ИТ ТАЛАП НАРИСТЕ КАЗА БОЛДУ

«Ит адамдын досу» дейт кыргызда. Бирок ал канчалык мээримдүү, адамга жакын болгону менен баары бир жырткычтык касиетке ээ. Чүй облусунун Кант шаарында ротвейлер породасындагы ит
1 жаш 9 айлык кызды талап салган. Алган жаракаттан улам наристе ошол жерден каза тапкан. Окуя кандайча болгон жана кайсы породадагы иттер адамга көп кол салары тууралуу баяндайбыз.

ИТ ҮЙ ЭЭСИНИКИ БОЛГОН
2016-жылдын 29-январында Чүй облусундагы Кант шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 1 жаш 9 айлык кызды ит талап, наристе каза болгон. Мындай маалыматты 1-мартта ИИМдин маалымат кызматы таратты. Кыздын апасы Екатерина турмуш шартка байланыштуу күйөөсү менен ажырашып кетип, кызы өзү менен калган. Екатерина жумушка кеткенде кызын таятасы карап калчу. Окуя болгон күнү ротвейлер породасындагы үй ээсине таандык ит короодо ойноп жаткан кичинекей кызды талап салган. Ызы-чуу, кыйкырыкты уккан адамдар жардамга келишип, кызды бошотуп алышканы менен, наристе оор жаракат алган. Тилекке каршы, чакырылган «Тез жардам» кызматынын дарыгерлери кызды сактап кала алган эмес. Анын териси жана ички органдары катуу жабыркаган. Ал эми ит жабыркаган үй-бүлөгө таандык болгондуктан, маркумдун ата-энеси окуяга жооптуу болуп калышты.
Итке таланып каза болгон Анастасиянын апасы, 29 жаштагы Екатеринаны суракка алганда ал: «Кызым эшиктин алдында эле ойноп жүрчү, ал эми итибиз байланчу эмес. Буга чейин итибиздин агрессиясын көргөн эмеспиз, аны атам 5 жылдан бери багып келген. Окуя болгон күнү кошуналар чалып, кызымды ит талап, ооруканага жеткирилгенин кабарлашты»,- деп көрсөтмө берген. Маалыматта белгилүү болгондой, окуя болгон күнү Анастасиянын таятасы мас болуп, небересин ит талап жатканда ал уктап жаткан.

«КОДЕКСТЕ ҮЙ ЖАНЫБАРЛАРЫНА ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ЖОК»
Эгер ит тиштеп алса анын кожоюну кандай жаза алышы мүмкүн деген суроо менен НАСА юридикалык компаниясынын башчысы, юрист НУРБЕК АБДАЛИЕВГЕ кайрылдык:
– Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодексинде, административдик кодексинде да айбандын ээсине карата жаза колдонуу жазылган эмес. Бул учурда эмне кылыш керек? Жабырлануучу ит тиштегенден калган жаракаттарды сүрөткө тартып, буга кошумча дарыгерлерден медициналык маалым кат алып тиркесин. Бул далилдер менен барып укук коргоо кызматкерлерине окуя боюнча арыз жазуусу шарт. Ошондой эле дарыланганга кеткен каражаттын суммасын билдирген дүмүрчөктөр да болушу керек. Орган кызматкерлери ишти өндүрүштө карап, сотко өткөрөт. Сот арыздын негизинде ишти жарандык-административдик өңүттө талкуулап, тиешелүү компенсацияны иттин ээсин төлөөгө милдеттендирет. Эгер адамга зыян алып келген ит белгилүү бир породадагы болсо, анда ветеринар процесске аралашат. Себеби мындай иттер ветеринар тарабынан каттоого алынып, иттерге мүнөздүү ооруларга каршы ийне сайдырып туруш керек. Адам өмүрү кыйылган учур болсо жабырлануучу жак жергиликтүү РИИБге арыз жазат. Бул жерде дагы жооп бере турган атайын мыйзам жок. Бирок адам өмүрү кыйылып жаткандан кийин кылмыш иши козголот да, компенсация төлөп берүү менен чектелет. Адамдын куну баасыз, бирок сөөк коюуга кеткен каражат, башка чыгымдар иттин ээси тарабынан төлөнөт.

Кинологдор иттердин адамга кол салуусуна болжолдуу 4 себеп бар дешет:
1. Итти ээси айдактаса;
2. Адам итке өзү тийишип же кожоюнуна катуу сүйлөсө;
3. Ит кайтарган короого жакындаганда, ошондой эле иттин кыжырын келтирген кыймыл кылса. Мисалы, чуркоо, катуу үн чыгаруу, жерди тепкилөө.
4. Ит кутурган болсо да адамга себепсиз кол салат. Мындан сырткары ээси жок жолбун иттер да коркунучтуу.

ЭГЕР СИЗГЕ ИТ КОЛ САЛСА:
Иттердин көбү адамдын артынан келип кол салат. Эгер ит адамдын алдынан чыкса алгач үрүп, аны качырууга аракет жасайт. Өтө агрессивдүү болсо буттан алып же капталына өтүп тиштейт. Мындай учурга кептелип калсаңыз төмөнкүдөй ыкмаларды эстей жүргөнүңүз оң.

  • Качуу – бул чоң катачылык. Эгер качса ит өзүнө ишенип адамды кубалап жөнөйт. Башта айтылгандай, иттерге арттан келип кол салуу ыңгайлуу.
  • Эгер сизге кол салган ит короочу болсо, анда анын башкы максаты короону жана кожоюнун кайтаруу болуп саналат. Андыктан абай салып короодон алыстап кетүүгө аракет кылыңыз.
  • Ит менен тиктешпөө керек. Бул учурда өзүңүзгө болгон ишенимдүүлүктү жоготосуз. Ит тиктешүүнү кармашка чакырык таштоо катары кабыл алат.
  • Агрессивдүү итке «жат» же «кет» деп катуу өкүм менен тап бериңиз. Бирок жер тээп, итти кубалоого аракет жасабаңыз. Иттин атын билсеңиз атынан айтып, «тынч», «отур», «Актөш акылдуу» деген сыяктуу жооткотууларды айтканыңыз оң.
  • Иттин кожоюну менен турсаңыз ага катуу сүйлөп же күрөшүп ойногондон абайлаңыз. Бардык эле иттердин негизги миссиясы – кожоюнун коргоо.
  • Эгер ит сизди жыгып алган учур болуп калса, тизе менен ичти тосуп, бүк түшүп кол менен бетти жана башты сактоо керек. Ийиндерди куушуруп келип, моюнду, жана башка жумшак жерлерди кымырууга жетишиңиз.

ЭГЕР ИТ ТИШТЕП АЛСА:

  • Ак самынды жылуу сууга эзип, ит тиштеген жериңизди жууңуз.
  • Тиштелген жерден аккан канды дароо басып токтотууга шашылбаңыз. Иттин шилекейи тийген кандын агып кетиши ашыкча болбойт, балким, ит коркунучтуу дарт менен ооруйт.
  • Иттин шилекейинде кутурманын вирустары гана эмес, ириңдетүүчү бактериялар да арбын кездешет. Алгачкы кадамдар үчүн өтө кычкыл суутек (перекись водорода) же йод жардамга келет.
  • Ит тууралуу кожоюнунан сурап билиңиз. Кутурмага каршы дары сайдырып турабы маалымат алыңыз. Кандай болгон күндө да сөзсүз медициналык текшерүүдөн өтүңүз.

ИТТЕРДИН ЭҢ АГРЕССИВДҮҮ 10 ПОРОДАСЫ

10-орунда – сенбернар. Ири көлөмдүү иттердин породасына кирет. Алар абдан күчтүү келишет. Райттес Бренди аттуу ит 3 тоннага жакын жүктү сүйрөй алганы менен белгилүү. Эгер булар кол салса күчүнө таянышат.
 
 
9-орун – немис догу. Дүйнөдөгү эң бойлуу ит болуп саналат. Аңчылыкка ылайыкташкан. Зевс аттуу дог бийиктиги 111,8 сантиметр болуп рекорд койгон.
 
 
8-орун – чау-чау. Карышкырлардан айырмаланып адамдарга көнүп, үйрөтүүгө ылайыкташкан алгачкы иттерден делет. Ушул себептен аларда карышкырдын каны бар деп агрессивдүү иттердин катарына кошушат.
 
7-орун – доберман. Бул породадагы иттерди милиция кызматкерлери таптап багышат. Кылмышкерлердин катыгын берген мындай иттерди жини чукул иттердин катарына талашсыз кошобуз.
 
6-орун – аляска маламуту. Алясканын чана сүйрөгөн иттери менен карышкырдын аргындашуусунан алынган иттер. Генетикалык жактан карышкырга жакын келгендиктен булар да ачуулуу келишет.
 
 
5-орун – вольфдог. Карышкыр менен итти аргындаштыргандан келип чыккан. Аңчылык иштеринде карышкырдай эле күчкө ээ. Ошол себептен андан адам өмүрү үчүн дагы коркунуч күтсө болот.
 
4-орун – сибирь хаскиси. Булардын ДНКсын иликтеген изилдөөчүлөр жапайы карышкырдан айырмаланып байыркы иттердин катарына киргизишет.
 
3-орун – немис овчаркасы. Сак кулак кайтаруучу породага кирет. Чек ара кызматкерлери, укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү багып, үйрөтүүгө ылайыктуу болгондуктан акылдуулардын катарына кошушат.
 
 
2-орун – ротвейлер. Кызмат үчүн колдонулган иттер, өтө агрессивдүү. Булар дагы немис овчаркалары сыяктуу колдонулат жана алардан салмактуу, коркунучтуу келишет.
 
 
1-орун – америка питбультерьери. Бул иттерди атайын багып, ит уруштарга тапташат. Ошол себептен ит менен эле эмес, адам менен деле «урушуп» кетиши толук мүмкүн.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Miraida2012
2016-03-14 10:17:30
Менин бир Гана итим болгон, олугун корсотпой олуптур издеп журуп таап комгонбуз.
Башка Иттерден аябай корком,тиштеп алганы учунбу же...
Итти коргондо журогум тупулдоп кетет азыр.
0
ayildik_kiz
2016-03-14 12:30:28
Менин 3 итим бар . Уйдо коп болбогондуктан бул иттер короону кайтарууда мыкты жардамчы болушат.Кошунанын кичинекей балдары бар болгон учун мен аларга биздин короого кирип албасын балдарынарды козомолдогуло деп эскертип турам.
+1
bond0202
2016-03-14 14:21:56
эгерде ит сени коздой жугуруп келе жатса олтура калуу керек ошондо каппайт
0
lady.girl7997
2016-03-14 14:53:22
иттерге деле мээрим берип карасан эч нерсе болбойт кошунабыздын балбан деген алабай пародасындагы ити бар болчу дайыма байланып турчу бошонуп кетсе бироонун куулап журуп тиштеп талап жиберет эле бир куну жолдо баратсам ошол ит чыгып ырылдап калды болчу уф ушул сен балбан акылсыз ит экенсин ошончун сени баары жаман корот экен десем унчукпай короосуна кирип кеткен
+6
meeaki
2016-03-17 15:47:42
lady.girl7997,ит менен суйлошуп жатканынды элестетип алып,аябай кулдум
+1
atiram
2016-03-15 13:39:50
Биз Кант шаарында турабыз. Кочолордо иттер аябай коп. 5 жыл мурун жолдошумдун бутун тиштесе, 2 жыл мурун балабызбын бутун 2 ит кууп барып тиштеп алыптыр. 3кун мурун эле эшиктин алдынан Бир кызды тиштеди. Эл толтура сейилдеп, балдар ойноп журушкон. Ырас шымы жыртылып, тиши отпоптур. Эл бакырып, кыйкырып таш менен чап жиберишти. Ошондо качты. Уйур, уйур болуп 4-5тен журушот. Бала эмес Чон киши коркот. Бир чара колдонушса болот эле. Эл деле суйлонуп атып тажады.
+1
kyrgyzkyzy99
2016-03-15 15:56:12
Мындай окуя менин туугандарымда да болгон.Жормолоп калган баланын башын тиштеп ал наристе ооруканага жетпей каза болгон.Жакшысы жононкой эле иттерден бакса болот да.
+1
dubai
2016-03-15 17:43:21
Хаски эн добрый иттерге кирет да,бул списокко туура келбейт.
+1
Gulya21
2016-03-15 18:29:28
Менин эн жакшы коргон итим хаски адамга эн жакшы дос боло алат Хатико деген кинону аябай жакшы коруп ыйлап кором хаскини кошпой эле койбопсунар
0
Гүлжан Асанкожоева
2016-03-16 16:16:11
Gulya21,dubai, Макаладагы хаски - Сибирь хаскиси деп турат. Алар суук жакта багылып, карда чана сүйрөөгө ылайыкташкан, күчтүү келишет. Иттердин эң байыркыларына кирет. ДНКсын изилдеген окумуштуулар сибирь хаскисин жапайы иттерден айырмаланып, адамга жакындап, үйрөтүүгө ылайыктуу болгон дешет. Демек үйдө багууга ылайыкташкан алгачкы тукум болуп саналат. Жоош ит жок, кандай гана ит тукуму болбосун аны ачуулантсаң адамга кол салуудан кайра тартпайт.
0
Asel2415
2016-03-17 15:13:33
Gulya21, Хатико хаски породасына кирбейт, анын породасы Акита ину!
0
Siren90
2016-03-16 00:03:11
Чау чау тескерисинче жоош көрүнөт экен, а вольфдог карышкырдан айырмаланбайт го
0
hochuradosti
2016-03-20 12:16:24
Рекс деген овчарка кучугум бар эле. Олугун дагы таппай койгонбуз...
0
munara.11.
2016-03-20 19:27:50
коркконунан озу кантип ит мн суйлошуп жатканында сезбей калса керек
0
bolotbek91
2016-03-21 07:36:46
итти каппайт атты теппейт деп болбойт этият болуу керек эмнеси болсода жырткыч айбан болуп саналат
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан