БЕКНАЗАРОВ ОППОЗИЦИЯНЫН КУРУЛТАЙЫН ӨТКӨРӨТ

Революциянын "бульдозери" атыккан Азимбек Бекназаров жаз алды менен оппозициячыл саясатчыларды чакырып, Ош шаарында 24-март күнү курултай өткөрмөкчү болуп жатат.
Жакынкы күндөрдө эле “биз бийлик үчүн эмес, Кыргызстанды сактап калуу үчүн биригип жатабыз” деп “баш кошушкан” Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев менен катар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдырахманов жана Ахматбек Келдибеков да бул курултайга чакырылыптыр. Маалымат агенттиктеринин бирине Азимбек Бекназаров курултай тууралуу: “Чакырылгандардын кимиси келет айта албайм. Курултай тынч өтөт”,- деп билдирген. Курултайда электр энергияга болгон тарифтер, камсыздандыруу жана башка маселелер көтөрүлөт.
 
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
marmiladka9
2016-03-14 10:42:06
тынч эле отсун
+2
sabyr86
2016-03-14 11:24:42
Кыргыз элин Бекназаров эле куурата турган болду,курултпй өткөрүп анан пикет баштап атып.
+3
urmat-87
2016-03-14 12:04:04
электр энергияга болгон тарифтер, камсыздандыруу жана башка маселелер көтөргулө азаматсыздар качанга чейин жүрө беребиз Бакиев светке болгон баалар кымбаттайт дегенде өздөру катирген бакиевтерди биз керек болсо өз баасында беребиз колубуздан келсе асманды да ташаганга аракет кылабыз деген сыяктуу сөздөр мене эми мынтип көтөргөндөрү туура эмес уят уят эгер билген болсоңор!!!
0
raysultan007
2016-03-14 13:58:43
Салыштырып корсок Бакиев деле бааларды кымбаттатканы учун кетти, да анда азыркы бийликтин айырмасы кайсы кеткен бийликтен?
+1
ere
2016-03-14 15:17:40
айырма жок ал бийликпи булбу кыскасы элди сыгып канын ичмей кымбаттамай
0
NURSAPAR
2016-03-14 20:44:47
Мен барсам болобу
0
Arlenchik
2016-03-16 01:04:15
Бийликке жетпей калсале ушунтип бирнерсе уюштура коюшуп элди курал катары колдонушат,бийликке келсе унчукпай тымпыйып отуруп эптеп талап тоноп кетиштин айласын корушот,ушул биригим алып курултай откоруп аткандар силер да учурунда кызматта болгонсунар бирок бирин да алгылыктуу иш кылбагансынар,андыктан убара беле болбойле койсонор болот,эл учун иштей турган ой жок кайрале максатынар баягыле.
0
arsenal
2016-03-22 14:42:23
Курултай откозуп эле келе жатабыз же жыйынтыгы жок???
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан