ЭМНЕ ҮЧҮН БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНЕ ТАПШЫРУУ ЗАРЫЛ?

Бул макала жогорку окуу жайларына тапшыруу учурунда келип чыккан суроолорду жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого багытталган «Жогорку окуу жайын тандоо» аталышындагы макалалар жыйнагына кирет. Аталган жыйнак 2016-жылы жаңы окуу жылына абитуриенттерден алгачкы жолу тапшырыктарды (заявка) кабыл алып жаткан Борбордук Азия университети (БАУ) тарабынан даярдалган. Эскертүү: Тапшырыктар 2016-жылдын 15-апрелине чейин кабыл алынат!
Жогорку окуу жайын тандоо – сенин турмушуңдагы эң негизги чечимдердин бири болуп саналат. Окуу жайлар ар кандай болот, бирок сен чыныгы маанилүү нерсени аныктооң керек. Бул маселени изилдеп, суроолоруңа жооп алуу сөзсүз сага пайдасын тийгизет.
БАУ жеке, кесиптик жана билим алуу боюнча максаттарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу идеясын карманат. Биз Борбордук Азияда инновацияларды жаратуу жана көйгөйлөрдү чечүүгө түрткү бере турган эл аралык деңгээлдеги жогорку билимди сунуштайбыз.

 

БАУ БАШКА ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНАН ЭМНЕСИ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ?
БАУда билим берүү студенттерге жекече мамиле жасоого негизделген. Топтордогу студенттердин саны аз жана алар менен мугалимдердин санынын өз ара катнашы төмөн (9га 1), бул жагдай ар бир студентке көңүл бурууга жол ачат. БАУнун мугалимдери эл аралык квалификацияга ээ жана алар өз ишин толугу менен окутуу процессине арнашат. Мугалимдер кампуста жашагандыктан уникалдуу насаатчылык колдоо жана илимий изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Ошону менен бирге алар студенттерге академиялык жана кесиптик байланыштарды курууга көмөк көрсөтүшөт.
БАУ университетте жашап, билим алуу тажрыйбасын сунуштайт. Ар бир коопсуздук жагынан камсыздалган кампус мыкты дизайн боюнча курулган окуу корпустарын, жатаканаларды, ашканаларды, жабык жана ачык спорт имараттарын, китепканаларды, илимий жана компьютердик лабораторияларды, эс алуу жана көңүл ачуу зоналарын камтыйт. Андан тышкары кампустардын аймагында медициналык кызмат, фитнес залдар иштейт жана 100 пайыз интернетке чыгуу камсыздалган.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кампус шарттарында жашап билим алган студенттер тезирээк такшалып, жумуш табуу жагынан көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. БАУнун кампустары тоолуу аймактарда жайгашкан жана билим алуунун негизги түркүгү болгон алардын экономикалык потенциалын өркүндөтүүгө демилге берет.
БАУнун окуу программалары экономикалык жагдайларды эске алуу менен Сенека колледжи сыяктуу эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жана Канаданын Батыш университети, АКШдагы Корнель университети, Швейцариядагы Берн университети, Германиядагы Берлиндин эркин университети, Орусия илимдер академиясы жана башка жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамынын катышуусу менен иштелип чыккан.
БАУнун бүтүрүүчүлөрү Борбордук Азиянын жана чет мамлекеттердин эртеңки күндөгү лидерлери болоруна терең ишенебиз. Ал эми студенттерибиз койгон максаттарына жетүүсү үчүн стажировкадан өтүү, практикадан алынган мисалдарды талдоо, биргеликте жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр жана практикалык долбоорлор аркылуу колдоо көрсөтөбүз. Бир жылдык эмгек стажына барабар тажрыйба алгандыктан биздин бүтүрүүчүлөрүбүз эмгек рыногунда артыкчылыкка ээ болушат.
БАУ финансылык абалына карабастан эң мыкты жана жөндөмдүү абитуриенттерди кабыл алууга умтулат. Калктын аярлуу катмарынан чыккан студенттерге грант жана насыя эсебинен окуу акысынын 90 пайызга чейинки жеңилдиктер берилет.

БАУга тапшырыктарды
www.ucentralasia.org/admissions сайты жана
admissions@ucentralasia.org электрондук дареги боюнча
тапшыра аласыз.

Сурап-билүү телефондору:
+996 770 822 901 (Кыргызстан)
+992 93 999 99 64 (Тажикстан)
+7 777 822 3948 (Казакстан)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Patriot..kg
2016-03-14 14:34:54
Ошондо бул окуу жай Нарында жайгагашканбы
+3
Patriot..kg
2016-03-14 14:35:04
Рп
0
nice.love
2016-03-15 13:53:19
Мисвлы МАХМУД КАШГАРИ КУУ СЛОВЯН жана башка
0
nice.love
2016-03-15 13:53:29
Жооп кутом
0
admin_superstan
2016-03-15 15:05:58
nice.love, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат.
0
Gulya21
2016-03-15 19:09:58
Бул окуу жай каякта Бишкектеби же Нарында
0
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан