ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

АКШ
КӨРҮНБӨС КИЙИМДЕР ЖАСАЛАТАКШнын Айова штатынын окумуштуулары көрүнбөс кийимди жасаса болорун билдиришти. Бул үчүн физиктер өтө чоюлчаак «мета-тери» материалын ойлоп табышкан. Бул материал түрдүү тарапка чоюлгандыктан электромагниттик толкундарды ар кандай кылып көргөзүп радарлардан көрүнбөй калат.
«Мета-тери» суюк металлдын бөлүкчөлөрүнөн турган полимерден турат. Суюк металл катары галлий, индий жана калайдын эритмесинен галинстан алынган. Келечекте бул материал менен «көрүнбөс кийимдер» жасалышы толук мүмкүн»,- деп билдиришет окумуштуулар.

 

КЫТАЙ
КЫЗЫН САТЫП, АКЧАСЫНА СМАРТФОН АЛГАН
Кытайдын тургуну жаңы төрөлгөн ымыркай кызын 3 жарым миң АКШ долларына сатып, ал акчага көптөн бери эңсеп келген смартфон сатып алган. Ал эми ашкан акчасына мотоцикл сатып алууга үлгүргөн. Бул тууралуу ымыркайдын апасы билген эмес.
Кытай соту 19 жаштагы атаны күнөөлүү деп таап, 3 жарым жылга эркиндигинен ажыратты. Анын аялына дагы жаза колдонулуп, ал 2 жылга шарттуу түрдө кесилди. Кызыгы, наристени өз ата-энелери бага албагандыгы эске алынып, ал сатып алган үй-бүлөдө калтырылды.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rednalf
2016-03-15 13:01:37
Кытай эмес бизде деле сатты го балдарын.
+1
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан