НУРАЙЫМ СҮЙҮҮСҮН ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАН ТАПТЫ

Гезитибиздин өткөн сандарында ырчы, скрипкачы Нурайым Азыкбаева жеке жашоосу тууралуу: «Мени да бирөө катуу сүйүшүн каалайм. Бирок ал да өз убактысы менен келсе керек. Андыктан убакытты шаштырбай эле коёлучу»,- деп маек курган эле. Нурайымдын бул тилеги ишке ашкан өңдүү. Дегенибиз, ал акыркы кезде комузчу жигит менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн байма-бай интернет баракчасына жүктөп калды. Нурайым чынында эле жүрөгүнүн ээсин тапканын ырастады.
«Жигитим да чыгармачыл адам, өлкөбүздөгү алдыңкы жаш комузчулардын бири – Назбек Кенчинбаев. Экөөбүз көп жылдан бери таанышпыз. Консерваторияда бирге окуп, дос болчубуз. Бара-бара ортобузда сезимдер пайда болду. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 1 жылдай болуп калды. Азырынча чыгармачылыкта ийгиликтерди жаратып алалы деп жатабыз. Жакында эле скрипка менен комуздун дуэтин Кыргызстанда биринчилерден болуп жаздырдык»,- дейт кубанган ырчы. Чыгармачыл эки жашка бакыт каалайбыз!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
sabyr86
2016-03-14 16:26:47
Мурунку санында эле бирөө сүйүп калышын каалайм деп,кайра 1 жыл болду сүйлөшкөнүбүзгө деп даана артист го))
+16
Pakissstanka
2016-03-14 17:14:46
Шуригинин суротторун очуруп койсо болмок одноклассникидеен.
+4
Nazikbaigazy
2016-03-15 00:41:38
Бактылуу болушсун эч ким ажырашпасын, админ Айжамал Кабыловадан интервью албай койдунар е, ушунча кыргыз эли кутуп жатабыз, окунобуз бирок жарашат деп тилеп жатам, оюн билгилечи
+4
admin_superstan
2016-03-15 10:48:00
Nazikbaigazy, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат!
+1
Udubai79
2016-03-15 13:49:00
Бактылуу болгула, кудайым силерди суук көздөн,жаман сөздөн алыс кылсын.
0
Mahabbat
2016-03-15 16:15:38
Булар ким озу? Тааныбайт экенмин. Буга окшогондордун суйуусунун элое эмне кереги, кызыгы бар
+4
roksalana
2016-03-15 21:32:27
Молочина, Нурайым! Бактылуу болгонго татыктуу. Эми точно өз түгөйүн тааптыр! Кыргызстанды онору мн элге тааныткан таланттуу кызыбызго!!! Бакыт тилеп колдогондон башка ашык создун не кереги бар!
+1
admin_superstan
2016-03-16 10:44:46
roksalana, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
Siren90
2016-03-15 22:58:08
Бактылуу болушсун, Нурзат Токтосунова деле үйлөнө элек балага тийип бактылуу жашап жатпайбы, кеп анда эмес, адам өз бактысы үчүн күрөшүш керек, азаматтар экен!
+2
Sveta23
2016-03-16 00:00:43
Малика 20га чыгалек туруп он жыл болду суйлошконубузго деп интервью бергенде тан калгам.Булардыкы баары жасалма..
+7
joomart
2016-03-16 01:01:34
бактылуу бол
0
simone
2016-03-16 18:41:21
Ар инсан оз бактысын тапсын. Амин!
0
arzygulR
2016-03-17 02:29:08
Ар бир адам бактылуу болсун.Бирок кыздын жашы тен же кичуу болгону эле жакшы
+1
gulsara2682
2016-03-17 10:39:54
Негизи элдин козуно озун бактылуу корсотуу эмес, чыныгы бактылуулукка умтулуу керек. .
+2
Kuba-savai87
2016-03-19 20:19:39
Admin супер келиндер менен тааныштырабыз дегенди таппай атам кантип окуйм
0
admin_superstan
2016-03-19 22:31:41
Kuba-savai87, саламатсызбы? Бул шилтеме менен өтүңүз http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=92779&st=0
0
sakaldy_e
2016-03-20 16:08:05
Менда сүйөт элем
0
Sajakat14
2016-08-20 23:00:48
Нурай кыз эми өзүнө тең жарга туш болду! Экөө тең ашып ташыган талаттар! Бактылуу, таалайлуу жарлардан болгула! Эки талант кошулуп элиңерге сонун концерттерди тартуулагыла, кызмат кылгыла! Кыргыз элимдин жаадырап жайнаган аракетчил, өнөрчүл жаштардан болгула! Өзүңөрдөй болгон таланттуу кыргыз кыздарын, балдарын элиңерге жаратып бергиле! Сыймыктанабыз силер менен! Акыркы экөөлөп аткарган заманбап Маш ботойду укмуш ойноптурсуңар! Эки талант кошулат деген ушулда! Скрипка менен комуз сонун эле жараш
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан