«Non-Stop» дуэтинин ырчылары Максат менен Чолпон өздөрүн көп тармакта сынап, учурда изденүүнүн үстүндө жүрүшөт. Акыркы кезде алпаруучулук менен алектенип келаткан дуэттин солисттери «кинодо, сынактарда, алпаруучулукта күчүбүздү сынадык, бул биз үчүн чек эмес. Алдыда өзүбүз биле элек таланттарыбызды ачканы жатабыз» дешет.
– Куш келипсиңер, Максат, Чолпон! Экөөңөр акыркы жылдары алпаруучулук менен кызуу алектенип, көп саякаттап, иш менен эс алууну айкалыштырып жатасыңар...
Максат: – Саламатсыздарбы, ооба, айтканыңыздай эле Чолпон экөөбүз телеканалдардын биринде «Жыргал life» деген берүүнү алып барып жатабыз. Бул берүү украиналыктардын «Орёл и решка» берүүсүнүн аналогу десек болот. Негизи экөөбүз көп саякаттайбыз, эс алуудан эстелик болот деп барган жерибиздеги кызыктарды видеокамерага тартып жүрө берчүбүз. Мына ошол күндөлүк катары тартылган видеолор бизге чоң долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди десем болот. Ошол берүүнүн алкагында Чолпон экөөбүз Европанын теңин кыдырып чыктык. Чынында чет өлкөнү көрүп, андан таасирленген адам сөзсүз өзгөрөт. Дүйнөгө болгон көз карашты мындай кой, жөнөкөй эле адамдарга, досторуңа болгон мамилең өзгөрүшү мүмкүн.
Чолпон: – Чет өлкөдө адамдар ар бир мүнөттү үнөмдүү пайдаланганды билишет. Биз дагы күндө эртең менен 6да турабыз, колго камераны алабыз да, кызык жерлерди тартып жөнөйбүз. Ошентип, кантип күн өтүп кеткенин билбей деле каласың.
– «Non-Stop» дуэтине «Turkvizyon» сынагынан кийин ийгилик жылмайды окшойт...
Ч.: – «Turkvizyon» сынагына чейин атыбыз чыгып, таанылып калган болчубуз. Бирок бул жагдай сынакта ийгиликке жетерибизден кабар бербейт да. Тескерисинче, оор жүк, жоопкерчилик моюнубузга илинди.
М.: – Биз үчүн бул сынак чоң кадам болду. Профессионалдар менен иштештик, атаандаштык кандай болорун билдик. Казань шаарына конгондо мекендештер кол чаап, желек кармап бизди тосуп алышкан. Бизге ишеним арткан адамдардын үмүтүн актайлы деп жеңгенге аракет кылдык.
– Продюсериңер Алексей Сидоров менен иштешпей калганыңарды уктук...
Ч.: – Ооба, бир жыл мурун келишимибиз бүткөн жана Алексей Сидоров өзүнүн долбоорлорунан колу бошобой калды. Башкысы, урушуп-талашпай жакшы мамиледе коштоштук, бул деле чоң жетишкендик. Эрик Баимбеков топ түзүлгөндөн бери менеджерибиз болуп иштечү, азыр ал продюсерибиз.
– Топто олуттуу чечимдерди ким чыгарат?
М.: – Албетте, продюсер, бирок мурунку келишимди өзгөрткөнбүз. Акыркы чечимди продюсер биздин пикирибизди эске алуу менен чыгарыш керек.
– «Non-Stop» дуэтинен мындан ары күйөрмандары дагы кандай жаңылыктарды, өзгөрүүлөрдү күтсө болот?
Ч.: – «Non-Stop» кыргыз элине дагы көп жылдарга кызмат кылат. Былтыр «Сезе бил» деген ырлар жыйнагын чыгаралы дегенбиз. Ырлардын үстүнөн жакшылап иштеш керек болуп жатат. Жакында эле Бек Борбиевдин «Алдаба» деген ырын жаңылап жаздырып, клип тарттырдык. Буюрса, репертуарды дагы жаңы ырлар менен толуктайбыз.
– Ыр тандоодо табитиңер төп келбей калса эмне кыласыңар?
Ч.: – Максат музыканы жакшы тандайт, мен ырдын сөздөрүн тандоодо көп аралашам. Негизи ыр тандоодо ортобузда көп деле кайчы пикирлер болбойт. Эгер такыр эле келишпей баратсак, продюсерибиз чечип коёт.
– Сахнага кийип чыккан формаңар өзгөчө, кийим тандоодо биринчи жардамчыңар ким?
М.: – Биз ар бир ырга ылайыктуу кылып форма тандайбыз. Ырдын мазмунуна, сахнада аткара турган образыбызга жараша тиктиребиз. Көпчүлүк формаларыбыз дизайнер Наиль Байкүчүковдуку, анткени биз Наилдин табитине ишенебиз.
– Маек нугун өзүңөргө бурсак. Топ түзүлгөндөн бери Максат кыз жандап, Чолпон жигит күтүп, сүйүктүүңөрдү бири-бириңер менен тааныштырган учур болгонбу?
М.: – Экөөбүз бири-бирибиздин жеке жашообузга кызыкпайбыз. Жеке жашоо жеке бойдон калганы оң го.
Ч.: – Башынан эле ортодо достук, кесиптештик мамиле бар. Кудайга шүгүр, ошол мамилебизди сактап кала алдык.
– Топтун түзүлгөнүнө быйыл алты жыл болот, ушул жылдарда экөөңөрдө кандай өзгөрүүлөр болду?
М.: – Чолпон башынан эле көз карашын так билдире алган жана аны коргой алган кыз. Ал сапаты азыр деле бар. Мурункудай так секирген эрке кыз жок, токтолду, оор басырыктуу болуп калды.
Ч.: – Болдубу, мен жөнүндө айтар жакшы кебиң ушул элеби (күлүп)? Максат экөөбүз тең бийкеч жылдызында төрөлгөнбүз, таанышканда эле бат тил табышып кеткенбиз. Урушканыбыздан жарашканыбыз бат, кээде буга таарынганымды унутуп коюп эле өзүм биринчи сүйлөп алып, «апей, мен сага таарынбадым беле» деп кайра сүйлөбөй коюп күлкүгө айланган учурларым болот. Анан да абдан тамашакөй. Мурун достору менен көп убакыт өткөрсө, азыр китептер менен көп убакыт өткөрүп калды. Ал эми келбетиндеги өзгөрүүлөрдү баары эле байкаса керек, имиджи, стили жагынан аябай өстү.
– Маегиңерге рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз!
«NON-STOP» ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Лунара Бекиева
star@super.kg