ЖАЗГЫ БУТ КИЙИМ ТАНДАЙБЫЗ

ЛОДОЧКА
Актуалдуулугун жоготпогон классикалык бут кийим. Кече көйнөктөрүнөн сырткары капри жана чапташкан жынсы шымдар менен жакшы жарашат. Ал эми кенен шым, узун юбкалар менен кийбей эле койгон оң.

ДЕРБИ
Мырзалардын дерби аталышындагы бут кийими кэжуал стилинде. Бут кийимдин бул түрү жынсы жана жарым классикалык стилдеги шымдар менен жарашат.

БАЛЕТКА
Такасы жок жалпак, басканга ылайыктуу балеткаларды чолок жынсы шым, лосина, көйнөк, сарафан, юбка, туника менен кийген туура.

ТОПСАЙДЕР
Топсайдер аталышындагы бут кийимдер боосу менен жана боосу жок да болот. Классикалык кийимден башка стилдегилер менен жараша берет.

МОКАСИН
Мокасин жеңил, жумшак, жалпак бут кийим. Байпагы жок деле кие берсе болот. Көчөгө, эс алууга чыкканда спорттук костюм, жынсы шымдар менен кийсе жарашыктуу.

БОТИЛЬОН
Ботильонду кыры чыккан классикалык шымдар менен кийүүгө болбойт. Узун көйнөк, капри, бриджи менен жакшы жарашат.

СЛИПЕР
Слипер бут кийимин илгери Англиянын жентльмендери пижама, халат менен кийишкен. Аталган бут кийим териден, баркыттан, замшадан тигилет. Эч кандай байламасыз, кооздук үчүн жабыштырылган темир-тезеги жок слипер пижамага окшош кенен жана кыска шымга туура келбейт. Булардан башка бардык кийимдер менен жарашат.

КӨП КИЙИЛГЕН БУТ КИЙИМДЕР

ЧЕЛСИ
Челси бут кийимин кыздар чапташкан жынсы шым, лосина, кыска көйнөк, юбка менен кийишсе, мырзалар жынсы шым кийип, багелегин түрүп алышса жакшы жарашат. Бирок кенен жынсылар менен жараштыруу аракети эч качан окшошпойт.

ДЕЗЕРТ
Дезерт бут кийими рубашка, пиджак, жакет, чапташкан шымдар менен жакшы жарашат. Кыздар бул бут кийим менен чоң сумка көтөрүп, узун байпак кийип алышса стилдүү көрүнүшөт.

ОКСФОРД БУТ КИЙИМИ
Оксфорд бут кийими 19-кылымдын башында Оксфорддо пайда болгон. Мындай бут кийимдерди костюм-шым, смокинг менен кийүү туура.

МАРТИНС
Мартинс бут кийимин бутка чапташкан шым, кыска юбка же көйнөк, чолок шымдар менен кийүү туура.

КОНВЕРС
Жынсыдан тигилген конверс бут кийимдери кыска юбка, көйнөк жана лосина менен жакшы жарашат.

ЛОФЕР
АКШда пайда болгон лофер кийгенге, чечкенге оңой бут кийим. Мындай бут кийимди кэжуал стилинде классика менен спорттук кийимди айкалыштырып кийсе болот.

Кийимдер "Rodi Mood", ал эми
бут кийимдер "ETOR" дүкөнүнө таандык.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
Sagizgan
2016-03-14 14:01:27
Амир Аскаров беле бала жее адаштымбы.Кызсайкал сулуу кыз болуп калыптыргооо
+1
Sash1994
2016-03-14 14:06:13
Бут кийимдер соонунго
0
Aisanat
2016-03-14 14:32:48
Конверс деген бут кийимдин туру эмес бут кийим маркасынын аты.Конверсе ал стар белгилуу марка болгон учун эле антип которгон болбойт. Мындай бут кийимдер чакс деп аталат. Мен да жакшы коруп кием.
+1
Azura
2016-03-14 15:40:02
Aisanat,Конверс бут кийим чыгарган компаниянын аты, кедалары менен белгилуу, жана джинсы конверстери патенттелген. Конверс - кеда деп баары тушунот, а чакс деп аталаары сизге эле белгилуу го?
0
Aisanat
2016-03-14 19:24:47
Azura,азура сиз балким эл оозунда ошентип айтылганы учун эле ошентип конверс деп ойлоп алгансыз го.Сиз айтпасаныз деле Конверс компаниянын аты экенин билем. Менин айтайын дегеним памперсти кыргызча которулбайт эл тушунбойт деп эле газеталарга деле памперс деп жаза беришет. Памперс дагы бул марканын аты. Орусча деле подгузник деп которулуп атпайбы. Ошол сыяктуу эле конверс деген бут кийимдин моделинин туру деген тушунук элге синип калды да. Англис тилинде чакс деп эле айтабыз Европада.
+1
Azura
2016-03-15 10:13:09
Aisanat,подгузник боюнча айтканынызга кошулам, баары подгузникти памперс деп алышкан.
ал эми конверс - чакс боюнча оюум кумон. кругозор учун издеп окуп короюн)
0
Aisanat
2016-03-14 19:30:59
Azura, Кыргызстанда он жылдан бери жашабаганым себеп го бизде эл конверс деп тушуноорун билбегеним. Ушундай гезит беттерине эл тушунбой калат деп эле жаза бергендери окундурот. Гуглга кирип изилдеп алыныз менин айтканыма конгунуз келбесе.
+1
admin_superstan
2016-03-15 12:26:06
Aisanat, саламатсызбы? Конверс бул – кеда бут кийими. АКШдагы кеда чыгарган “Converse” компаниясынын аталышынан улам эл арасында конверс аталып кеткен.
+3
AlbertEnshtein
2016-03-14 19:04:52
Менде сыртында симпсон дордун суроту бар конверс кедам бар да. Алышы алып алып лимитка дегенинен каяка кийишимди билбейм))) же подросток болсомчу)))
0
Nazik85.85
2016-03-14 19:56:55
Жакшы кенеш болуптур.Рахмат сиздерге Супер инфо.Мен кобунчо балеткага кызыгам.
-1
AZIK01
2016-03-14 20:29:19
Мен да бут кийим маселеси менен кыйналып жүрөм. Кечээ магазиндерди айланып, көңүлгө жаккандарын таппадым. Же тандоо көп болгонү үчүнбү...?
Nike тын красовкаларын жактырдым.100-150 долларга алсаң болот экен.
-6
karamat1999
2016-03-14 22:15:05
Памперсти кыргызчага култук баштык деп которушуптур,билбегендерге жазып койдум.
+2
Nazikbaigazy
2016-03-15 02:35:11
Оо мен саткан бут кийимдерго, биздин магазинде 50% скидка болуп жатат, кызыгы кыргызстанда канча турат экен, анан да кайсы бут кийимди кандай кийим мн кийебиз аны билебиз, бизди билбейт деп жазышат окшойт е суперлер
+1
Svoboda83
2016-03-16 18:41:58
Nazikbaigazy,сиз билсез сизден башка билбегендерда бар ошолор окуп туура жарашыктуу кийинсин деп жазып жатышат сизда бир убакта бир жерден окуп угуп уйрондунузда туурабы?Анан сиз айтып жатасыз мен саткан бут кийимдер биздин магазинде 50% скидка деп ишенем азыр 70% деп жазып койуптур сиз иштеген магазин Россиядагы Азербайджандардын смешное цена деген магазини Люблинодон кытайдын товарларын арзан жыйнап келишет ал магазиндеги товарынызды бул товарга салыштырбан бул бут кийимдер таза оригинал
+1
Nazikbaigazy
2016-03-20 02:19:23
Svoboda83,во-первых кыргызстандыкы жаман биздин обувь Жакшы дегеним жок, болгону бизде скидка болуп жатат, кыргызстанда канча болуп жатат деп кызыгып жатам, во-вторых я не работаю в смешные цены, работаю в магазин. "L Oбувь" если хотите закажите, биздин товар сен айткан кытайдыкы эмес Италия Францияныкы.
-1
Svoboda83
2016-03-20 06:01:51
Nazikbaigazy,хорошо я небуду спорить тогда оставь свой цифру номер я буду заказать хорошо договорились? жду.
0
Birimdik5555
2016-03-17 14:24:51
Nazikbaigazy,сен билген менен башка билбегендер да бар да
-1
Genar.benicio
2016-03-15 23:06:46
Билбегендер да бар да , кандай кийиништи.Супер инфо менимче кандай бут кийимди кандай кийим менен кийсен стилдуу коруносун деген суроого жооп жазыптыр да .Мындайча айтканда Кореецтерге кызыга бербей озунор деле жарашыктуу кийинсенер силер деле кем калбайсынар дегендей кылышыптыр да Супер инфо
+1
Svoboda83
2016-03-16 23:09:20
Nazikbaigazy cага жооп Азерлердин Смешный Цены деген магазининде иштейт окшойсун Азерлерин Кытайдын арзан товарын м.Люблинодон килограмдап алып келип сатышат бул жерде тоо менен беедей айырма бар бул бут кийимдерди Россияда да кийген Орус кийет жетпеген орус канча каяктагы 50% Смешной Цена магазинди айтпа сен эле Россияда жургондой болосунда бизда Россияны билебиз Супер-Инфого ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
0
Nazikbaigazy
2016-03-20 02:41:03
Svoboda83,Смешные цены бар экенин билем бирок ал магазинди азерлер иштетишеби э, ал магазиндер кайдан товар алышаарын да билбейт экенмин, наверное айтканына караганда сен ошондой магазинде иштеп коргон окшойсун э, иштегендин айыбы жок, адал акча тапкан Жакшы, кандай кийиништи билбегендер деле болушу мумкун, бирок биздин кыргыз кыздар туура кийинуу модный болуу боюнча алдынкы орундарда турат деп эсептеймин, оюмча биздикилер билет деп жазгам суперге, мен эле россияда эмес ар бир кыргыз россияда
-1
Svoboda83
2016-03-20 06:07:00
Nazikbaigazy,жок эй мен Орусияга барган эмесмин айтышат жалан кыздарды кана алышат дешип ошого айттымда койдум капа болбо.
0
daniel_kadyrov
2016-03-17 10:56:24
Джинсанын кыргызчасы жынсы болобу?
+1
Svoboda83
2016-03-17 22:10:28
daniel_kadyrov,штан болот
0
kanykei95
2016-03-17 23:22:35
узун юбка менее кандай Бут киййим кийсе болот такыр еле еш нерсе жарашпай жатат
0
Paul
2016-03-18 22:22:34
kanykei95, Узун юбкан менен балетка кийип корсон
0
Shapak1979
2016-03-17 23:32:05
Дерби бут кийими жакты баасын билип бере аласыздарбы рахмат.
0
Paul
2016-03-18 22:21:19
Кызсайкал татынашка экен. Че то жагып калды. Админ. Кызсайкалдын номерин кай жактан алсак болот???
0
Mahabat84
2016-03-21 02:59:46
Баары соонун,мага жакты
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан