АЗИЯ – КҮРҮЧТҮН МЕКЕНИ

Күрүч – сиңимдүү, кишини ток алып жүрүүчү баалуу азык. Кыргыз ашканасында палоо, ботко, шорпо, быжы сыяктуу тамактарда жана салаттын түрлөрүн жасоодо колдонулуп келет. Мына ушул биз сөз кылып жаткан күрүч дасторконго келгичекти кандай жолдорду басып өтөрүн байкап көрөлү.

ТАРЫХЫ
Күрүч өстүрүү биздин заманга чейинки 5-миң жылдыкта Таиландда башталган. Кийинки миң жылдыкта гана күрүч эгүү Индокытайга, акырындык менен Түштүк-Батыш Азияга (Индонезия, Вьетнам, Малайзия, Бруней) тараган. Кийинчерээк күрүч Индия мамлекетине импорттолуп, андан Орто Азияга жайылган. Ал эми 15-кылымда Александр Македонскийдин Европага болгон жүрүшүнөн кийин Европа өлкөлөрүндө (алгач Италияда) өстүрүлө баштаган.
Күрүч – дүйнө жүзүндө эң көп өстү­рүлгөн дан өсүмдүгү. Жылына жер шарынын 145 миллион гектар аянтына күрүч айдалып, орточо эсеп менен 445 миллион тоннадан ашык түшүм алынат. Күрүч өстүрүү жагынан 1-орунда Кытай мамлекети турат. Анын бир жараны жылына 120 килограмм күрүч керектейт. 2-орунда Индия, 3-орунда Индонезия мамлекеттери турат. Ал эми күрүчтү эң аз колдонгон мамлекет болуп Англия эсептелет. Анын бир жаранына жылына 1,1 килограмм күрүч туура келет.

ШАЛЫ КАНТИП ӨСТҮРҮЛӨТ?
Шалы 3 түрдүү жол менен өстү­рүлөт.

  1. Сугат жолу менен күрүчтүн 90 пайызы өстүрүлөт. Айдалган ойдуң жерге атайын палдарды (күрүч өстүрүлүүчү аянт) даярдап, уруктук күрүчтү себишет же болбосо көчөттөрүн тигип чыгышат. Андан соң сууну палга коё беришет. Суу палдын бир тарабынан кирип, экинчи тарабынан чыгып турушу шарт. Отоо учурунда суу убактылуу гана тартылат. Шалы бышып-жетилгенде гана суу толук тартылып, пал таш, камыш, үлүл сыяктуу нерселерден тазаланат. Андан кийин шалыны оруп, күрүч тазалоочу аппаратка салышат. Мындай аппараты жоктор машина өтүүчү жолго төгүп же бодо менен тебелетип, кабыгынан тазалап алышат.
  2. Кайракы жерде өстүрүү. Бул жол көбүнчө жаан-чачын көп жааган райондордо колдонулат. Бирок сугат жолу менен өстүрүлгөн шалыга караганда алда канча аз түшүм берет.
  3. Саздак талааларга өстүрүү. Шалыны бул жол менен Түштүк-Батыш Азиянын кээ бир жерлеринде өстүрүшөт.

КҮРҮЧТҮН ТҮРЛӨРҮ
Дүйнө жүзүндө күрүчтүн 7000ден ашык сорту бар болсо, анын 40тан ашууну Японияда өсөт. Эл эң көп колдонгон сорту – кара күрүч. Ал белоктуу келип, күрүчтүн башка сортторуна караганда узакка сакталат. Мындан сырткары дүйнөдө арборио, басмати, жасмин деген сорттору белгилүү.
Ал эми Кыргызстандын Ош дубанынын дээрлик бардык райондорунда күрүчтүн ар кандай сорттору өстүрүлөт. Мына ошолордун ичинен эң белгилүүсү – Өзгөн күрүчү. Ал башка сорттордон данынын сырткы көрүнүшү жана көлөмүнүн чоңдугу боюнча айырмаланат.
Баткен күрүчү – даны ири, боз түстө. Улпактуу келет. Күрүчтүн бул түрү көбүнчө палоого, мастава жасаганга ылайыктуу.
Дезире – кызгылт түстөгү күрүч болгондуктан, улпагы кызыл. Мунун 100 граммында 2800-3000 даана дан болот. Бышырганда 2-2,5 эсе көбөйөт.
Буудай күрүч – ак түстөгү, даны ири, сүйрү келген күрүч. 100 граммында 3000-3100 даана дан болот. Мурун күрүчтүн бул сорту Чүй өрөөнүндө да өстүрүлгөн.
Арпа күрүч – ак түстө, катуу болот. Мол түшүм берет. Улпагы билинбейт. Мындан жасалган палоо тоюмдуу жана даамдуу болот. Аны бышырар алдында туздуу сууга 1-1,5 саатка чылап коюу керек.
Кызыл күрүч – майда, дандуу келет. Сырткы кабыгы кызыл болгондуктан, кызыл күрүч деп коюшат. Тазалагандан кийинкиси ак түстө. 100 граммында 3570-3680 даана дан болот. Бул күрүч бат бышкандыктан, ботко, шөөлө, шорпо жасоого пайдаланылат.

КҮРҮЧ БАШКА ТАРМАКТАРДА
Күрүч ашканада гана эмес, башка тармактарда да кеңири колдонулат. Мисалы, күрүч унунан клей, крахмал алынат. Мындан сырткары күрүчтүн калдыктары мал чарбачылыгында тоют катары колдонулат. Ал эми косметологияда айымдар колдонуучу упа да күрүч унунан жасала тургандыгы белгилүү.

КҮРҮЧ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР:

  • Дүйнө жүзүндө 1 миллиарддан ашык адам күрүч өстүрүү менен алектенет.
  • Кээ бир эл үйлөнүп жаткан жаштарга “көп балалуу болушсун” деген ниетте күрүч чачышат.
  • Күрүч жууган суу менен чачты жууса, түптөрү бекемделет.
  • Ич өтүүдө күрүчтү кайнатып ичүү сунушталат.
  • Япондор Жаңы жыл майрамында күрүчтөн жасалган боткого 7 түрдүү чөп кошуп жешет. Бул “жыл бою ден соолукта бололу” дегенди түшүндүрөт.

АШКАНА СЫРЛАРЫНАН

  • Ысык сууга күрүчтү чылоого болбойт. Себеби андагы белок азаят.
  • Күрүчтү жууганда сууга 1-2 аш кашык туз кошсо, күрүчтүн улпагы жакшы кетип, майдаланбайт.
  • Күрүчтү муздак сууга же сүткө салса, жакшы эзилип бышат. Ошондой эле кайнап жаткан туздуу сууга салса да дандары эзилбей бүтүн бышат.
  • Күрүчтөгү жагымсыз жытты алаканга салып жыттап билүүгө болот.
  • Кагазга ороп сактоого болбойт.
  • Күрүчтү кургак, караңгы жерде, кескин жыттуу азыктардан алыс сактоо керек.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aktylek
2012-11-23 15:36:56
пловду абдан сагындым
0
№ 380, 12-18-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан