8-Март – Аялдардын эл аралык майрамына карата «Супер-Инфо» гезити тарабынан жарыяланган «Супер келин» сынагынын жеңүүчүлөрү SUPER.KG порталындагы сурамжылоонун жана редакциянын чечими менен аныкталды. Жеңүүчүлөр 8-Март күнү майрамдык акциянын өнөктөшү болгон «Опал» компаниясынын зер буюмдары менен сыйланышты. Келиндик кызматын мыкты аркалап, үй-бүлө коломтосун өчүрбөй келе жаткан «Супер келиндер» менен курган чакан маекти жана алар тууралуу жазылган баяндардын урунттуу жерлерин сунуштайбыз.
Александра Николаева, 30 жашта, Чүй облусу
«КЫРГЫЗДАН КЫЗ ТАБЫЛБАЙ КАЛДЫБЫ ДЕП БАЛАМА ЫЙЛАГАМ»
– Келиним чыныгы "супер келин" деген атка татыктуу деп 100 пайыз кепил боло алам. Менин жалгыз уулум жана 3 кызым бар. Ошол жалгыз балам университетте чогуу окуган курсташы, орус улутундагы сүйлөшкөн кызына үйлөнгөндө «кыргыздан кыз табылбай калдыбы?» деп бир жума ыйлап жаткам. Келинимди 1 ай сынасам да кыңк деп өйдө карап үн чыгарган жок. Айткандарымдын баарына баш ийип жер карап угуп, «апа, үйрөтө бериңиз, сиздин айтканыңызды үйрөнүүгө аракет кылам» деп бир ооз жооп берчү. Уйду шакылдата сааганына, тамакты түрлөп даамдуу жасаганына, мейман тосордо дасторконду гүлдөтүп кооздоп, конокторго тыпылдап чай куюп чуркап жүргөнүнө тан берем. Келгенине 3 жыл болду. Кара көз кыз, эркекти удаасынан төрөп берди. Күйөөсү менен бир урушуп, катуу үн чыгарганын уга элекмин. Эрте келеби, кеч келеби жылмайып тосуп алат. Айтор, баарыбызга кылган мээримдүү сый мамилесинен улам биз аны жакшы көрүп калдык. Ар бир баламдын туулган күнүндө мага да кошо белек берип, «апа, бул сиздин да майрамыңыз» деп турат. Ошентип «каардуу» кайнене болоюн десем да шылтоо таппайм. Келиним орус эле болбосо, анча-мынча кыргыздын келининен кыйын.
Кайненеси Таттыгүл Атакулова
Александра Николаева:
– Сынакты уюштурган сиздерге, мен тууралуу жазган апама жана мага добуш берген окурмандарга ыраазычылык билдирем. Кыргыз үй-бүлөсүндө келиндер көп оокат кылат деп укчумун, бирок кичинекей кезимден эле тиричиликке бышып көнгөндүктөн анчалык айырманы сезген жокмун. Жашоомдун акыркы күнүнө чейин жолдошумдун ата-энесине, бир туугандарына кызмат кылууга даярмын, анткени бул менин үй-бүлөм. Кыргыз тилин өздөштүрүүгө аракет кылып жатам. Үйдөгүлөрдү «чай ичкиле, тамак ичкиле» деп кыргыз тилинде чакырам.
Айжамал Эсенкан кызы, 24 жашта, Талас облусу «Кызым мага секелектей көрүнөт»
– Кызым бир үйдүн кенже келини. 3 баланын энеси болуп калса да мага секелектей көрүнөт. Неберелерим менен үйгө келгенде үйүбүз базар болот. Аларды көрүп эт-жүрөгүм эзилип, бакытка бөлөнөм. Айжамал жаш болсо да балдарына татыктуу тарбия берип, келиндик кызматын жакшы аткарып жатканына ишенем. Куда-кудагыйларым да дайыма ыраазы болуп батасын беришет. Кызымды келе жаткан майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлүк бакыт каалап, аман-эсен төртүнчү неберемди жарык дүйнөгө алып келишин Кудайдан тилейм.
«АЙЖАМАЛЫМА»
Уктабай кээде түндө ойгономун,
Айжамалым, мен өзүңдү көп ойлоймун.
Чыр салып баласы ыйлап жатабы дейм,
А балким, бир нерсеге капабы дейм.
Ушундай кыштын узак түндөрүндө
Мага окшоп канча эне санаа тартат.
Уктабай түн уйкусун үчкө бөлүп,
А балким, мени да апам ойлоп жатат.
Апасы Назира Жумабекова
Айжамал ай-күнүнө жетип бүгүн-эртең төрөйм деп тургандыктан Таластан келе албай калгандыгына байланыштуу сыйлыкты апасы Назира айым алып кетти.
Назира Жумабекова:
– Кызым утса-утпаса да жагымдуу белек болсун деп сүрөт-баянды жөнөткөн элем. Айжамал добушка коюлуп, элдин колдоосуна арзып жатканын жакындарыбыздан угуп аябай сүйүнүп, сынактын жыйынтыгы чыккыча сарсанаа болуп жаттык.
Күлийпа Дүйшөнбаева, 75 жашта, Ысык-Көл облусу «Кайнежесине жүгүнгөн 75 жаштагы апам»
– «Супер келин» сынагына 1960-жылдан бери Ысык-Көлдүн Дархан айылына келин болуп келе жаткан апам Күлийпа тууралуу айтып бергим келди. Апам кайын журтуна ак кызматын өтөп, өкмөтүбүздөн «Баатыр эне» сыйлыгын алып, 5 кыз, 4 уулду татыктуу тарбиялап, 33 небере, 9 чөбөрөсүнүн сый-урматын көрүп келет. 75 жаш курагында да кайнежелерин көргөндө ийиле жүгүнүп саламын берип сыйын көрсөтөт. Жаш келиндердин энемден үлгү алуусун каалайбыз. Апабыздын уул-келиндеринин, кыз-күйөөлөрүнүн, небере-чөбөрөлөрүнүн сый-урматын көрүп төрүбүздө отурушун каалайбыз.
Кызы Венера Дүйшөнбаева
Күлийпа Дүйшөнбаева:
– Азыркыга чейин кайын журтума барганда жүгүнүп келиндик кызматымды аткарып келем. Өзүм келиндериме жакшы эле кайненемин десем болот. Аларды үнүмдү бийик чыгарып урушпайм. Келин ыймандуу, кичи пейил болсо баарын жеңет. Бул сынакта жеңүүчүлөрдүн арасында карыган кемпир мен эле экенмин (күлүп). Чакырып сыйлык бергениңерге рахмат, өнүгүп-өскүлө, заманыбыз тынч болсун.
ГҮЛЖАЗ ЗАМИРБЕК КЫЗЫ, 25 ЖАШТА, НАРЫН ШАРЫ
«ЖҮРӨКТҮН ТҮБӨЛҮК ЭЭСИ – ГҮЛЖАЗ»
Жүрөктүн түбөлүк ээси
Алтыным, бир гана сенсиң,
Тартуулап тунук сүйүү
Кубантып мени келесиң.
Колуңдан кармап бекем
Келечекке умтулам.
Ардагым болдуң менин
Жалгыз мага буюрган.
Жаркылдаган үйдүн куту алтыным,
Күлүп турсаң ошол менин бакытым.
Окшош болсоң болду менин апама,
Мээрим төгүп, акыл айткан балдарга.
Жолдошу Канат Өмүрканов
Гүлжаз Замирбек кызы:
– Турмушка чыкканыма 7 жыл болду, 1 кызыбыз бар. Буюрса, жакында дагы көз жарганы турам. Буга чейин да «Супер-Инфонун» сынактарына катышып, алдыңкы орундарды алып келгем. Бул жолу да жеңүүчү болгонума кубанычтамын.
Назира Сатаева, 37 жашта, Кемин району
«НАЗИРА ЖЕҢЕ, СИЗГЕ БААРЫБЫЗ ЫРААЗЫБЫЗ»
– Биздин эң мыкты жеңебиз бар. Ал кайнагама жакшы жар, кайненеме, кайнежелериме жакшы келин, 5 эркек баланын мээримдүү энеси, менин сүйүктүү жалгыз жеңем. Эртең менен саат 5 жарымдарда туруп уй саап, бизге чай даярдап мээримин төгөт. Жайкысын картошка айдап, чөп да чабат. Чарчабай балдарын бакканга, үйдөгү жумуштарды жасаганга жетишет. Менин 2 кызымды жакшы багып келет. Турмуш-шартка байланыштуу биз шаарда тургандыктан айылга анда-санда эле барабыз. Жаңы келин болгондон баштап мага эч качан атаандашпайт. Шаардан айылга барсаң жакшы тосуп алып, кетерде жакшы узатып, азык-түлүк салып берет. Жеңемди көрүп суктанып, бардык келиндер, жеңелер ушундай болсок дейм. Жеңе, сизге баарыбыз ыраазыбыз.
Абысыны Айназик Төрөбекова
Назира Сатаева:
– Айназикти сиңдимдей эле көрөм. «Абысын аңдышкан жоо» деген сөз бизге тиешелүү эмес. Кайним экөө жашоосун улантып жакшы жашап, бактылуу болушса деген тилекте болгон жардамымды аябайм. Алардын урушпай жашап кеткени мен үчүн бакыт.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg