ИЗДЕЙМ СЕНИ

«АПАМДЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
– Мен 1988-жылы Орусиянын Хабаровск крайында төрөлгөм. Ата-энем үйлөнгөндөн кийин иштеп келебиз деп ошол жакка барып отурукташып калышыптыр. Мен төрөлгөндөн кийин ата-энем Кыргызстанга келгенде чоң атам менен чоң энем «балаңарды биз багып берели. Силер жумушуңардан калбай барып иштей бергиле» деп, 9 айлык кезимде мени алып калышкан экен. 1995-жылы атам өзү эле жалгыз келди. Мен ал учурда жакшы деле элес алган эмесмин. Апамды сурап, атама үзүлүп түшүп деле боор тарткан жокмун. Анткени атамдын бир туугандарынын балдары менен чогуу өсүп, чоң энеме жакын болуп калгам.
Кийин атамдын бир тууган эжеси мага атам менен апам ажырашып кетип, атам өзү Ошко келе бергенин айтты. Ал жакта апамдын колунда карындашым жана иним калыптыр. Атам кийин башка үй-бүлө куруп кетти. Учурда апамды жана бир туугандарымды издеп жатам. Апам Гүлсүн Сүйүнбаева Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылынан болот экен. 1967-жылы туулган. Балким, таякелерим окуп калышса мага байланышып, апамдын дайынын айтышар деген үмүттөмүн. Мен апамды күнөөлөбөйм, таарынбайм дагы. Жөн гана бир көрсөм деген тилегим бар. Азыр өзүм үй-бүлөлүү болуп, аздан болсо да бутактап, тамыр жайып, баланын баркын билип турган чагым. Апа, эгер окуп калсаңыз, жүрөгүңүз атымды угуп бир булкуп алса, кабарлашыңыз.

Уулуңуз Денис Каримов.
Телефон: 0773 934441

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан