АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ

Залкар инсандардын артында уучун улаар таланттуу балдары калса кубанычтуу. Анткени тулпардан тулпар, шумкардан шумкар туула бербейт. Ата-эне жолун жолдоп, өнөр жүгүн артынган уул-кыздар тууралуу учкай кеп салалы.

 

Кубаныч Эсенбаев, журналист: «МЕН БИР ТУУГАНДАРЫМДЫН ЖАНЫНДА СӨЗГӨ ЧОРКОК БОЛУП КАЛАМ»
«Сыр сандык» берүүсү аркылуу элге таанылган журналист КУБАНЫЧ ЭСЕНБАЕВ менен актриса Сайрагүл Эсенбаева бир тууган, ал Болот Тентимишовдун жубайы. Ал эми «Көк жөтөл» ыры менен белгилүү болгон ырчы НООРУЗ АЛЫМБАЕВ Эсенбаевдердин бир тууган жээни. Өнөр көрөңгөсү чоң атамдан берилген деген журналист бир туугандарынын баары түрдүү талантка ээ экенин кошумчалады.
– Бир туугандарымдын баары таланттуу. Эл мени "сөзгө чеченсиң" дешет. Бирок туугандар чогулганда сөзгө чоркогу мен болуп калам. Биздин отуруш ичимдиксиз эле көңүлдүү өтүп,
ыр-бий менен коштолот.
Таланттын учугу чоң атамдан бери уланып келет. Ал киши обон чыгарып, ыр жазчу экен. Атам да өнөрдү таштабай комуз менен ырдап калчу. Айылга ким концерт коюп келсе биздин үйдө конок болмоюнча кетчү эмес. Ырчылар үйгө келгенден кийин биздин үй-бүлө аларга концерт берчүбүз. Анткени атам "менин балдарым да ырдайт, бийлейт" деп мактангысы келчү. Ошондо карындашым Сайра (Эсенбаева) экөөбүз ырдап, бийлеп берчүбүз. «Ырдай албайм» деп айтуудан тартынчумун. Анткени атамдын «менин балдарым ырдайт» деген ишеничин жоготкондон коркчумун. Мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунан режиссёрлук кесипти аяктадым.
Уулумдун кесиби юрист. "Кесибиң менен иште" десем болбой камера кармап, жарнамалык роликтерди тартып калат. Карындашым Сайра Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган. Азыр Чыңгыз Айтматов атындагы орус драмтеатрында эмгектенүүдө. Жолдошу Болот Тентимишов да таланттуу актёр. Сайранын таланты али толук ачыла элек. Буюрса, жакшы режиссёрлор менен иштешсе, мыкты ролдорду жаратат.

 

Назым Мендебаиров, актёр: «АТАМ ЭКӨӨБҮЗДҮН СҮЙЛӨШЧҮ ТЕМАБЫЗ БИР»
«Дем» театрынын таланттуу актёрлорунун бири Назым Мендебаировдун атасы Кенжекул Мендебаиров Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти. Учурда Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалык театрында актёр болуп иштейт. Назым Мендебаиров атасынын мүнөзүн, талантка, театрга болгон сүйүүсүн баяндап берди.
– Атам ыр-күүгө жакын, бир катар күүлөрү, 300дөй обону бар. Атайын обон жазбайт, бир ырга обон жазчу болсо көп убакытта жаратат. 2-3 жылдап жаралган обондору бар. Учурда Кубаныч Ажыбаев аткарып жүргөн «Кечирип кой», «Сулууларга суктанууга акым бар» аттуу ырлардын обону атама таандык. Атамдын мүнөзү жаш баланыкындай. Мындай сыпаттоону кесиптеши Темир Бирназаров көп айтат. Жаш кезинен бери футболду калтырбай ойнойт. Короого чыкканда аянтта жаш балдар ойноп жатса да кошулуп кетет.
Анын боорукерлиги жанда жок. Айылда чоңойсо да такыр кой сойбойт. Муздаарга келгенде «мени карап жатат, көзүн жалдыратып кантип соёюн?» деп басып кетет. Атам экөөбүздүн сүйлөшчү, талкуулоочу темабыз бир. Айылга барганда ден соолук сурашкандан кийин театр тууралуу узун кепке түшөбүз. Өнөр туткасын атамдан кийин бир тууган агам Шамбет экөөбүз кармадык. Агам Нарын театрында режиссёр, атам экөө чогуу иштейт.
Балким, бул нерсенин кесибиме байланышы жоктур. Бирок кызыктуу факты катары айтып калам. Мен төрөлөр күнү айылга Индиянын тасмасы коюлуп, апам «бүгүн төрөбөсөм керек, бара берейинчи» деп киного кирет. Тасма башталганда толгоосу келип, ошол жерден ооруканага кеткен экен. Атам уулдуу болдум деп таятама сүйүнчүлөсө, бастырмага чыгып азан чакырып атымды Абдрахман коюптур, ал киши айылдын молдосу болчу. Теңтуштарына «уулумдун атын таятасы Абдрахман койду» десе, «чалдардын аты, эски ысым, кайын журтуң балаңа ат коюп калдыбы?» деп ызалантышса, "башка ат коём" дептир. Ошол учурда «Бекбекей» элдик театры Назым Хикметтин «Унутулгус адам» чыгармасын сахналаштырып, атам тиш доктурдун ролун аткарып жаткан экен. Спектакль элге аябай жагып, атам Назым деген ысымды ыйгарып койгон. Кандагы талант жөн койбойт экен. Уулдарым «Достор» тасмасында кичине балдардын ролун жараткан.

 

Марат Козукеев, актёр: «АТАМ АКТЁР, РЕЖИССЁР КАТАРЫ ТУУ ТУТКАН АДАМЫМ»
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев дагы таланттуу үй-бүлөнүн уулу. Атасы Жумабек Козукеев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр болуп эмгектенген. Ал эми апасы Кандалат Муратова режиссёрдун жардамчысы болуп пенсияга чыкканча аталган театрда иштеген. Таланттуу үй-бүлөгө жакында эле тамашоучу Эмил Эсеналиев күйөө бала болду.
– Көпчүлүк артисттердин балдарындай эле бала кезим театрда өттү. Спектакль көрүп жатканда сахнанын арты сыйкырдуу көрүнчү. Ал жакта да жашоо, бир аалам бардай сезилчү. Бул ишенич 8-9 класста окуп жатканда жоголду. 11-классты аяктап жатканда кайсы кесиптин ээси болом деген ой бийлеп алат эмеспи. Ал кезде атамдын көзү өтүп кеткен, апам баш болуп, туугандарыбыз «театрга барбайсың» деп чекит коюшкан. Бир күнү эски кампаны бузуп жатып Алыкул Осмоновдун китебин таап алдым. «Аялга» деген ыры жагып, жаттап талаага барып кыйкырып ырдап баштадым. Ошондой күндөрдүн биринде гезиттен "Ленинградга актёрлорду тандоо жүрүп жатат" деген жарыяны окуп, оюм таптакыр өзгөрдү. Ошол жерден эч кимге айтпай эле бул жакка келип үч турдан тең өтүп кеттим. Ошентип Ленинградда 4 жыл окуп келип, жаштар театрына жумушка орноштум. Атамдын кесиптештери, достору атам тууралуу айтканда мен анын деңгээлине жете аламбы же театрдан кетип калсамбы деп ойлоп, ичимдеги ушул ой менен күндө күрөшчүмүн. 30 жаштан өткөндөн кийин алар башка муун, мен башка муун экенимди түшүндүм. Атамдын деңгээлине жеттим дебейм. Ал актёр, режиссёр катары мен туу туткан адам болуп кала берди. Атамдын агасы Жайлоо атабыз композитор болчу. Анын жубайы Дарика Жалгасынова. Ушундай таланттуу туугандарым бар экенине сыймыктанам. Менин жолумду улуу кызым Айгерим улантат окшойт. Азыр Кыргыз-түрк «Манас» университетинде 3-курста окуп жатат. Жакында эле тамашоучу Эмил Эсеналиевге турмушка чыкты.

 

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ата жолун жолдоп, өнөр жүгүн артынган уулдар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
mery.89
2016-03-14 12:24:32
Айгерим тыыынч эле уйдо болгону дурус го.
+4
stimyl.kg
2016-03-14 13:29:20
Акккан арыктан суу агат деген дурус кеп. Туура..
+4
Futuro
2016-03-15 01:13:24
Аккан арыктан суу агат?
Че то түшүнбөй калдым окшойт.
Арыктан суу акпаганда эмне агыш керек эле?
Значит мен арыгы жок эле жайылып агып атат окшойм.
-8
Imaraliev
2016-03-15 21:26:45
Futuro,хахахаха жыргап кулуп алдым
0
Bermet_Kasymova
2016-03-16 14:57:57
Futuro, Хахахаххахахах. Бул тамашабы?)))
0
v.kyrgyz
2016-03-16 18:07:02
Futuro,киргиз
0
jama9210
2016-03-18 15:04:40
Futuro,айтпаныз ай мен да жайылып агып атат окшойм))))
0
Yahoo
2016-03-16 12:50:33
Мен лично ьиринчи суроттогу алпаруучу чыкканда сразу башка каналга которуп салам, анткени раздрожения болуп кетем,кантип ушул кишини эфирге алып чыгыштыкен деп.
-1
Ago
2016-03-16 14:29:41
Сыр сандык программасын менин ЭНЕМ аябай жакшы корот.
0
Siren90
2016-03-18 11:54:36
Алма сабагынан алыс түшпөйт деп да койчу беле
0
admin_superstan
2016-03-21 10:15:19
kelechekbizdiki, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан