ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (14-марттан 20-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул жумада кой жылдызынын алдында туулгандар кандайдыр бир маанилүү маселени чече алышпай кыйналышы мүмкүн. Мындайга туш келсеңиз үйдө же жаратылыш коюнунда жалгыз отуруп, маселени үтүр-чекитине чейин иликтеп, жиптин түйүнүн чечкенге аракет кылыңыз. Өзүңүздү ого бетер чүнчүтүп жибербей жалаң жакшы ойлордун кучагында болуп, талаш-тартыштан качып, эски таарынычтарды унутуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта сиз үчүн терс энергиядан арылуунун, жеңилденүүнүн, жаңылануунун мезгили. Байкап көрүңүз, эгер үйдө кереги жок буюм, кийим-кечек көбөйүп кетсе ичиңизди ачыштырбай ыргыта бериңиз. Анткени апта соңу сизге жаңылануу алып келет. Айрымдарын өзүңүз сатып алсаңыз, айрымдарын белекке аласыз. Өзүңүзгө кам көрүүнү да унутпаңыз, ашыкча салмактан кутулууну көздөңүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Азырынча орчундуу маселени көтөрүп чыгуу эртерээк. Андыктан акча пайда алып келет деген ишенимге таянбай туруңуз. Ички туюмду, чыгармачылык жөндөмдү өстүрүп, ошол жаатта алектениңиз. Анын арты жаман болбойт, ийгилик алып келерине чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Досторуңузду капа кылып алуудан качыңыз, анткени көңүл калуулардан улам ортоңор таптакыр сууйт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Колуңуздан келбеген ишти аткарам деп досторуңузга, жакындарыңызга сөз берүүдөн качыңыз. Жардам бере албай калып жөн жерден сөзгө каласыз. Аптада ден соолугуңузга кам көрүүнү колго алыңыз. Баш, көз оорулар козголуп, маанайыңыз бузулушу мүмкүн. Апта соңунда жагымдуу жаңылык угуп сүйүнөсүз да, анын артынан жакшы иш баштайсыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жолго чыгуу үчүн камылга көрөсүз. Бирок азырынча жолго чыгууну пландабай турганыңыз жакшы, анткени ал сапар бышып-жетиле элек болушу ыктымал. Көңүлүңүз жактырган адам менен мамилени бекемдөөнү колго алыңыз. Анын кулк-мүнөзүн иликтеп, өзүңүзгө туура келеби-келбейби аныктап чечиңиз. Окуйм дегендер үчүн жакшы убак.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бийкечтер карьерада бир тепкичке көтөрүлүшү ыктымал. Бул жагымдуу кабардын артынан да ийгиликтер келиши күтүлөт. Чоң өлчөмдөгү каражатты коротуудан азырынча кача туруңуз. Анткени жөн гана чыгым болуп каласыз. Сүйүү жаатында романтик болуңуз. Сүйүктүүңүзгө көңүл бурбай калганыңызды, мындан анын көңүлү ооруп жүргөнүн байкайсыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)|
Сизде жаңы тааныштар пайда болот. Алар менен катышып эски тааныштарды унутта калтырбаңыз. Ортодо таарынычтар жаралышы мүмкүн. Жумуш орунуңузду которуу күтүлөт. Кандай кырдаал болбосун өзүңүздү токтоо кармап, маанайыңызды өзгөртпөңүз. Анткени чукул өзгөрүү ден соолугуңузга таасир этип, дарыгерлерге кайрылышыңыз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйнө таанымыңызды кеңейтүүчү мезгил келгенин сезесиз. Ошондон улам кайсы бир курска жазылууну пландайсыз. Бул аракетиңиздин арты жаман болбойт. Апта аягында жаныңызда ар дайым сизди колдогон, капа болсоңуз көңүл айткан, сүйүнсөңүз кошо сүйүнгөн адамдардын бардыгына дагы бир жолу ыраазы болчу окуяга туш болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Көптөн бери аягына чыкпай жүргөн иштериңизди бүтүрүп эс аласыз. Көпчүлүк жаачыларда жаңы таанышуулар болуп, сезимдер күчөйт. Бул мамилени андан ары улантуу бойдокторду үй-бүлөлүү болууга алып келсе, түгөйү барлар жакшы достордон болуп калышат. Апта соңунда көңүл калуу, таарынуу жагдайы түзүлүшү мүмкүн, андыктан айланаңыздагылар менен абайлап мамиле куруңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн кыска ойлонбоңуз. Жылдыздар жети өлчөп, бир кесүүнү сунуштайт. Жумуш боюнча да, жеке жашоодо да ашыкча ойлордон, керексиз буюм-тайымдардан арылыңыз. Чач жасалгаңызды алмаштырып, гардеробду баштан-аяк жаңыртып, үйдү оңдоп-түзөө менен алектениңиз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сизге финансы жаатында чоң эшик ачылат. Жаңы таанышуулардын аягы биргелешип жаңы иш баштоо менен уланат. Майда-чүйдөгө көңүл бура берсеңиз нервиңиз чыңалат, андан көрө азыр болбосо кийин баары чечилет деп оптимисттик көз карашты карманыңыз. Бош убакта эмне менен алектенүүнү жактырсаңыз ошону өркүндөтүңүз. Андан акча табуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Балык жылдызынын астында төрөлгөндөр үчүн ийгилик кушу жылмайчу күндөр. Капчыктуу болуп, анын аркасында көп иштерди баштап да, мурунку башталган иштериңизди бүтүрө да аласыз. Турмуштук маселелерден улам жакындарыңыз менен уруша кетишиңиз ыктымал. Бош убактыңызда башкалардан обочолонуп убакыт өткөрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 697, 11-март-17-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан