АЛ МЕНИН МАХАБАТЫМ...

Кумирге кат

Биздин аталган рубрикага көптөгөн каттар келет. Алардын көбү жаш ырчы жигит, кыздарыбызга арналган ашыктык саптар. Мына ошондой каттардын катарын төмөндөгүлөр да толуктайт.

«БЕК, СИЗ МЕНИН ЖҮРӨГҮМДӨ ЖАШАЙСЫЗ»
– Саламатсызбы, Бек байке. Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болууда? Сиздин ырларыңыздын эскисин да, жаңысын да, кыскасы, баарын угуудан тажабайм. Бардыгы сонун, керемет. Сиздин чыгармачылыгыңыз менен 1993-жылдардан бери тааныш болуп келем. Мына ошондон бери сиз менин жүрөгүмдө жашайсыз. Жылда койчу концертиңизге калбай барам. Концертке барганда дайыма колумда гүлдестем даяр. Кыялымда сиздей жигитти кездештиргим келет. Жаш кездеги сүрөттөрүңүз, гезит-журналдан кыркылып алынган интервьюларыңыз баары сакталуу. Фарида эжеге суктана берем, сиздей инсанга туш келгенине. Өткөндө сахнадан кетем деп абдан коркуттуңуз, кейиттиңиз. Сизден суранарым, сахнадан кете көрбөңүз, анткени керемет обондоруңуз мендей күйөрманыңыздын жүрөгүндө жашарын унутпаңыз. Сүйүп алган жарыңыз Фарида эже менен уул-кызды тарбиялай бериңиздер. Мира.


«БАКТЫГҮЛ, МЕНИН ГҮЛҮМ...»
– Аппак жүздүү, айдай нурлуу Бактыгүл, сен менин гүлүмсүң. Ааламда сенден өткөн сулууну кездештире албасым анык. Сулуум менин, Бактыгүл, сен ырдасаң берилип угам. Телефонумда да сеникинен башка ырлар жок. Билем, сен менден таптакыр алыстасың. Бирок сени менен кездешсем, балким, сүйүү отубуз тутанып кетер деген ойго жетеленем. Бир жолу байкемдер мени айылдагы коңшуларыбыздын кыздарына жабыштырып калышты. Аны айтса болбодум, муну айтса болбодум. Аягында Бактыгүл Бадыеваны сүйөм деп кыйкырып жибергенимди өзүм да байкабай калыптырмын. Каткырып эле күлүп калышты. Аларга кошулуп күлгөнүм менен, жүрөгүмдө айтылбай жаткан сырым ачылып калгандай кызарып отурдум... Эдилбек.


«МИРБЕК, ЫРЛАРЫҢДАГЫ СҮЙҮҮҢ
МЕН БОЛСОМ...»
– Бир күнү эжем концертке чакырып калды. Залдагы элдин көптүгүн айтпа. Бир убакта сахнага “сени сүйөм, чын жүрөгүмдөн...” деп ырдап чыктың. Ошондогу жүрөгүмдүн алып-учканын айтпа. Сездиң бекен жүрөгүмдүн сен деп согуп жатканын? Сезбесең керек. Ким билет, балким,балбылдаган көздөрүң ошончо кыздын ичинен мени карап тиктеше түшкөндүр? Ооба, мени көп эле жолу карагандай болдуң. Мирбек, ошондогу жамалыңа арбалып калдым. Ойлосом оюмдан, уктасам түшүмдөн кетпеген кандай жансың?! Кээде отуруп ырларыңдагы периң мен болуп калсам деп өзүмчө ойлоном. Асылым Мирбек, баары бир сени унута албайт окшойм. Сага Кудайым акылды, сулуулукту, талантты аянбай бериптир. Эмне демекчимин, эзели элиңдин жүрөгүңдөн кетпеген ырларды жарата бер. Сени терең урматтап, сени сүйгөн. Гүлсана.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
PePsI
2012-07-27 18:44:20
ой оооооооооооооой
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан