«ЖЕӉЕМ МЕНЕН АГАМ АЖЫРАША АЛБАЙ ЖАТЫШАТ. КАНДАЙ ЖОЛДОРУ БАР?»

Көпчүлүк жарандар түрдүү себептерден жапа тартып, адистин кеӊешине абадай муктаж болушат. Бул ирет окурмандардын укуктук мыйзам, талаптар боюнча суроолоруна орун бердик. Суроолорго "Фемида" юридикалык компаниясынын жетекчиси Азиз Токтосунов жооп берет.

– Жеӊем менен агамдын эки баласы бар. Агам Орусияга иштегени кеткен. Жеӊем жашабайм деп балдарды алып кетип калды. Эми агам келем десе, жеӊем кайра жашайм деп жатат. Агамдын көӊүлү жок. Ажырашуу тууралуу агам арыз жазган, жеӊем кол коюп бербейм дейт. Канткен күндө агам мыйзам чегинде ажыраша алат. Жеӊем каршы болгон күндө агам ажыраша алабы? Ажырашкандан кийин балдарды агам алса болобу?

Назгүл, Бишкек

-Сиздин агаӊыз Үй-бүлө кодексинин «Жубайлардын биринин макулдугусуз соттук негизде никени ажыратуу» беренесине ылайык сотко кайрыла алат. Соттук негизде никени ажыратуу эгер жубайлардын бирге жашоосу жана үй-бүлөнү сактап калуу мүмкүн болбой калганда ишке ашырылат. Ишти кароодо сот жубайлардын бири макул болбосо, жубайларды жараштыруу ыкмаларын караганга укуктуу жана алардын жарашуусуна 3 ай берип ишти жылдырып коё алат. Эгер майнап чыкпай, ажырашуу күчүндө калса, нике ажыратылат.
Жашы жете элек баланы кимде калтырарын сот аркылуу баланын кызыкчылыгына карап ата-энелер чечиши керек.

 

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 638, 23-январь-29-январь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан