ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖОБО КАЙРА ИШТЕЛИП ЧЫГАТ

10-марттан тарта ишкерлер үчүн товарларды импорттоого байланыштуу алдын ала маалымат берүү жобосу ишке кирмек. Башкача айтканда, ишкер сырттан алынып келүүчү товары тууралуу Салык кызматына бир ай мурун маалымат бериши керек болчу.
Кыргызстан ЕАЭСтин курамына кирип, бажы көзөмөлү алынгандан тарта биримдиктеги өлкөлөрдүн товарлары Кыргызстанга тоскоолдуксуз киргизиле баштаган. Ишкерлер атайын талондорду толтуруп, кандай товар алып келе жатышканы, товардын баасы тууралуу маалымат беришчү. Бирок андай талондордо товардын чыныгы баасын жазбай, арзан бааны жазып коюшкан учурлар көп болуп, салыктын төмөндөшүнө алып келген. Аткезчилик да күч алып, жергиликтүү ишкерлердин атаандаштык кылуу жөндөмүн алсырата баштаган. Мунун алдын алуу үчүн Салык кызматы ишкерлерге бир ай мурун товар тууралуу маалымат берүү жобосун сунуштаган.
Бул жобо 2-марттагы ишкерлердин өкмөт башчы Темир Сариев менен болгон жолугушуусунан кийин кайрадан иштелип чыкмай болду. "Сырттан алып кирилген товарлар тууралуу бир ай мурун маалымдоо жобосу бизнес тармагынын сунуштарынын негизинде кошумча иштелип чыгууга муктаж",- деп билдирди премьер. Алдын ала маалымдоо жобосун жеңилдетүү боюнча вице-премьер-министр Олег Панкратовго тапшырма берилди. Ошондой эле Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан