АНТАРКТИДАДА КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИ ЖЕЛБИРЕДИ

Жакында эле кыргыз студенти Талгат Субаналиев Антарктидага саякат жасап, пингвиндер материгинде кыргыз желегин желбиретти. Жердин эң четки түштүк уюлуна кандайча барып калганы тууралуу мекендешибиз кызыктуу маек куруп берди.

Антарктика – Жер шарынын Түштүк уюлу. Бул аймакка Антарктида материги жана анын тегерегиндеги аралдар кирет. Аянты 14,4 миллион чарчы чакырым. Антарктида расмий түрдө 1820-жылы 28-январда Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин жетекчилигинин астында орус экспедициясы тарабынан ачылган.

– Салам! Алгач өзүңдү тааныштыра кетсең?
– Салам. Мен – Талгат Субаналиев. Бишкектеги БААУда журналистика факультетинин 3-курсунун студентимин. Өзүм Токтогулдан болом.

– Антарктидага баруу ар кимдин колунан келе бербейт. Бул саякатка кантип барып калдың?
– Бул саякат дүйнөгө таанымал Херш Чада аттуу фотографтын сынагы аркылуу ишке ашты. Фотографтардын эл аралык сынагынын башкы байгеси – Антарктидага жолдомо эле. Жарыяны көргөндө көп деле маани берген эмесмин. Акыркы күнү гана өзүмдүн сүрөттөрүмдү жыйнап, сынакка тапшыргам. Жеңүүчүнү Херш Чада өзү аныктап, саякаттын бардык чыгымын колго алды. Алгач утканымды угуп, эч ишене албай койгом.

– Түбөлүк кыш, айсберг жана пингвиндер. Антарктиданы өз көзү менен көргөн адам үчүн ал материк кандай экен?
– Ал жак, биринчиден, алыс экен (күлүп). Бишкек – Дубай – Рио-де-Жанейро – Буэнос-Айрес маршруту менен Түштүк Американын эң алыскы жери Ушуайяга бардык. Ал жерден кеме менен толкундары 7 метрге чейин көтөрүлчү Дрейк кысыганан өтүп Антарктидага жеттик. Айсбергдер көрүнө баштаганда кайда келгениңди түшүнөт экенсиң. Айлана жымжырт. Жаратылыштын гана үнү угулат. Киттерди жана бул жактын «тургундары» пингвиндерди жакындан көрдүм. Биз келгенде бул материкте жай экен. Жайы биздин кышыбыздай. Мен калың кийимдерди көп алып алгам, бирок аба ырайы +6 градуска чейин жетип жатты.

– Саякатчылар барган жеринен сөзсүз бир нерсе ала келчү эле. Сен эмнени эстелик катары алып келдиң?
– Мен баргандан кеткенге чейин толкунданып жатып эч нерсе албай калыптырмын. Атүгүл кыргыз желегин кармап түшкөн сүрөттө желекти тескерисинен кармап алганымды да байкабаптырмын. Материкте толугу менен 10 күн болуп, кемеде жашап жаттык. Анын ичинде башка саякатчылар менен тааныштым, кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүп турду. Кемедегилердин арасынан саякатчылардын эң жашы мен болдум окшойт, бардыгы «кайдан келдиң?» деп сурап жатышты. Кыргызстан десем ого бетер таңданышып, «жаш болуп туруп кантип алыска саякатка чыктың?» дешти. Антарктидадагы станциялардын биринде сувенирлер сатылат экен, бирок өтө кымбат. Мен тарткан 175 гигабайт сүрөт эстелик болот деп айта алам.

– Фотоаппарат менен сүрөткө тартууга кандайча кызыгып калгансың?
– Бардыгы өткөн жылы туулган күнүмдө досторумдун смартфон белек кылганынан кийин башталган. Телефонго сүрөткө тартуу адатка айланып, сүрөттөрүмдү интернеттеги баракчаларыма жүктөп койчумун. Ал жактан жакшы пикирлер жазыла баштагандан тарта бул жаатта шыгым бар экендигин түшүндүм. Ошондон бери жаратылыштын кооз коюнун тартуудан ырахат алып келем.

– Бул саякат сага эмне берди? Өзүң үчүн кандай ачылыштарды жасай алдың?
– Кичинемден бери чет өлкөгө чыгуу кыялым эле. Учакка биринчи жолу отурдум, кемеге түштүм дегендей. Бир канча өлкөлөрдө болуп, ири шаарларын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Дүйнөнүн ар бурчунан дос күттүм. Мен үчүн бул саякат алмашкыс тажрыйба болду.

– Келечекте кандай максаттарың бар?
– Окуумду ийгиликтүү бүтүп, өз кесибим менен иштесем дейм. Сүрөткө тартууну хобби катары эсептейм. Түштүк уюлга барып келдим, эми Түндүк уюлга баргым келет.

"Антарктидада тарткан сүрөттөрүмдү көргөзмөдөн көрө аласыңар".

"Материк пингвиндердин өзгөчө жыты менен жыттанып турат экен".

Талгатка сынактан жеңиш алып келген сүрөттөр.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Фотограф Талгат Субаналиев Антарктидада кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип келди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
KYRGYZJERI
2016-03-14 09:18:18
Негизи эле башка олкого чыгып эл жер коруп келсен алдыга койгон максатына чон дем куч берет.
Азыркы учурда колдон келсе чет олколорду коруп келууго мункунчулуктор коп.
+5
Aza.08.03.05
2016-03-14 11:13:56
Соонунго ийгилик!
0
stimyl.kg
2016-03-14 13:23:00
Азамат дегенден башка эмне айта алабыз! Мындай мумкунчулук милиондон ичинен бирине буйруйт эмеспи. Ийгилик каалайбыз!
+5
Apyyke
2016-03-14 16:13:35
Мыкты жигит экен.
0
rumi04
2016-03-14 19:18:17
Азаматсын . Кыргызымдын сендей жигиттери кобойо берсин.
+3
Kuba-savai87
2016-03-14 19:19:41
Саякатоо менин дагы бирден бир кыялым. Азаматсын тилегин орундалып эми тундук уюлга барып кел
+1
elmurat.kg
2016-03-15 10:27:44
молодец красавчик брат...жерди кыргыздар эми айланып бутту...кийинкиси айга анан кийин марска .....алга кыргыз
+1
jyzka87
2016-03-15 14:26:14
Соонун го, азаматсын.
0
jyzka87
2016-03-15 14:28:52
Соонун го азаматсын
0
saltanat.
2016-03-15 16:18:44
Пингвиндери сонун экен.
0
Nur0701
2016-03-15 18:41:36
Азамат экенсин
+1
medetbek.isanov
2016-03-17 00:28:46
Мыкты жанылык
0
Tansuluu09
2016-03-17 17:24:08
Чындыгына суротторду соонун кылып тартат экенсин. Ийгилик сага !!!
0
kyrgyz11
2016-03-18 12:27:18
Азаматсың Талгат. Сендей жигиттер Кыргызстандын абийрин көтөрүшөт.
+1
Gulzat86
2016-03-20 18:36:58
Мынча жакшыыыыыыы
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан