БАБАНОВ КАРАМУШКИНАНЫ 250 МИҢ СОМ ДООГО ЖЫКТЫ

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкина “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабановго 250 миң сом төлөп бермей болууда. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарды.
Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 17-июнунда Жогорку Кеңештин жыйындар залында Ирина Карамушкина: "Мен абактагы Адина Турдубаева деген жарандын оор абалын көрүп келдим. Бул аял курулуш бизнесин Өмүрбек Бабанов тартып алганын жана өлмөйүнчө эркиндикке чыкпай турганын айтты. Эмнеге Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун башчысы мындай маселелерди чечпей жүрөт?"- деп чыккан. Өмүрбек Бабанов бул маалымат чындыкка дал келбейт деп, ишкерлик беделин коргоо максатында сотко арыз менен кайрылган. Өмүрбек Токтогулович моралдык компенсация деп жоопкер Ирина Карамушкинадан 5 миллион сом жана сотко катышкан мыйзамдуу өкүлүнүн чыгымы үчүн 62 миң сом өндүрүлүп берүүсүн талап кылган.
2015-жылдын 22-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен Өмүрбек Бабановдун Ирина Карамушкинага карата ар-намысын коргоо боюнча доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "2015-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындар залында жоопкер Ирина Карамушкина тарабынан таратылган аталган маалымат чындыкка дал келбейт" деп, Карамушкинадан Бабановдун пайдасына 250 миң сом өндүрүлсүн, ал эми юридикалык кызмат көрсөтүү чыгымдары үчүн 30 миң сом төлөнүп берилсин деп чечим чыгарган. Чечим 22-январда күчүнө кирип, Жогорку Соттун маалымат кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарына 9-мартта таратты. 10-мартка карата Бишкек шаардык сотуна Свердлов райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча тараптардан эч кандай арыз түшкөн эмес.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
stimyl.kg
2016-03-14 11:47:19
Бирин олуп бирин кал,депутат министир болуп кыргызды тоноп жыргап ал. Деги элимди ойлогон адам барбы? Ажо баш болуп башкасы каш болуп олчойгон убада беришет,убадаларынан бири да жок .
0
mery.89
2016-03-14 12:40:58
Бабанов уят эледа аял кишиге тенелген.
-11
saparali96
2016-03-14 22:10:29
mery.89,жалган жалаа болуп атса тенелетта
0
Taalaibek.
2016-03-15 16:58:13
mery.89,Бабанов эн туура кылган! Анан эмнеге калп айтат. Дагы 250 мин сом деп коюуптур да. 5 миллион салып койсо эмне болмок эле.
+2
Zubi91
2016-03-14 13:49:02
стимул жакшы соз айтыптыр
0
bahbrat
2016-03-14 14:47:47
Карамушкина аялдык сапатта эмес, чиновниктик сапатта жооп берет. Айткан созу чындыгында Бабановдун абройуна доо келтирген. Карамушкина айткан создоруно далил таап бере албаган сон, айып пул толош керек.
+8
zoichka
2016-03-14 16:19:48
Карамушкина ойлонбой кобуроок суйлоп алат го.ырасс кылыптыр Омурбек мырза
0
zoichka
2016-03-14 16:20:44
Эмнеге менин коментим чыкпай жатат админгул
-3
admin_superstan
2016-03-14 16:30:27
zoichka, саламатсызбы? Жогоруда турат сиздин комментарийиңиз, бетти жаңылап туруп кайра карап көрүңүз.
-1
Pakissstanka
2016-03-14 17:33:08
Ушу орустуЖогорку жака кылып шайлаганга тан калам да. Кыргыздарды Россия да чурки дешип аташат.
0
Umar080814
2016-03-14 19:37:00
Карамушкина Чудинов Артыков Кулов сыяктуу пайдасы жок адамдарды .......керек.
+5
Pakissstanka
2016-03-14 23:50:49
Umar080814, Артыков дегенин ким?
-2
aman0296
2016-03-15 03:21:06
Бабанов туура кылат
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан