Концерттин датасы – 5-март
Өткөн орду – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 18:30 (1 жарым саат кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Алып баруучу – Эмил Эсеналиев
Мыкты номерлер – «Торгоюм», «Мен сүйгөн менен пайда жок», Турдакун Ниязалиевдин «Жубайыма» деген ыры
Билет баасы – 300-500 сом
Кайсы ыры хит болсо ошол ырдын атынан жеке концертин тартуулап алуучулардын салтын улап Нурмат Садыров «Торгоюмдун» шылтоосу менен тушоосун кесип алды. Күткөндү жаман көргөн жаным бир жарым саат концерттин башталышын аңдып отурдум. Бекер отурганча деп сахна жасалгасына баам салып, өзгөчөлүк деле көрө албадым. Качан концерт көрүү маданиятын үйрөнөбүз билбейм, аянтка пикетке келгенден бетер чурулдап ары-бери басып жүргөндөр өтө нааразы кылды. Бир убакта жарыктар жанып, Нурмат кызыл формачан сахнага чыга келип, 3 ыр ырдады. «Толкунданып турам, концертиме мынча эл келет деп күткөн эмесмин, дагы көп сөз даярдап алдым эле сиздерди көрүп унутуп калдым. Баарыңыздарга рахмат» деп ыраазычылыгын билдирди. Сахнага Турдакун Ниязалиев чыгып «Жубайыма» деген ырын ырдаганда эл өзгөчө колдоп-коштоп турду. Турдакун деле бул ыры эскире электе концерт берип алса эл колдойт көрүнөт деп ойлоп кеттим.
Ырчыны куттуктап Данияр Эрматов, Алмаз Шаадаев, Асел Кадырбекова, Сыймык Бейшекеев келишти. Сыймык акебиз "Кыргызстанга 10 мыкты ырчы керек болсо арасында экөөбүз бололу, эгерде бирөө эле керек дей турган болсо ошол мыкты ырчы, Нурмат, сен бол" деп марттык кылды. Эл улам ырчылар чыгып ырдай бергенинен тажай баштаганда «Ак өргө city» командасы күлдүрүп залды шаңга бөлөдү. Баса, бул концертте бийчилер аябай көп болду. Жадакалса Нурматтын бир ырын 3 бий тобу коштоп турган учурлар болуп жатты. Нурмат сахна толо бийчилер менен «Торгоюмду» ырдаганда зал жандана түштү. Көрүүчү катары отурган Манас Алыкулов сахнага чыгып Нурматтын жанында бийлеп да жиберди.
Жаш ырчылардын арасында модабы же атаандаштыкпы билбейм, Нурлан Насип концертинде Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртасты алып келди эле, Данияр Эрматов казак рэпери МС Сайлаубекти чакырса, Нурмат досторумдан эмнем кем деген окшойт, казакстандык «Альтаир» дуэтин чакырыптыр. Бул дуэт «Торгоюмдун» казакчага которулган вариантын ырдашты.
Концерттин жүрүшүндө Нурмат аткарып жүргөн «Торгоюм» ырынын автору Рыскулбек Турсуналиевдин жубайы Кумар апа чыгып, ырчыга ыраазычылык билдирип, «бул ырды абышкам мага арнаган, көзү өткөнчө торгоюм деп эркелетип жүрдү» деди. Нурмат комузун көтөрүп чыгып «башында толкунданып жаткам, азыр көнүп калдым, аябай ырдагым келип жатат» деп 5-6 ырды комуз менен ырдап черин жазып алды. Ырчы «Мен сүйгөн менен пайда жок» деген ыры аркылуу таанылганы менен мынчалык популярдуулукка жете элек эле. «Торгоюм» ырынан кийин чыгармачылыкта тынбай изденсе пайда табарын билди көрүнөт.
Алгач там-туң басып тушоо кесүү концертинде мынча элди чогулта алган Нурмат дагы да ийгиликтерди багынтат деген жыйынтыкка келдим.
Толик сынчы