Жан шерик
Англисче, түркчө, арабча ырдаган Асел Кыдыкова менен мыкты аранжировкачы Мирлан Ниязов кол кармашып той бергени эсиңизде болсо керек. Аты чыгып белгилүү боло баштаганда эле сахнадан өз ыктыярлары менен четтеп кетишкен. Түгөйлөр жашоосу туурасында айтып беришсе деп маекке тарттык.
ЖАН ШЕРИКТЕР ЖӨНҮНДӨ
Мирлан Ниязов
Асел Кыдыкова
– Мирлан, Асел, көп жылдан бери көрүнбөйсүздөр?
– Өзүңөр билгендей, 2004-жылы Асел экөөбүз баш кошконбуз. Үй-бүлө кургандан кийин Асел намаз окуп баштады. Мен да беш убак намазга жыгылып, ыр дүйнөсүнөн алыстадык.
– Жакшы экен. Кеп башын экөөңүздөр таанышкан күндөн баштасак деп турам...
Мирлан: – Кичине кезимден бери музыка дүйнөсүнө сүңгүгөн баламын. Абдумалик Шерматов менен гастролдоп көп жүрдүм. Кийинчерээк “Кыз-Бурак” тобунда музыкант болуп иштеп калдым. Ошондо Асел Кубик байке менен дуэт ырдап Ошко барып калыптыр. Аселдин анда өзүнүн студиясы бар, бирок аранжировка жасоочу адамы жок экен. Тааныштары Аселге “мыкты аранжировкачы бар” деп мен жөнүндө айтышыптыр. Асел “чогуу иштешели” деген сунушун айтты, мен макул болдум. Ошентип, бир жылдай иштешип жүрүп, кыз-жигит мамилесине өтүп кеттик.
Асел: – Мирланга сүйүүмдү биринчи болуп мен билдиргем. Анткени анын тартынчаак мүнөзүн билчү элем да.
Мирлан: – Чындап эле сен биринчи айткансың, ээ? Бирок менин деле айтайын деген оюм бар болчу.
– Кыргызда “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деген макал бар эмеспи... Сурайын дегеним урушкан учурларыңар болобу?
Мирлан: – Таптакыр урушкан эмеспиз десем да болбой калат. Үй-бүлө курганда жаш экенбиз да. Мен эркектик кылып Аселди кичине түртүп жиберген учурлар болгон. Азыр түртмөк тургай бири-бирибизди таарынтпайбыз.
– Үйлөнүүгө ата-энеңиздер каршы болгон жок беле?
Асел: – Жок, эч кандай каршылыктар болгон эмес. Мирлан экөөбүздүн сүйлөшүп жүргөнүбүздү ата-энем билишчү. Алар Мирланды жакшы тааныгандыктан, каршылык көрсөтпөстөн кайра ушундай күйөө балалуу болгонуна абдан сүйүнүшкөн.
– Асел, кайын журтка барып келиндик милдетти аркаладыңызбы?
– Биз Мирлан экөөбүз ата-энелерибизди мама, папа дегенибиз менен, кайын журтту ата-апа дейбиз. Нарынга конок болуп эле барабыз. Тамак жасап деле көрбөптүрмүн.
– Мирлан, сиз кой союп дегендей, кайын журтка кызмат кыласызбы?
– Кой соймок тургай кой союлуп жаткан жерден безе качам. Асел экөөбүз тең эркебиз. Кызмат деле кылдырышпайт.
– Бири-бириңиздерди кантип эркелетесиздер?
Асел: – Мен Мирланды Мики дейм.
Мирлан: – Эмне жакшы сөз болсо ошонун баарын айтып эркелетем. Аселден да кызым Фатиманы укмуш эркелетем.
– Учурда эмне менен алексиздер?
– Мирлан: –Биз студентпиз. Окуп, билим алуунун эрте-кечи жок экен. Асел экөөбүз Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб филологиясында 3-курста окуп жатабыз. Эртең менен кетип, үйгө саат 4тө келебиз. Сабактарыбызда бир да «төрт» жок, жалаң «беш». Анткени бизде пара берем десең да албайт. Ошондуктан тырышып окуп жатабыз.
– Окууда болсоңуздар Фатиманы бала бакчага берсеңиздер керек? Дагы канча балалуу болгуңуздар келет?
Асел: – Бала бакчага берген эмеспиз. Фатиманы кайын сиңдим карайт. Фатимага дагы бир шерик төрөсөм болду го дейм.
Мирлан: – Фатима төрөлгөндө биз бала эле экенбиз. Куурчаактай эле көрчүбүз. Тили чыгып ата-апа деп чоңоюп калганда гана ата-эне болгонубузду сезип жүрбөйбүзбү. Көп балалуу болгон эле жакшы го.
– Чыгармачылыкка берилип жатып эле сахнаны күтүүсүз таштап кеттиңиздер...
Мирлан: – “Биз сахнаны таштайбыз” деп айтканда Аселдин ата-энеси “жакшылап ойлонгула. Ырчыларды билебиз, сахнаны таштай албайт” деп айтышкан. Анын үстүнө кайындарым мусулманчылыкка берилген адамдар болсо деле, келинчегимдин сахнада ырдашын кубатташып, “кийин өзү түшүнүп, намазга жыгылат” деп ойлошчу экен. Бармактайымдан бери музыкага аралашканымды ата-энем жакшы түшүнүп, мени колдошчу. “Сахнадан кеттик” дегенимди атам гезиттен окуп, бир жума төшөктө ооруп жатып калыптыр.
– Сахнадан кеткениңиздерге өкүнөсүздөрбү?
Асел: – Мен өкүнбөйм. Кээде Мирланга мага өзүмө эле ыр жазып берчи, үйдө ырдайм деп калам.Үйгө келген туугандарыбызга ырдап жүргөн кезибиздеги концерттерди коюп берсек, «эмнеге сахнаны таштадыңар?» дешип кадимкидей көздөрүнө жаш алышат.
– Мирлан, учурдагы шоу-бизнес чөйрөсүнө сиздин көз карашыңыз кандай?
– Шоу-бизнестин акыбалы орой айтканда өтө начар. Улуу муундун өкүлдөрүнүн жаш ырчыларга айткан сындарына мен да кошулам. Кечээ кайсы бир радиодон батыштын музыкасы жаңырып калды. Муну ким ырдайт экен деп турсам сөзү, обону Ташкент кызы Гүлдүкү деп “60К” тобу ырдады. Ырларды которбосун дебейм, которо беришсин. Сөзүн, обонун кайдан алгандыгын айтып койсо эмне болот дейм да. Ал эми эски ырларга жан киргизем дегендерге да айтчу сыным бар. Мисалы, Мирбек Атабековдун “Ильяздын ыры” деген ырын алалы. Мирбекте талант бар, бирок эски ырдын обонун башкача ырдап салган. Айтор, айта берсең толтура. Ага өзүңөр деле күбөсүңөр. Адам сынды туура кабыл алса гана өнүгүп-өсөт.
– Карап көрсөк көп ырларга аранжировка жасаптырсыз? Убагында жакшы эле каражат тапсаңыз керек?
– Канча ырга аранжировка жасаганымды отуруп алып санап чыгыш керек экен. Мисалы, Гүлнур Сатылганованын “Ак көгүчкөн”, Мирбек Атабековдун “Не моя”, Артык, Сапардын, “Атага кат”, Бактыгүл Бадыеванын “Сүйүү тамгасы” кыскасы, көп. Атын атап уят кылбай эле коёюн, өздөрү билишет. Мындан эки жыл мурун ыр жаздырып алып акчасын бербей жүргөн ырчы жигиттер бар. Телефон чалсаң жооп берип да коюшпайт. Ишенбесең азыр телефон чалып сүйлөшөйүн. Бул деген бирөөнү каралагандык эмес, болгону адамдын мээнетин баалабагандык, анан да текеберлик да, туурабы?.. Эми кантсе да эсине келишер деп ойлойм.
– Айтканыңызга кошулам. Дайыма ээрчишип, бактылуу болуп жүрө бериңиздер.
Бурул Исмаилова
star@super.kg