектеги атаандашы 62 салмак категориясынын рейтингинде (sherdog.com сайты боюнча) 4-орунда турган бразилиялык Аманда Нуньес (11 жеңиш, 4 жеңилүү) болду.
Лас-Вегаста орун алган беттеш эрежесиз уруштун көптөгөн сүйүүчүлөрүн чогултту. Шевченко кикбокс жана тай боксу боюнча мыкты болсо, Нуньес бразилиялыктарга тиешелүү жиу-житсу чебери эле. Беттеш башында Аманда дароо активдүүлүгүн көрсөтө баштаса, мекендешибиз эмнегедир толугу менен беттешке кире албай жатты. Өзүнө ишенген бразилиялык мушкер 2 раунд бою партерде мыкты иштеп, Шевченкого чабуулга өтүүсүнө эч мүмкүнчүлүк бербей койду. Соңку раундда гана «Буллеттин» буту менен узаткан соккулары таамай болуп, партерде да активдүү иштеди. Калыстардын жыйынтыгы менен раунддар боюнча 2-1 эсеби катталып, Аманда Нуньес жеңишти илип кетти.
Бул жаатта жаңыдан тажрыйба топтой баштаган Шевченко өз категориясындагы мыктылар менен татыктуу кармаша аларын көрсөттү. «Бардык каталарымды эске алып, кийинки беттеште мындан да күчтүү болуп чыгам»,- деп сөз берет Валентина. Демек, күйөрмандар келечекте Валентинанын UFC`деги беттештеринен көз жаздым болбойт.

 

Шевченко дүйнөнүн мыкты мушкерлери менен тең тайлаша аларын көрсөттү.

 

ХОЛМ & МИША ТЕЙТ
Ал эми бул салмактагы чемпиондук кур үчүн күрөш күндүн кызыктуу беттеши аталууга татыктуу болду. Айтылуу Ронда Роузини нокаутка учуратып чемпион аталган Холли Холм Миша Тейтке каршы турду. 34 жаштагы америкалык чемпион Холли укмуштуудай катуу соккулары менен өзгөчөлөнүп келет. Миша Тейт болсо күрөшкө басым жасап, партерде иштегенди жактырат.
Беттештин 1-раунду бири-бирин байкоо менен өтсө, 2-раунддан тарта Миша тейкдаун (атаандашын жыгуу) жасап, Холли муунтуудан араң чыгып кутулуп кетти. Ызаланган чемпион калган 5 раунд бою кол жана буту менен соккуларды узатып, жеңишке болгон дареметин толугу менен көргөздү. Бирок чемпиондук раунд бүтөрүнө саналуу секундалар калганда Тейт партерде Холлини муунтууга мүмкүнчүлүк алды. Аягына дейре күрөшүүгө көнгөн Холм эс-учун жоготуп гана жеңилүүгө баш ийди. Аягында эч ким күтпөгөн жыйынтык катталып, 29 жаштагы Миша Тейт жаңы чемпион аталды.

 

 

 

Миша Тейттин чемпиондук наам алып келген чабуулу.

 

КОНОР МАКГРЕГОР & НЕЙТ ДИАС
Күндүн беттеши катары Конор МакгрегорНейт Диас кармашы саналды. Ирландиялык мушкер жарым жеңил салмакта (61-66 кг) атаандаш таппай, жеңил салмактык категориянын (66-70 кг) чемпиону Рафаэль Дос Аньоско чакыруу таштаган. Бул беттешүүгө бир жума калганда Дос Аньос бутунан жаракат алганын билдирип, анын орду уюштуруучулар тарабынан Нейт Диас аттуу мушкер менен алмаштырылган.
Конор башында эле сөзү менен гана эмес, колдору менен да сокку узата аларын далилдей баштады. Раунд соңуна дейре түбү мексикалык Диастын бети кандан таанылбай калды. «Диастын бети канга чыланса да, ал беттешип жатты. Мен ичимден дүрбөлөңгө түшө баштадым»,- деп ой бөлүшөт Конор. Экинчи раундда салмак кууганданбы же начар даярдыгынанбы, Макгрегор чаалыгып, Диастын катуу соккусун өткөрүп жиберди. Өзүн жоготкон Конорду Нейт бат эле муунтууга алып, жеңишти коё берген жок.
«Диас бир эмес, бир канча жолу таамай узатылган соккуларга туруштук бере алат экен. Кубаттуу мушкерди кулатуу үчүн көп күч сарпталарын түшүндүм»,- деп билдирет ирландиялык чемпион.

 

Беттеш чемпиондук үчүн эмес болгондуктан Макгрегор өз беделинен башка эч нерсе жоготкон жок.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Patriot..kg
2016-03-14 14:30:22
Кап. Валентина утсаң болмок да
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан