ОРУСИЯЛЫК АДИСТЕР КЫРГЫЗСТАНДАН ҮЛГҮ АЛУУГА КЕЛИШТИ

Кыргызстандагы эң ири алтын өндүрүүчү компаниянын ишине баам салууну каалагандардын саны арбын. Кыйынчылыктарга карабастан ишти жөнгө салып, өлкө бюджетин түзүүчү ишканага айланган «Кумтөрдүн» ийгилигинин сырын билүү максатында чет элдик алтын өндүрүүчүлөр да кенге байма-бай катташат. Алсак, жакында эле Орусиянын алдыңкы кенчилери келип кетишти. Иш сапардын жүрүшү тууралуу төмөндө сөз кылсак.

 

 

БИЙИКТИКТЕ ДЕНИ САКТАР ГАНА ЧЫДАЙТ
Мекенибиздин жаратылышынын көркүнө суктанган коноктор кенге жеткиче көз ирмешкен жок. Бирок карагайлуу капчыгайды аралап, жогору карай көтөрүлгөн сайын орусиялыктардын деми кыстыгып турду. Себеби деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте кычкылтек адаттагыдан 30-35 пайызга чейин аз. Мындан улам кан жүгүрүү жайлап, баш айланткан бул шартка адам 2-3 күн дегенде барып көнөт. Ошондуктан компаниянын дарыгерлери ден соолугу чыңдарга гана кенге барууга жолдомо беришет. Ал эми алтын чыккан жайдын босогосун аттагандарды эң оболу жеке коргоочу каражаттар (көз айнек, каска, бут кийим, жарыкка чагылышкан чыптама) менен камсыздоо жана дагы бир ирет медициналык кароодон өткөрүү ишкананын коопсуздук боюнча башкы эрежеси.

 

ЧЕТ ЭЛДИКТЕР «КУМТӨРДҮН» ЭМНЕСИНЕ КЫЗЫГЫШАТ?
Карьер ичиндеги 200 тонналык Caterpillar оор жүк ташуучу унаалары, 30 метр кубду бир эле сузган Liebherr экскаваторлору орусиялык кенчилер үчүн жаңылык деле эмес. Мунун баарын алар да өз кендеринде колдонушат. Бирок ишти жүргүзүүдө чоң айырма бар экенине токтолгон «Кумтөрдүн» мурдагы кызматкери, учурда «Полюс Голд» компаниясында иштеп жаткан Ринат Захарян: «Биз «Кумтөрдүкүндөй» жаңы түзүм курууга аракет кылуудабыз. Кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүдөн мурда кыргызстандык кен ишкананын кандай иштээрине көз салууну туура көрдүк. Анткени биз европа стандарттарына өтүүнү көздөп жатабыз»,- дейт.
Батыш өлкөлөрүнүн техникасы жана усулдары өндүрүштө жогорку сапатка ээ. Андыктан советтик системден арыла элек орусиялык алтын өндүрүүчү ишкананын адистери «Кумтөрдөн» көп нерсени үйрөнүүгө болорун жашырышкан жок. Өзгөчө климаты катаал бийик шарттагы аймакта өндүрүштүн автоматташтырылганы, коопсуздук жана экологияны коргоо боюнча көрүлгөн чаралар конокторду кызыктырды. Ар бир кадамын, ар бир кыргыз адисинин сөзүн кагазга түшүрүп жаткан коноктордун бири, «Полюс Голддун» өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башкы инженери Сергей Килин: «Мында мониторинг жүргүзүү системи, дамбанын коопсуздугу абдан жакшы жолго коюлуптур. Жер алдындагы суулар менен катар дамбанын ичиндеги температура, козголуу да дайыма көзөмөлдө экен»,- деп таңыркады.
Ал эми компаниянын башкы механиги Александр Бойко техникалардын кыймылын жөнгө салуу системине өзгөчө кызыгып турду. Айдоочулардын, механиктердин аткара турган жумуштары толугу менен электрондоштурулганы кагаздарды толтурууга кеткен убарадан арылтат. Мында эки иш жасабай, ар бир мүнөттү туура пайдаланганына суктанган Александр мырза: «Дагы бир өзгөчөлүк, ар ким өз иши менен гана алектенерин байкадым. Бизде унааны айдоочулар өзүлөрү оңдоого тийиш, же чоң оңдоо талап кылынса механиктер менен бирге жумушту аткарышат»,- дейт. «Кумтөрдө» болсо айдоочу унааны башкаруу милдетин гана аркалап, ага бошоп калган буроону да бекитүүгө жол берилбейт. Зарылбы, механикти чакыртышат.

 

«ЖЕТИ ӨЛЧӨП, БИР КЕС»
Кен аймагын кыдырып чыгып, ишкананын жүрөгү болгон алтын ылгоочу фабрикадагы иш процессине көз салып жаткан «Полюс Голддун» башкы байытуучусу Сергей Ложников: «Өндүрүш маданияты абдан жакты. Баары автоматташтырылган, жабдуулар мыкты экен. Дегеле долбоор башынан жакшы уюштурулуптур. Адатта бизде алгач фабрика курулат. Анан кем болуп калган нерселери улам кошула берет. Мында болсо баары жети өлчөнүп, бир кесилиптир»,- дейт.
«Полюс Голддун» адистери кыргыз кесиптештери менен тажрыйба алмашууну мындан ары да улантууну көздөшүүдө. Анткени кумтөрчүлөр чет элдик компаниялардан окуп келип, стажировкадан өтүп турары орусиялыктардын кызыгуусун туудурду. Жакында эле «Кумтөрдүн» кызматкери тоо-кен техникаларынын дөңгөлөктөрүн техникалык тейлөө боюнча дүйнөдөгү лидер «Кал Тайер» компаниясына жөнөтүлгөн. Бул өз кезегинде дүйнөлүк жаңы технологияларды өздөштүрүү менен Кыргызстандын башкы ишканасын алдыга сүйрөп келет.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
marik10
2016-03-14 18:54:06
биздин ишкананын жогорку денгээлинин корсоткучу!!! эми дагы популисттердин кыйкырыктарын угуп отура берелиби?
+1
sagunur2016
2016-03-17 00:47:37
Захарян,мм,армяндар кайда болбосун майлуу жерлерде го.Эмнегедир кыргызча фамилия жолукпады го,Кумтордо кыргыздар иштебейби?
-1
jaazira13
2016-03-17 22:32:45
sagunur2016, бизде мисалы Силаев, Танаев, Чудинов деген премьерлер болдуго? эмне анда калган 22 премьердин баары кыргыз болбой калдыбы? же биздин жерде жалгыз эле кыргыз жашайбы? жон жерден эле аля-патриоттук кеп создорду койберген деле туура эмес
+1
nurbek1995
2016-03-21 00:42:17
Бизден эмес Канададан
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан