Бообеков: "АЙЫП ПУЛДУ ТӨЛӨБӨГӨНДӨРДҮН ТЕЛЕФОН НОМЕРИ ӨЧҮРҮЛҮШҮ МҮМКҮН"

5-март күнү жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине ИИМдин башкы маалымат борборунун башчысы Алмазбек Бообековдун маеги жарыяланды. ИИМдин өкүлү аталган маекте министрликтин өз күчү менен Сокулуктагы жолго коюлган видеокамера жол эрежесин бузган айдоочуларды тартып калып жаткандыгын айтып, эреже бузган айдоочулардын үйүнө жөнөтүлүп жаткан айып пул жөнүндөгү каттар тууралуу суроолорго жооп берген.

БООБЕКОВ АЙТЫП, БИРОК ТАПТЫРБАДЫ
Маегинде Алмазбек Бообеков жол эрежесин бузган айдоочу айып пул төлөбөсө туум кошуларын, туум айып пулдун суммасына жеткенде токтотуларын жана аны 5 жыл ичинде төлөбөсө карыз жоюларын айткан. Журналист анын мындай жообуна:  “Анда төлөбөй убакытты чоюп жүрө берсе болот экен да?” деген суроо узаткан. Бообеков: “Болот, бирок 5 жыл аралыгында башка өлкөгө чыга албай, мамлекеттик мекемелерден тактама (справка) ала албай калышат. Керек болсо уюлдук байланыш кызматы өчүрүлүшү мүмкүн”,- деп жооп берген. Бул маалымат коомчулукта талкууга алынды. Алмазбек Бообековдун өзүнөн маалымат алууга мүмкүн болбоду. ИИМдин маалымат кызматынын өкүлдөрү кайсы бир шылтоолорду айтып, анын байланыш номурларын берүүдөн баш тартышты. Анын ордуна бул маселе боюнча Жол кайгуул кызматынын административдик практика боюнча улук инспектору Талантбек Сыдыков жооп берет дешти.

ИИМ: “АЙЫП ПУЛДУ СОТ АРКЫЛУУ ЭЛЕ ТӨЛӨТҮП АЛАБЫЗ”
Талантбек Сыдыковдун айтымында, азыр айып пул төлөбөгөндөр өлкөнүн аймагынан сыртка чыкпайт, маалым кат берилбейт, уюлдук байланыш өчүрүлөт деп айтуу эртерээк.
Биз бул маселелерди талкуулап жатабыз. Келечекте бардык төлөмдөрдү, алсак, бажы, салык жана башка административдик төлөмдөрдү бир электрондук системге байлоо аракеттери жүрүүдө. Азыр Сокулукта коюлган видеобайкоо системи тартып калган эреже бузуулар боюнча айып пул төлөөнү эскерткен каттар жөнөтүлүп жатат. Ал эскертүү барган соң 30 күн ичинде төлөнүшү керек. Эгер убагында төлөбөсө, туум кошула берет. Анда да төлөбөсө, биз кол куушуруп отура бербейбиз да. Мыйзамга ылайык, айып пулду төлөбөгөн айдоочунун унаасы издөөгө жарыяланат да, табылган соң унаа айып токтотмого токтотулат. Анда да төлөбөсө, мыйзамга ылайык сот аркылуу айыпты өндүрүүгө туура келет”,- деди Талантбек Сыдыков.
Коомдук активист Болот Ибрагимов: “Айып пулду төлөтүүдө эң биринчиден адам укуктары бузулбасын. Негизинен жол эрежесин бузгандан кийин төлөө үчүн катуу талаптарды койсо болот. Антпесе биздин айдоочулар төлөбөй да жүрө бериши мүмкүн”,- деген ойдо.
Юрист Нурбек Абдалиев Алмазбек Бообековдун билдирүүсү боюнча: “Адамдардын бир жакка чыгуусуна чектөө коюуга, телефон номерин өчүрүүгө эч кимдин укугу жок. Адамдын чет жакка чыгуусун чектөө боюнча сот гана чечим чыгарат. Албетте, азыр ИИМде мындай чектөөлөр боюнча талкуулар жүрүп жаткан болушу керек. Бирок жол эрежесин бузууга административдик гана айып пул караларын унутушпаса. Демек, айып пулду өндүрүү үчүн жарандын эки жакка басканын тескебей эле айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратып, унаасын айып токтотмого алып келүү сыяктуу жолдор менен өндүрсө болот. Биз да карап отурбайбыз, эгер ошондой адам эркиндигин чектеген чаралар сунушталса, каршы пикир билдиребиз”,- дейт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
raysultan007
2016-03-14 13:38:22
Камера тартып калган эреже бузган унаанын ээсине айып пул жонундо билдируу туура дарек боюнча барышы оз чон проблема Кыргыздар учун, а Бообеков мырза бул жонундо такыр тушунугу жок адам экен. Мен 2 жыл мурунку унаам учун мага айып пул жонундо билдируу дагы деле мага келип жатат. Унааларды алып-сатууда бирдиктуу катто жонундо мыйзам жок, доверенность жаздырып алып айдап журо беришет. жада калса аны да жаздырбай сатып алып айдап журо беришет.
+1
ere
2016-03-14 14:40:57
чала бышкан мыйзамго. биз бул милдептти аткаруубузга дагы ондогон жылдар барго... менимче
+1
NURSAPAR
2016-03-14 20:52:17
Алгач алды-саттыдагы каттоону жолго коюш керек
0
Tumara1992
2016-03-15 22:55:16
Бабанов доверенностту алдыртып салып мына эми каша болуп атат. Мурун деген баары регистрация болуп турчу (доверенность) азыр болсо ДТП кылып качып кетип калса таппай эстери ооп атат. Айып пул жонундогу билдируулор тех паспорттогу ээсине эле барып атат, болбосо анысы илгери откон заманда эле сатып жиберген. ГАИни жойдук деп эле кыйын болуп атышат эми баары башаламан болот коросунор гоо
-1
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан