7 айлык Наристе Уланова ажал менен кармашып, жашоо үчүн күрөшүп жаткан учуру. Ымыркайдын ата-энеси эмне кылар айласын таппай, какпаган эшиги калбай чуркап жүргөн маалы. Четте калбай редакция дагы үй-бүлөнүн абалын жарыялоого көмөк көрсөтүүнү чечти. «Көп түкүрсө көл болот» дегендей, керектүү каражат чогулат деп ишенип, Наристенин ата-энесинин жалгыз үмүтү элде.
НАРИСТЕНИН АТАСЫ УЛАН МУРАТОВ:
– Кызым Бишкек шаарындагы №4-перинаталдык төрөт үйүндө 2015-жылы августта төрөлгөн. 2 ай өткөндөн кийин каттоодо турган бейтапканага таразага тарттырганы алып барсак, врач «денеси саргарып баратыптыр, дене табы да жогору» деп ооруканага багыттама берди. №3-балдар ооруканасына алып барсак, «кыз сарык менен жабыркайт» деп дарылап башташты. Ошол жактан кызымдын өтү жок төрөлгөнүн уктук, ага чейин билген эмеспиз. Төрөт үйүнөн кызымдын мындай кемтиги бар экенин айтышкан эмес. 15 күндөй дарыланып, доктурлардан «үмүт жок» дегенди угуп үйгө чыгып келдик.
Бирок кантип үмүт үзөсүң? Баланы ороп-чулгап, Эне жана баланы коргоо борборуна алып бардык. Ал жактан доктурлар өткө кетчү зыяндуу заттар боорго келип куюлуп жаткан каналдарды таап, он эки эли ичегиге улап операция жасашты. Абалы жакшырып, денесиндеги сарысы тарап калган. Андан 20 күн өтүп калганда кайра абалы начарлай баштады. Ал борбордогу доктурлар да «боорду алмаштыруудан башка айла жок» деп чыгарышты.
Мындан соң чет өлкөдөн оорукана издеп баштадык, акыры кызыма Индияда операция жасаса болорун билдик. Доктурлар «3 айдын ичинде боорду алмаштырып жетишип калыш керек» дешкен. Андан бери 2 ай өтүп кетти. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Элдер ар кайсы жерден учук кеп угуп, өздөрү эле акча чогултуп жардам берип жатышат. Көбү карапайым адамдар экенин баса белгилээр элем. Жарым акчасы чогулуп калды. Жалпы 40 миң доллар керектелет. Өзүм 29 жаштамын, Наристеден башка 6 жана 3 жаштагы уул, кызым бар. Келинчегим экөөбүз Наристебизден айрылгыбыз келбейт. Кайрымдуу адамдардан жалбарып жардам сурайм.
Наристеге акча которуу үчүн реквизиттер:
Алуучу: Муратов Улан Жайлообаевич
Алуучунун банкы: «Оптима Банкынын» «Виза» кредиттик картасына которуу:
№ 4169605198809696
«Элсом» мобилдик капчыктын номери: 0770202486
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg