Ушул жылдын 11-февраль күнү Москванын "Красносельская" метросунун станциясында рельске кулап кеткен аялды куткарган мекендешибиз Марат Исаев көпчүлүктүн алкоосуна татыды. Өз өмүрүн тобокелге салган 28 жаштагы мигрант бүгүнкү күндүн каарманына айланган кез. Президент Алмазбек Атамбаевден баштап көптөгөн бийлик өкүлдөрү тарабынан сыйланган Марат Исаевди 10-мартта Орусиянын ажосу Владимир Путин да кабыл алып, аны "Өлүмдөн куткарып калгандыгы үчүн" медалы менен сыйлады.
– Саламатсыңбы, Марат? «Качандыр бир убакта журналисттерге интервью берип, белгилүү адам болом» деп кыялданчу белең?
– Саламатчылык! Бала кезде миң түрлүү кыялдар болот эмеспи. Белгилүү адам болом деп деле ойлогон эмесмин. Жашоодо атымды чыгарып, эл көзүндө болууга умтулбайм. Бейтааныш аялды куткарып калганымды эрдик же баатырдык деп эсептебейм. Бул адамдык милдет деп билем. Бир заматта эле белгилүү болуп кеткенге көнө албай жатам. Бир гана Кыргызстанга эмес, Орусияга таанылганыма кубанычтамын.
– Орус телеканалдары сени байма-бай көрсөтүп жатты. Кыргызстанга келгенден кийин дагы бир программага тартылуу үчүн Москвага кайра барып келипсиң...
– Кыргызстанга келгениме эки күн өтпөй «Звезда» телеканалынын «Поступок» аттуу берүүсүнө катышып берүү үчүн чакыруу алдым. Компания жол акысын төлөп беребиз дешкенинен бир күндө барып тартылып келдим.
– Дарегиңе жылуу пикирлер айтылып, ата-энең да уулу менен сыймыктанып жатса керек?
– Мен тааныган, тааныбаган кишилердин чын дилинен айткан каалоо-тилектери, аталардын-апалардын баталары, албетте, жүрөктү жылытат. Социалдык тармактардан келген каттардын аягы суюла элек. Бул окуяга чейин Фейсбукта 100 досум болсо, бир айга жетпей 1500дөн ашып кетти.
– Кыргызда эл назарына түшкөндө кан чыгарып, түлөө өткөрүп, бата алчу эле...
– Ооба, биз дагы ал жөрөлгөнү аткардык. Үйдөгүлөр көпчүлүктүн көңүлүнө түштүң дешип, 150 адамды чакырып түлөө өткөрдүк, бата алдык.
– Жубайың Орусиядан депортация болуп келип, бул маселени элчилик көзөмөлгө алган экен. Чечип бердиби?
– Ал үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине арыз жөнөтүш керек дешти. Бирок биз арыз жибере элекпиз. Учуру келсе бул көйгөйдү бүтүрүп алууга аракет кылабыз.
– «Тамашоу» долбоорунда калыс болдуң. Сен тууралуу даярдалган видеону көрсөткөндө жубайың жашып кетти...
– Видеону көрүп залдагы элдин баары туруп кол чапкан учурдагы толкундоону, кубанычты сөз менен жеткире албайм.
– Алдыда кандай пландарың бар?
– 9-мартта Москвага келдим. Азырынча мурунку эле жумушумда иштеп жатам. Өзгөчө деле пландарым жок.
– Жакындарың «Кыргызстанда эле иштей бер» дешсе керек?
– Туугандарым Кыргызстанда эле иштей бер дешкен, бирок азырынча Орусияда иштөөнү туура көрдүм. Ал жакта фирмалардын биринде курьер болуп иштейм. Сааты чыкса Кыргызстанга барып жумушумду баштайм деген ниетим бар.
– Марат Исаев кандай үй-бүлөдө өскөн?
– Карапайым үй-бүлөдө эле чоңойгом. Ата-энем мугалим. Беш бир туугандын улуусумун. Жубайым, 4 жаштагы кызым бар.
– Максаттарың орундалып, иштериңди ийгилик ыроолосун!
АЙТТЫ ДА КОЙДУ
МУРАТ ЖАЛИЕВ:
«МЕН "ТАМАШОУ" ДОЛБООРУНА КАЛЫС БОЛУШ ҮЧҮН 6 ЖЫЛ ОШ-БИШКЕККЕ КАТТАДЫМ. СЕН ПОЕЗДДИН АЛДЫНА ШАП ЖАТЫП, ШАП ТУРА КАЛЫП КАЛЫС БОЛУП КАЛДЫҢ».
4-мартта "Тамашоунун" "Ак калпак" кубогу үчүн болгон таймашта Мураттын аткарган тамашасынан алынды.
Султан Төрөбеков
koom@super.kg