АДИЛЕТ АЗИМОВ «УРАЛ МОҢО-2016» ФЕСТИВАЛЫНА КАТЫШАТ

«Сендей мага», «Сүйүү күчү», «Кудай берсе» деген ырлардын аткаруучусу Адилет Азимов май айында Башкортостандын Уфа шаарында өтчү «Урал моңо-2016» эл аралык музыкалык сынагына катышат. Бир канча эл аралык музыкалык сынактардын лауреаты болуп келе жаткан Адилет бул сынакта жеңишти багындыруу үчүн даярдык көрүп жатканын айтат.
«Сынактан жеңиш менен кайтыш үчүн болгон аракетимди жумшайм. Учурда сынакка жаңы чыгарма жаздырып жатам»,- дейт ырчы жигит. Буга чейин аталган сынактан Курал Чокоев 1-орунду, Айбек Саралаев 2-орунду өңөрүп кайтышкан.
Кошумчалай кетсек, Айчүрөк Иманалиева бул жылы да аталган фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү болот.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
mery.89
2016-03-14 09:39:29
Акжол.
+2
2014_samat_DJ
2016-03-14 12:56:18
Кыйын экен оздору барбайбы Айчурок барса алдын ала орунду сатып алат
-5
Ryskulova
2016-03-14 16:46:57
Ийгилик сен тарапка жылмайсын, АКЖОЛ
+3
nazira1989
2016-03-14 20:46:08
Ушул баланын уну жагат да.Ийгилик коштой берсин Адилет,Аллахым колдоп олкобуздун желегин желбиретип,женишке жетишине тилектешмин...
0
Aruwka.89
2016-03-16 00:02:01
Ушу бала таластык емеспи, чынында тааныбайтекем
0
Sagidko88
2016-03-16 11:14:29
ырдаганы жагат. ийгилик
0
madin_
2016-03-17 21:06:38
ийгилик
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан